Венгрия Альп, Карпат жана Динар тоолорунун аралыгына жайгашкан. Өлкөнүн жарымына жакынын Чоң Орто Дунай ойдуңу ээлейт. Венгриянын эң чоң дарыясы - Дунай өлкөнү дээрлик тең ортосунан экиге бөлүп агып өтөт. Чоң жана кооз Балатон көлүнүн жээктеринде санаторий, мейманкана, туристтик базалар көп. Венгриянын тарыхы - бул анын элинин көз карандысыздык үчүн күрөшүнүн тарыхы. Мурда өлкөнү басып алган түрктөр менен согушуп келсе, кийин Австрия Түркияны жеңип, Венгрияны күч менен өзүнө каратып алганда австриялыктарга каршы күрөшкөн. Биринчи дүйнөлүк согушта Австрия жеңилгенден кийин, 1918-жылы Венгрия өз алдынча мамлекет болуп калган. Улуу Октябрь социалисттик революциясынын таасири менен венгр эмгекчилери бийликти өз колдоруна алышып, 1919-жылы 21-мартта Венгр Совет Республикасы жарыяланган. Бирок ал көпкө турган жок, ошол эле жылы 1-августта М. Хортинин диктатурасы орнотулган. Венгрия фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салганда ага кошулуп кеткен. 1945-жылы апрелде Советтик Армия венгерлерди фашизмден бошоткондон кийин, өлкө социалисттик өнүгүү жолуна түшкөн.
1989-жылы Венгрия Республикасы деп жарыяланган. Венгриянын борбору Будапешт - дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири. Дунай шаар аркылуу өтөт. Буда - Дунайдын тоолуу батыш жээгине, Пешт - чыгыш жээктеги кең түздө жайгашкан. Борбордогу эң чоң имарат - парламент, ага калктын өкүлдөрү чогулуп, мамлекеттик иштерди талкуулашат. Будадагы Геллерт тоосуна, бийик супага эстелик орнотулган. Мекендин символун билдирген аялдын статуясынын өйдө көтөрүлгөн колунда тынчтыктын белгиси деп эсептелген пальма бутагы бар. Венгрияда автобус, трактор жана ар кандай өлчөгүч приборлорду чыгарышат.
Химия өнөр жайы, металлургия ж. б. тармактары өнүккөн. Айыл чарбасында дан, жүзүмчүлүк, бакча жана жашылча өсүмдүктөрүн өстүрүшөт.