Оркестр (байыркы грекче ὀρχήστρα — орхестра, антика театрындагы хор аянтчасы) — белгилүү бир тең салмактанган түзүмдүү жана музыкалоонун формасы бар көп сандагы аспапчылардын жамааты.
Байыркы Грецияда орхестра деп театр сахнасынын алдындагы жарым тегерек аянтча аталган. Ал аянтчада бардык оюндарга катышуучу хор турган. Кийин музыкалык чыгарманы биргелешип аткаруучу музыкалык коллективди оркестр деп атай башташкан. Музыканттардын мындай коллективдери 16-кылымда пайда боло баштаган. Буга чейин деле музыканттар биргелешип бат-бат чогулуп турушкан, бирок алардын туруктуу курамы болгон эмес. Алар диний ырым-жырымдарды өткөрүү учурунда, ыр-доодо, бийлөөдө, аскер параддарында музыка ойношуп, так ыргактуу обондорду (күүлөрдү) аткарышкан.
Угуучулар алдында музыкалык ар түрдүү чыгармаларды аткаруучу музыканттар коллективинин туруктуу курамы калыптанганда гана оркестр пайда болгон. Төрт жүз жылдан бери оркестрлер өзүнүн түрүн бир канча жолу өзгөртүп келди. Курамындагы музыкалык аспаптарга жараша: симфониялык, кыл аспаптар, үйлөмө жана урма аспаптар оркестри делип ар түрдүү аталды. Оркестрдин музыкасы эл ичинде да зор сүймөнчүлүккө ээ болуп, элдик ар түрдүү оркестрлер түзүлгөн. Эстрадалык музыканын таралышы менен эстрадалык оркестри белгилүү боло баштады. Аспаптарынын курамы жагынан симфониялык оркестр байыраак келет. Андагы аспаптар: кыл аспаптары — скрипка, альт, виолончель жана контрабас, жыгачтан жасалган үйлөмө аспаптар — флейта, кларнет, гобой, фагот, жез үйлөмө аспаптар — түтүк, валторна, тромбон жана туба, ар түрдүү урма аспаптар — барабан, литавра, коңгуроо, үч бурчтук түрүндөгү аспаптар — ксилофон, металлофон жана башкалар.
Оркестрди дирижёр башкарат. Ал эч кандай сөз сүйлөбөй туруп эле музыканттарды өзү каалагандай ойното алат, мисалы, биздин улуу дирижёрубуз Асанкан Жумакматов. Дирижёр колдун атайын иштелип чыккан шилтөө, жаңсоо кыймылы аркылуу оркестр менен сүйлөшөт. Жардамчысы болуп кичинекей таякча (англисче baton) кызмат кылат. Дирижёр таякчаны шилтээри менен бардык аспаптар анын эркине баш ийип, уккулуктуу бир музыкалык чыгарманы аткара башташат. Бирок жүздөн ашуун музыканттарга багыт берүү анын милдеттеринин бирөө гана. Дирижёр оркестрдин көркөм жетекчиси да болуп эсептелет. Оркестр аркылуу ал өзүнүн музыкалык түшүнүк-ойлорун жүзөгө ашырат.
Оркестрлердин көбүнчөсүндө эркектер көптүк кылат, ошого карабастан заманбап оркестр ким бир, ким жок экени белгисиз болуп баратат, анткени, оркестр ойногондо сахна караңгылатылып коюлган салт көп жайылган.
Бетховендин оркестрда ойнолуучу №9 симфониясынын премьерасы 1824-жылдын 7-майында Венада болгон. Бул эмгекти бүтүргөндө композитор дээрлик кулагы укпай калган.