Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Музыкалык жанрлар, багыттар, стилдер

Баш барак | Музыка | Музыкалык жанрлар, багыттар, стилдер

Музыкалык багыттын төрт түрү бар: элдик, рухий (диний), академиялык жана популярдуу (белгилүү) музыка. Ар бир багытка бир нече музыкалык жанрлар таандык, жана ар бир жанрда көптөгөн жанрчалар бар.

Мазмуну

Элдик музыка

Элдик музыка, музыкалык фольклор — элдин музыка-поэзиялык чыгармачылыгы, элдик чыгармачылыктын (фольклордун) ажырагыс бөлүгү, мындай музыка шартка ылайык оозеки түрдө жашап, муундан-муунга өтүп келет. Салттуу элдик музыка негизинен карапайым калк (айыл жашоочулары) тарабынан жаралып, узак мөөнөт бою салыштырмалуу өз алдынчалыгын сактап келет, жана жалпысынан алганда жашыраак келген жазуу салттарына таандык профессионалдуу музыкага карама-каршы турат. Элдик музыка бардык коомдук-тарыхый формацияларга (оозекиге да, жазууга да) белгилүү болгондуктан, муну элдик чыгармачылыктын компоненти гана эмес, кененирээк мааниде, музыкалык искусствонун бир бутагы катары кароо керек. Бул академиялык жана популярдуу музыкага карама-каршы коюлуучу негизги бутактардын бири.

Австралия жана Океания
  • Австралия элдик музыкасы
  • Жаңы Зеландиянын элдик музыка
Африка
  • Кайсо
  • Калипсо (музыка)
  • Ангола элдик музыкасы
    • Сунгура
  • Алжир элдик музыкасы
    • Раи (музыка)
  • Эфиопия элдик музыкасы
  • Нигерия элдик музыкасы
  • Кения элдик музыкасы
  • Мадагаскар элдик музыкасы
Борбордук Азия
Чыгыш жана Түштүк Азия
  • Монгол элдик музыкасы
  • Тува элдик музыкасы
  • Алтай эл музыкасы
  • Бурят элдик музыкасы
  • Кытай эл музыкасы
  • Бутан эл музыкасы
    • Жунгдра
    • Боедра
  • Тибет элдик музыкасы
  • Корей эл музыкасы
  • Вьетнам эл музыкасы
  • Индия элдик музыкасы
  • Индонезия элдик музыкасы
  • Япон элдик музыкасы
  • Филиппин элдик музыкасы
Жакынкы Чыгыш
  • Түрк эл музыкасы
  • Иран элдик музыкасы
  • Ирак элдик музыкасы
    • Макам
  • Ооган эл музыкасы
  • Пакистан элдик музыкасы
  • Сирия эл музыкасы
  • Израиль элдик музыкасы
  • Араб эл музыкасы
    • Египет элдик музыкасы
    • Алжир элдик музыкасы
    • Ливия эл музыка
Кавказ жана Закавказье
  • Абхаз элдик музыкасы
  • Аджар элдик музыкасы
  • Азербайжан элдик музыкасы
  • Армян элдик музыкасы
  • Грузин элдик музыкасы
  • Ингуш элдик музыкасы
  • Карачай эл музыкасы
  • Осетин элдик музыкасы
  • Чечен эл музыкасы
Чыгыш Европа
  • Орус эл музыкасы
  • Мари элдик музыкасы
  • Украин эл музыкасы
  • Беларусь элдик музыкасы
  • Молдова элдик музыкасы
  • Словакия элдик музыкасы
    • Травницада
  • Еврей элдик музыкасы (Клезмер)
  • Черногория эл музыкасы
  • Венгер элдик музыкасы
  • Румын элинин музыкасы
    • Манелде
  • Болгар элдик музыкасы
  • Грек элдик музыкасы
  • Крымтатар эл музыкасы
  • Татар эл музыкасы
  • Серб элдик музыкасы
  • Албан элдик музыкасы
  • Польша элдик музыкасы
  • Чехия элдик музыкасы
  • Калмак эл музыкасы
Батыш Европа
  • Келт элдик музыкасы
  • Финляндия эл музыкасы
  • Швед элдик музыкасы
  • Норвегия эл музыкасы
  • Дания элдик музыкасы
  • Австрия элдик музыкасы
  • Герман эл музыкасы
  • Швейцария элдик музыкасы
  • Франция эл музыкасы
  • Ирландия эл музыка
  • Англис элдик музыкасы
    • Шанти деңиз ырлары
  • Шотландия элдик музыка
  • Мэн аралынын элдик музыкасы
  • Корнуол элдик музыкасы
  • Бретон элдик музыкасы
  • Уэльск элдик музыкасы
  • Испан элдик музыкасы
    • Болеро
    • Фламенко
  • Португалия элдик музыкасы
    • Фаду
  • Италия элдик музыкасы
  • Сефард музыкасы
Латын Америкасы
  • Бразилия элдик музыкасы
  • Колумбия эл музыкасы
  • Венесуэла элдик музыкасы
  • Перу элдик музыкасы
  • Боливия элдик музыкасы
  • Парагвай элдик музыкасы
  • Чили элдик музыкасы
  • Аргентина элдик музыкасы
Түндүк жана Түштүк Америка
  • Канада эл музыкасы
  • Индей элдик музыкасы (Индия менен алмаштырбайлы)
  • Мексика элдик музыкасы
    • Мариачи
  • Куба элдик музыкасы
  • Ямайка элдик музыкасы
    • Менто
  • Панама элдик музыкасы
  • Америкалык элдик музыка
    • Сквэр-дэнс

Руханий музыка

Руханий же рухий музыка — диний кызмат аткарууда же тиричиликте аткарылууга багышталган, диний мүнөздөгү тексттер менен байланышкан музыкалык чыгармалар. Рухий музыка тар мааниде диний музыканы түшүндүрөт, кеңири мааниде музыка Кудайга сыйынуу менен чектелбейт. Рухий музыка жазууларынын тексттери канондук (мисалы, католикалык месса) же ыйык китептердин негизинде же алардын таасири алдында эркин жазылган болушу мүмкүн.

Академиялык музыка

Академиялык музыка европалык чиркөө ырдоосунан өнүккөн. Христиан чиркөөсү өзүнүн этика жана философиясы менен, антика мезгилинин ырларындагы жана бийлериндеги бардык эмоцияларды четке каккан. Чиркөөлүк ырдоо өзүндө гана болуп, бий, сахналык көрсөтүү менен байланышы жок, а бул музыканын элдик маданиятында комплекстик абалга карама-каршы келет. «Музыкалык автономдуулук» — академиялык музыканын эң маанилүү сапаты. Ошондой болгону менен христиан жана мусулман ырлары кыйла айырмаланып турат.

Академиялык музыканын дагы бир өзгөчөлүгү анын ноталар менен жазылышында.

XVII кылымдын аягынан тарта Европада музыкалык чыгармаларды аткаруу үчүн биринчи концерттик залдар курула баштайт. Кайра жаралуу доорунун аякташы менен музыка дүйнөсүндө фундаменталдуу өзгөрүүлөр болгон. Эгер Орто кылымдарда христиан чиркөөсү кумардуулукка толгон бутпарас (орусча язычник) музыкасынан баш тартып, ырдоону толук Кудайга кызмат кылууга койгону менен, Жаңы мезгилде музыкага түрдүү адам эмоцияларынын баштан өткөргөн сезимдери кайтып келген.

  • Орто кылымдар
    • Григориандык ырдоо
    • Ars antiqua
    • Эрте полифония
    • Нотр-Дам мектеби
    • Трубадурлар музыкасы
    • Труверлер музыкасы
    • Миннезингерлер музыкасы
    • Майстерзингерлер музыкасы
  • Кайра жаралуу
    • Ars nova
    • Мотет
  • Барокко
    • Эрте барокко
    • Кеч барокко
  • Классицизм
    • Эрте классицизм
    • Кеч классицизм
  • Романтизм
    • Эрте романтизм
    • Неоготика
    • Кеч романтизм
  • Салондук музыка
  • Модернизм
    • Импрессионизм
    • Экспрессионизм
    • Футуризм
    • Сериялык музыка
    • Постсериялык музыка
      • Интуитивдик музыка
      • Миминалдуу музыка
    • Меблирленүүчү музыка
      • Минимализм
        • Постминимализм
  • Постмодернизм
  • Неоклассицизм
  • Оркестрдик музыка
    • Марш
      • Үйлөнүү-үлпөт маршы
      • Аза маршы
    • Симфониялык музыка
    • Үйлөмө аспаптар музыкасы
  • Камералык музыка
  • Вокалдык, хордук
    • Опера
    • Оперетта
    • Кантата
    • Оратория
    • Хорал
    • Месса

Популярдуу музыка

Популярдуу музыка (англисче popular music) — кеңири эл катмарына багытталган түрдүү музыкалык жанрлардын чыгармалары.

Фолк-музыка

Фолк-музыка — XX кылымдын жарымында фолк-ривайвлдар (фолк-кайра жаралуу) феноменинин натыйжасында, элдик музыканын негизинде өнүккөн популярдуу музыка, мында элдик музыка массалык аудитория арасында жайыла баштаган. Буга байланыштуу аны кээде «фолк-ривайвл музыкасы» деп аташат. Жанрдын эң активдүү өнүгүүсү АКШда жана Улуу Британияда болгон. Фолк-музыка өзүнө түрдүү жанрчаларды дагы камтыйт, анын ичинде, фолк-рок жана электрик-фолк.

Кантри

Британ аралдарынын иммигранттарынын салттуу музыкасынан өнүккөн америкалык популярдуу музыканын түрү. Алгач, бул кельт жана англис бий обондору менен XIX кылымдын ырлары саналган блюз, госпел жана америкалык руханий музыкасы аралашкан, кызыккандардын айылдык жанры болгон.

Жанрчалары:

Латинамерикакалык музыка

Латинамерикалык музыка (испанча musica latinoamericana) — Латин Америка өлкөлөрүнүн музыкалык стилдер жана жанрларынын жалпыланган аталышы, ошодой эле чоң латинамерикалык жамааттарды калыптандырган жана башка өлкөлөрдүн аймагында чакан болуп жашагандардын музыкасы (мисалы АКШда). Латинамерикалык музыка көптөгөн музыкалык маданияттардан турган куйма болуп, бирок мунун негизин үч компонент түзөт: испан (же португалия), африка жана индейлердин музыкалык маданияттары. Шартка ылайык латиноамерикалык ырлар испан жа португалия тидеринде аткарылат, сейрек — француз тилинде. Оозеки кепте көбүнчө «латин музыкасы», «латина» (испанча musica latina) аттуу кыскартылган аталышы колдонулат.

Блюз

Блюз (англисче blues, blue devils сөзүнөн) — XIX кылымдын аягында, АКШнын түштүк-чыгышындагы «Пахта алкагынын» плантацияларынан чыккан афроамерикалык жамаатта жаралган музыкалык форма жана музыкалык жанр. Афроамерикачылардын (рэгтайм, эрте джаз, рэп ж. б. менен катар) дүйнөлүк музыкалык маданиятка кош чоң салымы катары саналат, мындай ырлар «жумушчу ыр», холер (талаадагы жумушту коштоочу ритмикалык кыйкырыктар), арфикалык диний культтардын ырым-жырым учурундагы кыйрыктар (англисче ринг-шаут), спиричуэлс (өзгөчө мүнөздөгү христиан ырдоолору), шант жана балладалар (кыска ыр-саптуу баяндар) сыяктуу көрүнүштөрдөн калыптанган. Блюз заманбап популярдуу музыкага көп таасирин тийгизген, өзгөчө «поп», «джаз», «рок-н-ролл», «соул» сыяктуу жанрларда.

Ритм-н-блюз

Ритм-н-блюз же ритм-энд-блюз, кыскача ар-н-б (англисче Rhythm & Blues, кыскача R&B) — блюз элементтерин камтыган афроамерикалыктардын популярдуу музыка стили. Алгач, 1930—1940-жылдардагы блюздук жана джаздык багыттарда негизделген массалык музыканын жалпыланган аталышы катары саналган. 1940-жылдардын аягында ритм-н-блюз сөз айкашы заманбап, бий ритминин элементтерин камтыган, АКШдагы афроамерикалык аткаруучулардын музыкадагы популярдуу багыттарын белгилөө үчүн официалдуу маркетинг термини болуп калган.

Джаз

Джаз (англисче jazz) — африкалык жана европалык маданияттардын синтезинин натыйжасында XIX кылымдын аягында — XX кылымдын башында пайда болгон музыкалык искусствонун формасы. Джаздын музыкалык тилине алгач синкопаланган ритмде негизделген импровизация, полиритмия, ошондой эле ритмикалык фактураны аткаруу ыкмаларынын уникалдуу комплекси мүнөздүү болгон. Джаздын андан аркы өнүгүүсү джаз музыкантчыларынын жана композиторлорунун жаңы ритмдик жана гармоникалык моделдерди үйрөнүүсүнүн эсебинен жүргөн.

Этно-джаз:

Электрондук музыка

Электрондук музыка (немисче Elektronishe Musik, англисче Electronic music) — электрондук музыкалык аспаптарды жана технологияларды (көбүнчө атайын компьютердик программаларды) колдонуу менен жасалган музыканы түшүндүрүүчү музыкалык жанр. Биринчи электрондук аспаптар XX кылымдын башында пайда болгону менен, электрондук музыка өз алдынча жанр катары XX кылымдын экинчи жарымында калыптанган — XXI кылымдын башында, жана бүгүнкү күндө (2023) өзүнүн кеңири жанрдык-стилдик спектрине ондогон түрлөрдү камтыйт, эксперименталдык академиялык музыкадан тарта популярдуу электрондук бий музыкасына чейин. Электрондук музыка электрондук технологияларды жана электр механикалык музыкалык аспаптарды колдонууда жаралган үндөр менен иш алып барат. Электр механикалык музыкалык аспаптардын мисалы катары телармониум, Хаммон органы жана электр гитараны айтууга болот. Таза электрондук үндү терменвокс, синтезатор жана компьютер өңдүү аспаптардын жардамы аркылуу алат.

Рок

Рок же рок-музыка (англисче rock music) — бир катар популярдуу музыка багыттарынын жалпы аталышы. Rock сөзү (англисчеден которгондо «термелтүү», «термелүү») белгилүү бир кыймыл формага байланыштуу (roll, twist, swing, shake сыяктуу аналогия боюнча), рок багытына мүнөздүү ритмдик сезимдерди билдирет.

Рок-музыка эң көп багыттарга ээ (180 айланасында): жетишээрлик түрдө жеңилдеринен (бий рок-н-роллу, поп-рок, мерсибит), агрессивдүүсүнө чейин (хэви-метал, глэм-метал, трэш-метал, блэк-метал, бруталдуу дэт-метал жана грайнкор).

Хип-хоп

Хип-хоп 1973-жылы ямайкалык диджей Кул Херктин аркасынан жаралган, ал Бронкстогу Сэндгвик Авеню 1520 дарегинде ошол кездеги белгилүү музыкаларды коюп, аларды микшерлеп жатып музыкадагы белгилүү багыттардын бирин түзгөн. 1980-жылдардын башында баңги сатуучулар, андан кийин лейблдар кедей аймактардагы жаңы таланттарга кызыгып, киреше алуу максатында хип-хопко көңүлдөрүн бурушкан.

Хип-хоптун кээ бир багыттары (жанрчалары):

Регги

Регги (рэгги, реггей; англисче reggae) — 1960-жылдардын аягында Ямайкада калыптанган жана 1970-жылдардын башында кеңири жайылууга ээ болгон музыка багыты. Реггинин башкы өзгөчөлүгү ритмдик элементтердин башкаруучу ролунда, көбүнчө ритмдүү жана мелодиялык дегендин негизин түзгөн бас-гитаранын (калган аспаптардын партиясы баспартиясынын айланасында куралат). Ошондой эле, регги кийинкидей белгиленет: мелүүн (тез дагы болушу мүмкүн, бирок агрессивдүү эмес) темптеги, өлчөмү — 4/4, аккомпанементтеги акценттер 2чи жана 4-үлүштө, брейктер жогорку томдо же тимбалаларда.

Фанк

Фанк (англисче funk «бийлөө») — бий же бийлөөчү музыканын жанры, бул анын музыкалык өзгөчөлүктөрүн аныктайт: бардык аспаптар партиясынын чегине жеткен синкопалуулугу (синкопаланган бас — «фанктоочу» аталат), пульсациялоочу ритми, кыйкыруучу вокал, кыска обондуу фразалардын бир нече жолу кайталанышы.

Жаңы кылымдагы фанктын жолун жолдоочу катары фанктроника (funktronica) стили болуп калган, башкача айтканда синт-фанктын заманбап өнүгүүсү.

Жаңы толкун

Жаңы толкун же нью-вейв (англисче New wave) — музыкалык багыт; бул термин менен 1970-жылдардын аягында — 1980-жылдардын башында пайда болгон стилдик, идеялык жактан роктун мурдагы жанрларынан озуп өткөн рок-музыканын ар кандай жанрларын белгилешет. Жаңы толкундун жалпы мүнөздөмөлөрү өзүнө синтезаторлорду колдонууну, стилдин жана искусствонун маанилүүлүгүн, ошондой эле кеңири ар түрдүүлүктү камтыйт. Жаңы толкун музыкасы 1970-жылдардын аягынан жана 1980-жылдардын жарымына чейинки мезгилдеги поп- жана рок-музыканын биржаксыз бөлүмү катары саналат.

Соул

Соул (англисче soul — «жан») — 1950-жылдары АКШнын түштүк штаттарында ритм жана блюз негизинде пайда болгон, афро-америкалык тектүү популярдуу музыка жанры. Өзүнө мүнөздүү болгон эмоционалдык-сезилген, экстатикалык, кээде экзальтацияланган, «жан-дүйнөлүк» вокалдык манераны, соул музыка, госпел жана спиричуэлс жан-дүйнөлүк ырдоо салтынан, ошондой эле джаз вокалдык импровизациясынан алган.

Диско

Диско (англисче disco, сөзмө-сөз — «дискотека») — 1970-жылдары пайда болго XX кылымдын бий музыкасынын негизги жанрларынын бири.

Жанрдын аталышы «диск» сөзүнөн чыккан, же французча discotheque (дискотека) сөзүнүн кыскартылышы катары, ал сөз болсо, башында «дисктерди сактоочу жай» дегенди түшүндүрүп, андан кийин грампластина музыка ойнотуучу жайы болуп, ал жакта угуучулар чогулуп, бийлеп турушкан.

Поп-музыка

Поп-музыка төмөнкүдөй жанрларды камтыйт:

Жайгаштыруу: 2023-07-31, Көрүүлөр: 732, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-07-31, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу