Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Скандинавия өлкөлөрү

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Скандинавия өлкөлөрү

Түндүк Европада жайгашкан Дания, Исландия, Норвегия жана Швеция мамлекеттери ушундай деп аталат. Скандинавия өлкөлөрүнүн тарыхы жана маданиятында көп жалпылыктар бар. Бул элдердин сүйлөгөн тилдери тектеш. Байыркы скандинавиялыктар деңизде мыкты сүзүшкөн. Деңиз азыр да скандинав элдеринин турмуш-тиричилигинде зор мааниге ээ. Норвегия Жеринин аянты -324220 чарчы/чакырым. Калкы - 4503000 адам. Швеция, Норвегия, Дания - өнөр жайы жана айыл чарбасы жогору өнүккөн мамлекеттер. Алардын заводдору менен фабрикалары учурдун талабына ылайык келген кеме, машина, станок, кагаз жана башкаларды чыгарат. Илгертен эле бул өлкөлөрдө балык уулоо иши өнүгүп келген. Ар биринде балык кармоочу жана соода жүргүзүүчү зор флоту бар. Алар дүйнөдөгү көп мамлекеттер менен соода жүргүзүшөт. Норвегия менен Швеция Европадагы эң чоң арал - Скандинавия жарым аралында жайгашкан.

Түндүк Муз океанындагы Шпицберген архипелагы да Норвегияга карайт. Картаны карасаңар Скандинавия жарым аралынын жээги абдан ийри-буйру экенин көрөсүңөр. Кууш, кургактыкка терең кирип кеткен, жээги бийик аскалуу, булуңдары өтө кооз. Түндүктүн суук климатын бул жерде Түндүк Атлантика жылуу агымы жумшартат. Швеция Жеринин аянты 449964 чарчы/чакырым. Калкы - 8875000 адам. Швеция менен Норвегиянын аймагынын көп бөлүгүн кайың жана карагай токойлору ээлейт.

Элдин басымдуу көпчүлүгү токой чарбачылыгында эмгектенет. Жыгач - бул эмерек, кагаз, химия жайлары үчүн негизги сырьё. Норвегиянын борбору - Осло да, Швециянын борбору - Стокгольм да ири порттор жана өнөр жай шаарлары. Суусу мол жана тез аккан дарыяларда кубаттуу гидроэлектр станциялары курулган. Тоолуу жана токойлуу түндүк райондордо жерди иштетүү кыйын. Ошондуктан дыйкандар эт жана сүт алуу үчүн мал багышат, алар үчүн тоют өсүмдүктөрүн айдашат. Норвегия менен Швециянын түштүгүндө түздүк жерлеринде буудай, кара буудай, сулу, арпа эгилет. Түндүк деңиздеги Норвегиянын жээктеринен нефть жана газ кендери табылган.

Өлкөнүн жер түпкүрүнөн ар түрдүү рудалар казылат, заводдордо алардан алюминий, жез, цинк алынат. Швециянын түндүгүнөн темир рудасы бир нече кылымдан бери казылып алынып келе жатат. Швед болоту жана андан жасалган буюмдарды көп мамлекеттер сатып алышат. Дания Жеринин аянты 43094 чарчы/чакырым. Калкы - 5353ООО адам (Кыргызстандан кичине мамлекет). Дания Ютландия жарым аралында жана анын тегерегиндеги беш жүзгө жакын аралдарда жайгашкан. Данияга калкы аз, эбегейсиз зор мөңгү каптаган Гренландия аралы да таандык.

Данияда өнөр жай менен бирге дыйканчылык жана сүт багытындагы мал чарбачылыгы да өнүккөн. Даниянын климаты нымдуу жана жумшак болгондуктан, бул жерде буудайдан, кара буудайдан, чанактуу жана тоют өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алынат. Даниянын борбору Копенгаген - эски соода борбору, ири өнөр жайлуу порт шаар. Исландия Жеринин аянты 103000 чарчы/чакырым. Калкы - 278000 адам. Исландия өлкөсү өзү жайгашкан аралдын аты менен аталат. Ал биздин тилге муз өлкөсү (ice - муз, land - өлкө) болуп которулат.

Силер картадан Исландияны Атлантика океанынын түндүк бөлүгүнөн табасыңар. Бул жердин климаты катаал, жарым жылга чейин кар каптап жатат. Бул анча чоң эмес аралда аракеттеги бир нече вулкан бар. Алардын ичинен Гекла вулканы тез-тез атылып, жер титирөөлөр болуп, пайда болгон жаракалардан белгилүү убакыттан кийин ысык суу атылып чыгат. Булар - гейзерлер. Алардын ысык суулары менен исландиялыктар үйлөрүн, жылытылмаларды жылытышат.

Аралда жашагандардын негизги кесиби - балык кармоо. Өнөр жайы да өнүгүүдө. Исландиянын борбору - Рейкьявик шаары. Скандинавия элдеринен көптөгөн көрүнүктүү адамдар чыккан, алардын ичинде окумуштуу жана саякатчылар Ф. Нансен жана Р. Амундсен, жомокчу-жазуучу X. К. Андерсен, драматург Г. И. Ибсен жана композитор Э. Григ бар.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2728, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо