Мындан жүз жылча мурда америкалык бир фирма кымбат туруучу пил сөөгүн алмаштыра алган жаңы материалды жасоого сынак жарыялады. Сынакка көптөгөн ойлоп чыгаруучулар, инженерлер, илимпоздор катышты. Алардын арасында Хайатт аттуу бир туугандар да бар эле. Көптөгөн тажрыйбалардан кийин алар жабышкак массаны алышты. Ысык кезинде бул массаны мом же ылай сыяктуу жеңил иштетүүгө болот. Ылай катса морт болот, мом жумшак. Ал эми бул масса суугандан кийин катып, бекем зат целлулоидге айланат. Каалагандай формага келтирүүгө жарамдуу, ийкемдүү (пластикалуу) алгачкы материалдардын бири мына ушундайча жаралды.
Карагайдын чайырын көрдүңөр беле? Бутак-сөңгөктүн ар кайсы жеринен тамчы сымал мөлтүрөп чыгып турат. Анын пластинкалык сапаттары эбактан эле белгилүү. Бирок ал суукта катып, үбөлөнүп кетет, ысыкта май сыяктуу көлкүлдөп эрийт. Ушул чайырга окшоштуруп химиктер көптөгөн жасалма чайырларды жасашты. Алар адамдар каалаган сапаттарга ээ. Ысытканда жумшап, керектүү формага оңой келген бардык жасалма материалдарды пластикалуу масса - пластмасса же пластик деп аташат. Ал синтетикалык материалдардын бир түрү. Пластмассанын негизи болгон полимер анын алган калыбынан бузулбай турушун камсыз кылат.
Окумуштуулар ар кыл сапаттагы пластмассаларды алышууда, айрымдары болоттон бекем, экинчилери резинадан да чоюлгуч, үчүнчүлөрү хрусталдай тунук, бирок бышык. Ысыкка чыдамдуу, тыгындан да 100 эсе жеңил пластмассалар да бар. Айрым пластмассаларды ысытып, эң майда тешикчелер - фильерлер аркылуу сыгып чыгарышат. Суугандан кийин пластмасса ичке жипке айланат. Капрон же нейлон жипчелер мына ушундайча жасалат. Пластмассалардын баары тең нымга, жегич кислоталарга туруштук берет, дат баспайт, чирибейт.
Алар арзан сырьёдон жасалат. Пластмасса жыгачтын, металлдын, айнектин ордуна колдонулат. Баалуу сапаттары аны өнөр жайда, курулушта, айыл чарбасында, медицинада кеңири колдонууга мүмкүндүк берет.