Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Туркия мамлекети

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Туркия мамлекети

Туркия мамлекетинин жеринин аянты - 780580 чарчы/чакырым. Калкы - 66494000 адам. Бул мамлекет дүйнөнүн эки бөлүгүндө жайгашкан, анын негизги бөлүгү (Анатолия) Азияда - Кичи Азия жарым аралында, аз бөлүгү Европада - Балкан жарым аралында. Европа менен Азиянын ортосундагы чек ара Босфор жана Дарданелл кысыктарынан өтөт. Бул кысыктар Кара жана Жер Ортолук дениздерин байланыштырып турат. Босфор кысыгынын тик жардуу жээктеринен Түркиянын эң чоң шаары жана порту Стамбул көрүнүп турат. Бул шаарда миңдеген жылдар мурун салынган байыркы эстеликтер, орто кылымдагы ак сарайлар жана храмдар азыркы мезгилде салынган завод-фабрикалар салынган ийри-буйру, тоону көздөй кеткен көчөлөрдөн мечиттердин мунаралары жана түрдүү түстөгү жарнамалары бар асман тиреген көп кабаттуу үйлөр көрүнүп турат. Көчөлөрдөн адамдардын ар түрдүү тилде сүйлөшкөндөрү, соодагерлердин бакылдашканы, көп сандаган автоунаалардын күркүрөөсү угулат.

Мечиттердин мунараларынан күнүнө беш жолу азан айтып, элди намазга чакырат. Байыркы мезгилде Стамбул Чыгыш Рим империясынын (Византия) борбору болгон жана Константинополь деп аталган. 1453-жылы шаарды түрктөр басып алып, аны Стамбул деп аташкан. 1923-жылы Туркия республикасынын борбору Стамбулдан Анкарага көчүрүлгөн. Түркиянын көпчүлүк бөлүгүн ээлеген бөксө тоолордо жайкысын жаан дээрлик жаабайт, күндүн ысыгы өсүмдүктөрдү кууратып жиберет. Бул жердин кышы катаал жана суук болот. Токойлуу тоолордо айбанаттардан элик, жапайы доңуз, кашкулак, тыйын чычкан, талаасында түлкү, чөө, момолой жашайт. Кайрак жердүү аймактарында буудай, арпа, таруу, төө буурчак өстүрүлүп, кой жана жибектей жылтылдаган тыбыт жүн алынуучу даңазалуу ангор эчкилери багылат.

Деңиз жээгиндеги ойдуңдуу жерлерде дайыма көгөрүп туруучу бадалдуу токойчолор жана жемиш бактары өсүп, жапжашыл болуп турат. Бул жерде дээрлик суук болбойт. Кара деңиз жээгинде жыл бою жаан-чачын көп болот, ал эми Жер Ортолук деңизинин жээгинде күн азыраак жаайт. Жээк бойлой калк жыш жайгашкан аймактарда жүзүм, мөмө-жемиш, цитрус өсүмдүктөрү, зайтун, жүгөрү, шалы, тамеки, кант кызылчасы өстүрүлөт. Мурда Түркия негизинен айыл чарбалуу өлкө болгон. Азыр оор өнөр жайы да өнүгүүдө.

Кара жана түстүү металлургия, машина жасоо, нефть иштетүү, химия өнөр жайы сыяктуу тармактар пайда болгон. Кен байлыктары: хром, темир, жез рудалары, таш көмүр, боксит, нефть. Фабрикаларында кездеме токулуп, зайтун, тамеки кайра иштетилет. Өлкөдө килем токуучу, карапа, алтын, күмүштөн буюм жасоочу кол өнөрчүлөрдүн жеке өнөрканалары көп. Туркия олкосуно силер бардыңыз беле?

Жайгаштыруу: 2018-10-29, Көрүүлөр: 13925, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-10-29
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо