Байыркы гректер

Байыркы Греция бирдиктүү чоң мамлекет болгон эмес, ал майда шаар-мамлекеттерге бөлүнүп турган. Алардын ичинен чоңураагы Афины жана Спарта болгон. Афиныда мамлекеттик бардык иштерди жыл сайын шайлануучу совет, ошондой эле эркин граждандар кирүүчү элдик чогулуш башкарган. Байыркы гректер өздөрүнүн шаарынын жана мамлекетинин эркиндигин, көз каранды эместигин баарынан жогору баалашкан. Байыркы гректер ошол мезгилдеги эң маданияттуу элдерден болушкан. Акын Гомер жараткан Илиада менен Одиссея дүйнөлүк маанидеги эпикалык адабий чыгармалардын катарында турат. Байыркы Грециянын легендалары менен мифтерин азыркы мезгилге чейин бүткүл дүйнө эли окуйт.

Космос, атом, Олимпиялык оюндар, марафондук чуркоо, гимнастика, аптека деген сөздөрдү көп эле угуп жүрөсүңөр. Бул сөздөр көптөгөн башка сөздөр сыяктуу эле байыркы гректерден келген. Байыркы гректер биздин заманга чейинки 2-1-миң жылдыктарда Балкан жарым аралынын түштүгүндө жашаган эл болгон. Алар адегенде анча чоң эмес аймакты ээлеп турушкан. Кеме куруп, деңизде жакшы сүзгөн баатыр, эр жүрөк адамдар болгондуктан бара-бара жер ортолук деңиздин жээктеринде отурукташа башташкан.

Грек колониялары Кара деңиздин жээктеринде да болгон. Азыркы Севастополь шаарына жакын жерде байыркы грек шаары жана мамлекети Херсонес, ал эми азыркы Керчтин ордунда Пантикапей шаары болгон. Кара деңиздеги Феодосия портунда байыркы грек деңиз саякатчылары негиздешкен. Грециянын жери тоо-таштуу болгондуктан, аны иштетүү кыйын эле. Бирок байыркы гректер мыкты дыйкан, эмгекчил калк болгон. Ошентсе да бардык байлыкты негизинен кулдар иштеп тапкан.

Кулдар өтө оор шартта жашап эмгектенишкен. Алар талаада, кен казылып алынуучу жерлерде, кылыч, найза, калкан, кийим-кечек, идиш-аяк жасоочу көл өнөрчүлүк ишканаларында иштешкен. Гректер эң сонун имараттарды - өздөрүнүн кудайларына арнап храмдарды кура билишкен. Кудай Афинанын урматына Акрополдо тургузулган Парфенон храмы абдан кооз салынган. Гректердин шаарларында сөзсүз театр боло турган. Аристофандын комедиялары, Софокл менен Еврипиддин трагедиялары азыркы театрларда да коюлуп келе жатат.

Байыркы гректер скульптурада өзгөчө чеберчиликке жетишкен. Алар колодон же мрамордон кудайлардын статуяларын жасашкан. Кудайлар сулуу, күчтүү, шайыр адамдар катары элестетилген. Көптөгөн статуялар Олимпиялык оюндардын жеңүүчүлөрүнүн урматына тургузулган. Перс падышасы Дарий жана анын уулу Ксеркс гректердин бай шаарларын жана мамлекеттерин басып алуу үчүн согуш ачкан.

Бул согушта перстер сан жагынан көптүк кылса да гректер баатырдык менен салгылашып, жеңип чыгышкан. Гректердин алгачкы жеңиши Марафон кыштагынын жанындагы салгылашта болгон. Салгылаш бүтөрү менен гректердин кол башчысы Афиныга жеңишти кабарлоого жөө күлүк жоокерин жиберет (ал кезде мерседес, айфон, интернет жок эле). Жөө күлүк Марафондон Афины шаарына чейинки 42 чакырым 195м аралыкты чуркап өтөт. Ал акыркы күчүн жыйнап шаардагы аянтка чуркап кирип: Биз жеңдик! - деген кабарды айтып, жан берген экен. Бул эрдиктин урматына азыр да 42 чакырым 195м аралыкта чуркоо боюнча мелдеш (марафон) өткөрүлөт.

Гректердин улуу кол башчыларынын бири Александр Македонский болгон. Ал Грециядан Индияга чейинки чоң аймакты каратып алган. Гректерден таланттуу окумуштуулар көп чыккан. Грек окумуштуусу Демокрит бүткүл дүйнө атомдордон турат деген ойду айткан. Грек астроному Аристарх жер жана башка планеталар күндү айланат деп окуткан. Ал эми Аристотель философ да, тарыхчы да, зоолог да болгон. Байыркы гректердин бай маданиятын кийин байыркы римдиктер өздөштүрүп, алар аркылуу гректердин маданий жетишкендиктери мурас катары азыркы адамдарга да келип жетти.

Оставьте комментарий!

Пикириңиз текшерилгенден кийин жайгаштырылат.

Вы можете войти под своим логином или зарегистрироваться на сайте.

(обязательно)