Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Майда мамлекеттер

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Майда мамлекеттер

Европада баары бириккенде Москванын аянтына жетпеген аянтты ээлеген төрт кичинекей мамлекет бар. Бул тырмактай өлкөлөр бир кезде Европа ушундай майда мамлекеттерге бөлүнүп бытырап турган мезгилден бери сакталып калган. Алардын ар биринин өз алдынчалыгы, өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар. Андорра Жеринин аянты 468 чарчы/чакырым. Калкы - 68000 адам. Кичинекей Андорра Пиренеи тоолорунун арасынан орун алган. Ал - өзүнчө өкмөтү бар республика. Бирок бул өлкөнү Франциянын президенти менен епископ Урхельский (Испания) кошо башкарышат. Испания менен Францияны байланыштыруучу таш жол Андорра аркылуу өтөт. Ак карга чулганган тоолор сегиз ай бою ашуу бербейт.

Бийик тоолордун этектеринде кой чарбачылыгы өстүрүлөт. Андорра коңшу өлкөлөргө жүн, быштак жана жыгач көмүрүн сатат. Жергиликтүү калк француз жана испан тилдеринде сүйлөшөт. Андоррага жылына 10 миллиондон ашык чет өлкөлүк туристтер келип турушат. Монако Жеринин аянты - 195 чарчы/чакырым. Калкы - 32000 адам.

Мындай мамлекеттердин ичиндеги эң кичинеси - Монако княздыгы. Ал Франциянын опекасында (коругунда) турат жана эли француз тилинде сүйлөйт. Жер ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан, климаты жумшак жана субтропиктик өсүмдүккө бай ушул ажайып кооз жер эң сонун курортко айланган. Бирок жер жүзүнүн туш тарабынан келүүчү дөөлөттүү байларды Монаконун табиятынын кооздугу жана калың айнектүү океанариумунда суунун түбүн мекендеген жаныбарлар чогултулган океанографикалык эң сонун музей да кызыктырган эмес. Аларды зор өлчөмдөгү акчаны утуучу же уттуруучу жай - Монте-Карлодогу казино кызыктырат. Князь башында турган Монаконун калкы негизинен туризмден түшкөн каражаттар менен жан багышат. Лихтенштейн Жеринин аянты - 160 чарчы/чакырым. Калкы - 33000 адам. Лихтенштейн княздыгы Рейндин оң жак жээгинде Австрия менен Швейцариянын ортосунан орун алган.

Анын төрттөн үч бөлүгүн ийне жалбырактуу токойлуу жана шалбаалуу тоолор ээлейт. Тоолорунда аба ырайы катаал, өрөөнүндө жумшак, жайы жылуу келет. Калкы мал багат, эгин, жүзүм айдап, сыра кайнатат. Завод менен фабрикаларында жыгач иштетилип, машина, кездеме, эт консерваларын жасап чыгарышат. Өлкөнүн бир фабрикасы бүт дүйнөгө белгилүү, анда жасалма тиштер даярдалат.

Лихтенштейн княздыгындагылар негизинен немец тилинде сүйлөшөт. Бул кичинекей мамлекеттин аскери жок, полициясы 18 адамдан турат. Мамлекетти князь башкарат. Сан-Марино Жеринин аянты - 61,2 чарчы/чакырым. Калкы - 27000 адам. Кичинекей Сан-Марино мамлекети Апеннин тоолоруна жайгашкан. Бул өлкөдө жашаган адамдар жемиш бактары менен жүзүм өстүрүп, мал багышат. Бул жерге да көп сандаган туристтер келишет. Айрыкча Монте-Титано тоосу белгилүү.

Өлкөнүн борбору - Сан-Марино шаары да ушул тоонун капталынан орун алган. Люксембург Жеринин аянты - 2586 чарчы/чакырым. Калкы - 443000 адам. Европада дагы бир кичирээк мамлекет - Люксембург. Улуу Герцогдугу бар. Ал бир жарым кылымдан бери көз карандысыз мамлекет катары жашап келет. Ошентсе да коңшу Бельгия менен Франция өлкөлөрү өлкөдө чоң роль ойнойт.

Люксембургда өнөр жайы, айрыкча жергиликтүү темир рудасын пайдаланган кара металлургия жакшы өнүккөн. Мында чоюн менен болотту көптөгөн ири өлкөлөрдөн көп эритет. Инженер, врач, педагогтор билимди Люксембургдан башка өлкөлөрдөн алышат, анткени бул жерде жогорку окуу жайлары жок. Люксембургдун ажайып табигаты - шар аккан суулары менен кең өрөөндөрү, кооз токойлору менен байыркы эстеликтер көптөгөн туристтерди кызыктырат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 6794, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу