Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Концерт (чыгарма)

Баш барак | Музыка | Концерт (чыгарма)

Концерт (немисче konzert италиянын concerto сөзүнөн — гармония, ырашкерлик, латынча concertare — таймашуу) — көбүнчө оркестрда бир же бир нече соло ойноочу аспаптар үчүн музыкалык чыгарма. Ошондой эле, оркестрсиз бир аспапка арналган концерттер, белгилүү бир соло партиясыз оркестрга арналган концерттер, оркестр менен үнгө арналган концерттер жана a cappella хорунун концерттери бар.

Бул терминди сахналык концерт түшүнүгү менен алмаштырбайлы.

Тарыхка чейин

Концерт XVI—XVII кылымдар чегинде Италияда чиркөөлүк музыканын (мүдөөлүк концерт) вокалдык полифониялык чыгармасы катары пайда болуп, көп хордуулук жана венециялык мектептин өкүлдөрү тарабынан кеңири колдонулган хорлорду салыштыруу менен өнүккөн. Мисалы, Адриано Банкьеринин кош хору үчүн Concerti ecclesiastici. Мындай түрдөгү чыгармалар концерт (concerti) деп дагы, мотеттер (motetti) деп дагы аталчу; кийинчерээк И. С. Бах өзүнүн полифониялык кантаталарын концерт деп атаган.

Венеция мектебинин өкүлдөрү мүдөөлүк (жан-дүйнөлүк) концертинде аспаптык коштоону кеңири колдонушчу, алар негизинен, 1602—1611-жылдары жазылган 1—4 үндүү ырдоо үчүн сандык бас менен Лодовико да Виадандын «Жүз мүдөөлүк концерттери» (Cento concerti ecclesiastici). XVII кылымдын башынан бир нече соло аткаруучулардын (концерттөөчүлөрдүн) «таймашуу» негизи акырындык менен аспаптык музыкага жайыла баштаган — сюитада жана чиркөөлүк сонатада.

Жанр тарыхы

XVII кылымдын экинчи жарымында оркестрди контрасттык (tutti) жана солисттин же солисттердин тобунда соло аткаруучу аспаптарды (концерт гроссодо) жана оркестрды салыштырууда негизделген чыгармалар пайда болгон. Мындай концерттердин биринчи образдары (Concerto da camera) Джованни Бонончини жана Джузеппе Торелдиге таандык, бирок, булардын камералык чыгармалары анча чоң эмес курамдагы аткаруучулар үчүн болуп, сонатанын концертке өтмө формасы болгон; фактылык жактан ушундай эле концерт XVIII кылымдын биринчи жарымында Арканджелло Коррелли жана өзгөчө Антонио Вивальдинин чыгармачылыгында калыптанган — эки четки бөлүктөрү тез жана жай ортоңку бөлүгү бар, үч бөлүктүү композиция катары. Ошол эле убакта, айтылуу рипиено концерт (итальянча ripieno — толук) формасы дагы болгон — соло аткаруучу аспаптарсыз; буга мисал катары Вивальдинин көптөгөн концерттерин жана И. С. Бахтын Бреденбург концерттерин айтсак болот.

XVIII кылымдын биринчи жарымындагы концерттеринде барокконун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн чыгармаларында берилгендей тез бөлүктөрү негизинен бир, сейрек эки темада негизделген, булар оркестрда өзгөрүүсүз түрдө рефрен-ритурнель катары өтүп, солистчинин концентрациялануусу көбүнчө орнаменттик виртуоздуулук мүнөзгө ээ болгон; мындай стилдеги концерттерди негизинен И. С. Бах жана Г. Ф. Гендель жазган. XVIII кылымдын экинчи жарымында Йозеф Гайдн, Вольфганг Амадей Моцарт, Людвиг ван Бетховен сыяктуу веналык классиктердин чыгармачылыгында концерттин соната-симфониялык формасы бекемделген.

Концерт жанрынын оркестр менен бир же бир нече (эки, үч, төрт эселик концерт) соло аткаруучуу аспаптар үчүн чыгарма катары өнүгүүсү XIX кылымда Никколо Паганининин, Роберт Шумандын, Феликс Мендельсондун, Иоганнес Брамстын, Ференц Листтин жана башка көптөгөн композиторлордун чыгармачылыгында уланган. Ошону менен катар композитор-романтиктердин чыгармачылыгында концерттин классикалык формасынан алыстоо байкалган, негизинен, кичи формадагы бир бөлүктүү (концертштюк же концертино) жана ири формадагы концерт түзүлгөн, түзүлүшү боюнча симфониялык поэмага туура келген, жана буга мүнөздүү монотемалуулугу, «өтмө өнүгүү» негизи болгон; буларга негизинен Ференц Листтин фортепианолук концерттери таандык.

Концерт жанрына композиторлор XX кылымда дагы кайрылышкан: Бел Бартоктун, Дариус Мийонун, Пауль Хиндемиттин, Арнольд Шёнбергдин, Альбан Бергдин, Антон Вебердин фортепианолук жана башка концерттери кеңири белгилүү.

XVIII—XX кылымдардын өтүшүндө дээрлик бардык европалык классикалык аспаптарга концерттер жаралган — фортепиано, кыл кыяк, виолончель, альт, контрабас (Карл Диттерсдорф, Джованни Боттезини концерттери), жыгач жана жез үйлөмө аспаптар. Формалдуу түрдө концерт деп саналбаган, бирок, бул жанрдын мүнөздөрүн алып жүргөн чыгармалар дагы бар, мисалы, Турангалила-симфония же Бел Бартокс оркестри үчүн концерт, эски рипиено концерттегидей мында соло аткаруу аспаптары жок.

Классицизм доорунун аягында концерттин классикалык түзүмү калыптанган.

Бул түзүмдү Йозеф Гайдн жана Вольфганг Амадей Моцарт түптөгөн, кийин ал Людвиг ван Бетховендин чыгармачылыгында бекемделген.

Жайгаштыруу: 2024-01-06, Көрүүлөр: 305, Өзгөртүлгөн: 2024-05-21, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу