Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Англис тили

Баш барак | Тилдер | Англис тили

Англис тили (өз аталышы — English, the English language) — индоевропа тил бүлөсүнүн герман бутагындагы батыш тобунун, англо-фриз топчосунун тили. Англис тили — эң маанилүү эл аралык тил, буга XIX кылымдагы Британ империясынын колониалдык саясаты жана XX—XXI кылымдардагы Америка Кошмо Штаттарынын дүйнөлүк таасиринин натыйжасы себеп болгон. Англис тилинде өтө көп диалекттер жана сүйлөмдөр (говор) бар.

Мазмуну
Англис тили
Өз аталышыEnglish
ӨлкөлөрУлуу Британия, Ирландия, АКШ, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия жана дагы 60 өлкө
АймактарБритания аралдары (эзелки), англис тилдүү дүйнө
Официалдык абал67 өлкө, 27 суверендүү эмес өлкө
Сүйлөгөндөрдүн жалпы саны360–400 млн. адам үчүн эне тил, экинчи тил катары алып жүрөт же чет өлкөлүк тил катары билгендер 600–700 млн. адам (2003)
Рейтингэне тил: 3
Абалыкоопсуздукта
Классификация
БөлүмЕвразия тилдери
  • Индоевропалык бүлө
    • Герман бутагы
      • Батыш герман тобу
        • Англо-фриз топчосу
ЖазууЛатиница (англис алфавити)
Тилдик коддор
ГОСТ 7.75–97анг 045
ISO 639-1en
ISO 639-2eng
ISO 639-3eng
WALSeng
Ethnologueeng
Linguasphere52-ABA
ABS ASCL1201 жана 12
IETFen
Glottologstan1293

Англис тили англосондор сүйлөгөн англо-саксон тилинин тукуму катары эрте Орто кылымда жаралган. Ал Улуу Британиянын көпчүлүк калктары үчүн эне тил болуп калган, ал эми Британ империясынын аймактык өсүүсү менен англис тили Азия, Африка, Түндүк Америка жана Австралияга тараган. Британ колонияларынын көз карандысыздыкка жетүүсү менен англис тили калктын көпчүлүгүнө эне тил (АКШ, Канада, Австралия, Жаңы Зеландия) же официалдуу тилдердин бири (Индия, Нигерия) болуп калган. Англис тилин көпчүлүк билим берүү мекемелеринде чет өлкөлүк тил катары окушат.

Лингвогеография

Англис тили — болжолдуу 335 млн адамга эне тил (2003), жана ал тилде сүйлөгөндөр үчүн Кытай жана Испан тилинен кийин дүйнөдөгү үчүнчү тил (анын ичинде экинчи тил дегендер үчүн дагы) — 1,3 млрддан ашын адам (2007). БУУнун официалдуу жана иштиктүү алты тилинин бири.

Англис тили 54 өлкөдө официалдуу тил — Улуу Британияда, АКШда (31 штатта официалдуу тил), Австрлияда, Ирландиянын официалдуу тилдеринин бири (ирланд тили менен бирге), Канадада (француз тили менен бирге) жана Мальтада (мальты тили менен бирге), Жаңы Зеландияда (маори жана жандоо тили менен бирге). Официалдуу тил катары кээ бир Азия (Индия, Пакистан ж. б.) жана Африка мамлекеттеринде (негизинен Улуттар шериктештигинин мурдагы Британ империясынын колониалары) колдонулат, ошону менен бирге бул өлкөлөрдүн калкынын көпчүлүгү башка тилдердин алып жүрүүчүсү деп эсептелинет. Англис тилинде сүйлөгөндөрдү лингвистикада англофон деп аташат; бул термин өзгөчө Канадада көп таралган (анын ичинде саясый контекстте, мында англофондор кээ бир мамиледе франкофондорго каршы коюлат).

Англис тилинин вариативдүүлүгү

Англис тили көп кылымдык калыптануу, өнүгүү жана аймактык жайылуу тарыхына ээ, мында ал убакыттын өтүшү менен тилдин үзгүлтүксүз өзгөрүүсү, ошондой эле географиялык жана социалдык колдонуунун ар түрдүүлүгү менен байланыштуу. Тилдин Англия ичиндеги калыптануусуна ар түрдүү диалекттер катышкан, ал эми тилди алып жүрүүчүлөрдүн Англиядан жана Улуу Британиядан тышкары массалык жайылуусунан улам убакыттын өтүшү менен англис тилинин улуттук варианттары жөнүндө кеп кылууга мүмкүндүк жаралган (британиялык же америкалык англис тили ж. б.).

Улуттук варианттар

Англис тили мамлекеттик (официалдуу) статусуна ээ болгон өлкөлөрдөгү тилди алып жүрүүчүлөр массалары лексикалык, кептин айтылыш жана грамматикалык өзгөчөлүктөрүн англис тилинин улуттук варианттары түшүнүгүнө бириктиришет. Баарынан мурда бул, калкы үчүн эне тил болгон өлкөлөр. Буга ылайык британиялык, америкалык (АКШ), канадалык, австралиялык жана жаңы зеландиялык анлис тили белгиленет. Бул өлкөлөрдүн (улуттук варианттардын) алып жүрүүчүлөрдүн сүйлөөсү аймактык жана жергиликтүү варианттар, сүйлөмдөр (говор), аймактык жана социалдык диалекттер болуп бөлүнүп, фактылык жактан бир тектүү эмес, бирок, башка өлкөлөрдүн улуттук варианттарынан чоң айырмачылыктарга ээ болуусу сейрек эмес.

Диалекттер

Англис тили көптөгөн диалекттерге ээ. Ар түрдүүлүгү АКШда XX кылымдын ортосуна чейин негизги адабий норма орто-атлантикалык (Mid-Atlantic) диалект болгонуна карабастан, Улуу Британияда АКШга караганда көбүрөөк. XX кылымдын 50-жылдарынан тарта негизги роль АКШда орто-батыш (Mid-Western) диалектине өткөн.

Заманбап изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде заманбап дүйнөдөгү англис тилинин кыйла вариативдүүлүгү белгиленип келет. Брадж Качру (Braj Kachru) жана Дэвид Кристал тилдин жайылуу чекити өлкөлөрүнөн чыккан үч агымды белгилешет. Биринчи — ички, буга мурдатан англис тилин эне тили деп кабыл алган алып жүрүүчүлөр көптүк кылган өлкөлөр; экинчи — Британия шериктертик өлкөлөрү, мында ал көпчүлүк үчүн эне тил болбостон, официалдуулардын бири болгон, жана үчүнчү — башка өлкөлөргө жайылуучу (чоңоюуучу), мында англис тили мамлекет аралык баарлашуунун тили болуп келүүдө, анын ичинде илимий баарлашуу дагы бар. Англис тилинин адам ишмердүүлүгүнүн жаңы аймактарына жана чөйрөлөрүнө жайылуусу заманбап дүйнөдө көп маанилүү реакцияларды жаратууда.

Англия диаклекти
Шотландия, Уэльс жана Ирландия диалекттери
Түндүк Америка
Индия

Англис тилинин Индия варианты алып жүрүүчүлөр саны боюнча дүйнөдө эң ирилердин бири. Ал өз учурунда кийинкидей маанилүү диалекттерге бөлүнөт:

Башка диалекттер
Жалган диалекттер

Аралаш тилдер:

Тарыхы

Заманбап анлис тилинин теги — байыркы англис тили — жазуу мезгилине чейин өзүнүн тарыхында герман тилдеринен бөлүнүп, бирок лексикада жана грамматикалык түзүм жагынан көптөгөн жалпылыктарын сактап калган. Эртерээк доордо байыркы германдыктар индоиран (индия, иран) жана европа (кельт, роман, герман, балтика жана славян) тилдеринде сүйлөгөн заманбап элдердин тектерин камтыган индоевропалык маданий-тилдик жалпылыктан бөлүнүп чыккан. Герман тилдери мыйзамченемдүү түрдө тарыхый өзгөрүүлөргө кабылып жалпы индоевропалык лексиканын катмарларын сактап калган, англис тили дагы өз алдынчалыкка жеткенде ушундай өзгөрүүлөргө чалдыгып келген. Мисалы, жалпы индоевропалык лексикада салттуу түрдө тектеш жана сандык сан атооч терминдери таандык.

Сакталып калган жалпы индоевропалык лексиканын мисалдары:

Жалпы герман лексикасынын мисалдары:

Англис тилинин тарыхын кийинкидей мезгилдерге бөлүү кабыл алынган: байыркы англис тили (450—1066-жж., Англиянын нормандар тарабынан жеңүүсү), орто англис тили (1066—1500), жаңы англис тили (1500-жылдан баштап биздин убакка чейин). Кээ бир тил таануучулар «эрте жаңы анлис тил мезгилин» белгилешет (XV кылымдын аягы — XVII кылымдын ортосу).

Байыркы (англис тил) мезгили

Учурдагы англичандардын түп теги — англдардын, саксондордун жана юттардын (англдар — герман урууларынын негизгилери) герман уруулары — Британ аралдарына V кылымдын ортосунда көчүп келген. Бул доордо алардын тили төмөнкү немец жана фриз тилдерине жакын болгон, бирок, кийинки өзүнүн өнүгүүсүндө герман тилдеринен алыстап кеткен. Байыркы англис тилинин мезгилинде англо-саксон тили (көптөгөн изилдөөчүлөр англо-саксон деп байыркы англис тилин аташат) сөздүгүнүн кеңейүүсүн эске албаганда, герман тилдеринен чыкпастан, анча-мынча гана өзгөргөн.

Улуу Британияга көчүп келген англосаксондор жергиликтүү жашоочулар — кельттер менен катуу кармашка түшкөн. Кельттер менен болгон кезигүүлөр байыркы англис тилинин түзүмүнө да, сөздүгүнө да таасирин тийгизген эмес. Сексенге жетпеген кельт сөздөрү байыркы англис тилинин эстеликтеринде сакталып калган. Алардын ичинде:

Бул сөздөрдүн кээ бирлери тилде сакталып, азыркы учурда дагы колдонулат, мисалы: tory (консервативдик партиянын мүчөсү) — ирландча «каракчы» дегенди түшүндүргөн, clan — уруу, whisky — виски. Бул сөздөрдүн кээ бирилери болсо эл аралык энчиге жеткен, мисалы: виски, плед, уруу. Кельт тилинин байыркы англис тилине мындай алсыз таасир этүүсүн, кельттердин англосаксондор менен салыштырмалуу маданий жактан чабалдыгы менен түшүндүрүүгө болот. Британия аймагынын бөлүгүн 400 жыл ээлеген римдиктердин таасири олуттуу. Латын сөздөрү байыркы англис тилине бир нече баскычта кирген. Биринчиден, латинизмдердин бөлүгү континенталдык Европанын түндүгүндөгү герман тилдүү калкы тарабынан, германдыктардын бөлүгү Британ аралдарына көчүп келгенге чейин кабыл алган. Алардын ичинде:

Дагы бир бөлүгү — түздөн-түз англосаксондордун көчүп келүүсүнөн кийин: мисалы, аймактардын аталыштары кийинкидей:

Келип чыгыш боюнча латын тилинен болгон, көптөгөн тамак-аш жана кийимдердин түрлөрү да саналат:

бир катар маданий же чарбада колдонулган өсүмдүктөр:

Дагы бир латын сөздөрүнүн катмары Британияга христианчылыктын келүү дооруна таандык. Мындай сөздөр болжолдүү 150дөй. Бул сөздөр тилге терең кирип, түпкү герман сөздөр менен бир катар анын бөлүгү болуп калган. Андайларга алгач түздөн-түз чиркөөгө таандык терминдер кирет:

Викингдердин Британияга чабуулдар доору, андан соң убактылуу жеңип алуусу (790—1042) байыркы англис тилине скандинавия тектүү жалпы колдонулган кыйла сөздөрдү алып келген: call — атоо, cast — таштоо, die — өлүү, take — алуу, ugly — көрксүз, ill — оорукчан. Грамматикалык сөздөрдү өздөштүрүү да мүнөздүү, мисалы: both — экөө, same — ошол эле, they — алар, their — аларды ж. б. Бул мезгилдин аягында чоң мааниге ээ болгон процесс — флексиянын жоголуусу акырындык менен башталат. Даниялыктардын башкаруусунда турган англиянын эки тилдүү аймактары да өзүнүн таасирин тийгизгенин четке кагууга болбойт: тилдик жылышуу кадимки натыйжаларга алып келген — грамматикалык түзүмдүн жана морфологиянын жөнөкөйлүшү. Флексия Британия түндүгүндө эрте жок боло баштайт, тагыраак айтканда дания укук облусунда.

Орто (англис тил) мезгили

Англис тилинин кийинки өнүгүү мезгили 1066-жылдан 1485-жылга чейинки убакытты камтыйт. 1066-жылдагы Нормандыктардын жеңиши байыркы англис тилине норманизм аталган жаңы кубаттуу лексикалык катмарды киргизген — жеңүүчүлөр сүйлөгөн, эски француз тилинин диалектине кирген норман-француз сөздөрү. Көп убакыт бою норман-француз тили Англияда чиркөө, башкаруу жана жогорку класстар тили болуп келген. Бирок, жеңип алуучулар өлкөгө өз тилин өзгөрүүсүз таңулоо үчүн өтө эле аз санда болгон. Акырындык менен салыштырмалуу көбүрөөк өлкө эли болгон англосаксондорго таандык болгон орто жана майда жер ээлөөчүлөр чоң мааниге ээ боло баштайт. Норман-француз тилинин үстөмдүк кылуусунун ордуна, акырындык менен өзүнчө «тилдик компромис» калыптана баштайт, а бул, учурда биз англис тили деп атаган тилге жакын тилдин пайда болушуна себеп болгон. Ошентсе да, башчылык кылган норман-француз тили артка жай чегинген: 1362-жылы гана англис тили кеме өндүрүүгө киргизилип, 1385-жылы норман-француз тилинде окутуу токтотулган, анын ордуна англис тили келген, ал эми, 1483-жылы парламенттик мыйзамдар дагы англис тилинде чыгарыла баштаган. Англис тилинин негизи герман тили болсо да, өзүнүн курамына көптөгөн эски француз тилдерин кошуп, аралаш тил болгон. Эски француз сөздөрүнүн тилге кирүүсү орто анлгис тил мезгилинин аягына чейин созулуп, жогорку чекитине 1250 жана 1400-жылдар аралыгында жеткен.

Күтүлгөндөй эле, эски француз тилинен келген сөздөрдүн көпчүлүгү (нукура германча king — корол, queen — ханыша жаба ушул сыяктуулардан башкалары) мамлекетти башкарууга тийиштүү сөздөр:

көпчүлүк ак сөөктөр титулдары: аскер ишмердүүлүгүнө таандык сөздөр: сот терминдери: чиркөө терминдери:

Соода жана өнөр-жайга таандык сөздөр эски француз, ал эми жөнөкөй кол өнөрчүлүктөрдүн аталыштары германдык экени өтө көрүнүктүү. Биринчилерге мисал: commerce — соода, industry — өнөр жай, merchant — көпөс. Вальтер Скот тарабынан анын «Айвенго» романында белгиленген сөздөрдүн эки катары англис тили үчүн андан дагы көрүнүктүү:

жаныбарлардын аталыштары — германдыктарча: бул жаныбарлардын этинин аталышы болсо эски француз тилинен алынган:

Тилдин грамматикалык түзүмү бул мезгилде кийинкидей өзгөрүүлөргө дуушар болот: атоочтук жана этиштик мүчөлөр, алгач аралашып, алсызданат, андан соң, мезгилдин аягында дээрлик жоголуп кетет. Сын атоочунда, жөнөкөй салыштыруу деңгээлдери менен бир катар, сын атоочторго «more» (-раак салыштырма сыны) жана «most» сөздөрүн кошуу менен жаңы аналитикалык салыштыруулар пайда болгон. Бул мезгилдин аягы (1400—1483) өлкөдө лондондук диалектин башка англис тилинин диалектерин жеңүүсүнө таандык. Бул диалект түштүк жана борбордук диалекттердин биригүүсү жана өнүгүүсүнүн негизинде пайда болгон. Фонетикада айтылуу Улуу үндүүлөрдүн жылуусу жүрөт.

1169-жылы британиялыктардын бир бөлүгүнүн ирландиялык Уэксфорд графтыгына миграциясынын натыйжасында XIX кылымдын ортосунда жок болуп кеткен йола тили өз алдынча өнүгө берген.

Жаңы (англис тил) мезгили

Заманбап Англия тилинин абалына таандык болгон англис тилинин андан аркы өнүгүү мезгили XV кылымдын аягында башталат. Китеп басуу жана китептердин массалык жайылуусунун өнүгүүсү менен нормативдик китеп тили бекемделип, фонетика жана сүйлөшмө тил өзгөрүүсү уланып, акырындык менен сөздүк нормалардан алыстай баштайт. Англис тилинин өнүгүүсүнүн маанилүү баскычы катары британиялык колонияларда диаспоралык диалекттердин калыптанышы болгон.

Жазуу

Байыркы германдыктардын жазуусу рундук болгон; латын алфавитинин негизинде болсо VII кылымдан бери жашап келет (эрте Орто кылымдарда кошумча тамгалар колдонулган, бирок алар колдонуудан чыккан). Заманбап англис тили 26 тамганы камтыйт.

Ал эми тилдин орфографиясы индоевропалыктардын арасында үйрөнүү үчүн эң татаал деп саналат. Кайра жаралуу мезгилинин салыштырмалуу туура англис сүйлөөсүн чагылдыруу менен, британдыктардын, америкалыктардын, австралиялыктардын жана башка тилдин алып жүрүүчүлөрүнүн заманбап оозеки сүйлөөсүнө таптакыр туура келбейт. Өзүнө жазуу түрүндө, окууда айтууга мүмкүн болбогон көптөгөн тамгаларды камтыйт, жана тескерисинче, көптөгөн сүйлөөгө мүмкүн болгон үндөрдүн графикалык эквиваленти жок. Аталган «окуу эрежелеринин» четтетүүлөрү ушунчалык жогорку пайыз менен чектелип, тажрыйбалык мааниси жок. Окуучу дээрлик ар бир сөздүн жазылышын жана окулушун үйрөнүүгө туура келип, буга байланыштуу сөздүктөрдө ар бир сөздүн транскрипциясын көрсөтүү кабыл алынган. Белгилүү тилчи Макс Мюллер англис тилинин орфографиясын «улуттук кырсык» деп атаган.

Англис тилинде беш орфографиялык норма бар — британиялык (ошондой эле «Шериктештик орфографиясы»), британ оксфорддук, америкалык, канадалык жана австралиялык.

Тилдеги пунктуация (тыныш белгилерди коюуу эрежелери) эң жөнөкөйлөрдүн бири деп саналат. Британиялык жана америкалык анлгис тилдериндеги пунктуацияларында бир катар айырмачылыктар бар. Мисалы, Улуу Британияда сылык формадагы кат жазып кайрылууда Mr, Mrs же Dr дегенден кийин чекит коюлбайт, АКШда чекит коюшат (мисалы, Mr. Bradly). Тырмакчалардын формасында дагы айырмачылыктар бар: америкалыктар кош апострофту пайдаланышат ‘‘…’’, ал эми британиялыктар жалгыз апостроф ‘…’, америкалыкта сериялык үтүрдү активдүүрөөк колдонуу ж. б. у. с.

Эл аралык англис тилинин орфографиялык таблицасы
Эл аралык англис тилинин орфографиялык таблицасы

Лингвистикалык мүнөздөмө

Фонетика

Эгер Англиядагы, Шериктештик өлкөлөрдөгү жана АКШдагы салыштыруу бирдиги катары стандарттык сүйлөөнү алып, АКШдагы жана Англиядагы заманбап диалекттер жана тилдик майда бутактарды эске албаганда кийинкилерди белгилөөгө болот:

Белгилери Эрин-эриндик Эрин-тиштик Тиштик Альвеолярдык Постальвеолярдык Палаталдык (таңдайлашкан) Велярдык Глотталдык
Мурундук m n ŋ
Жарылма pʰ b tʰ d kʰ g
Аффрикаттар tʃ dʒ
Жылчыктуулар f v θ ð s z ʃ ʒ (x) h
Аппроксиманттар ɹ j (ʍ) w
Латералдык сонанттар l ɫ

Англис тили үчүн апикалдык жарылма (смычный) альвеолярдык үнсүздөр мүнөздүү, башкача айтканда тилдин учу альвеолага көтөрүлүп турат.

Үндүүлөр абдан көп, алар кийинкидей:

Монофтонгдор
Белгилери Алдыңкы Ортоңку Арткы
созулмалар кыскалар созулмалар кыскалар созулмалар кыскалар
Ичкелер (өйдөңкү) ɪ ʊ
Орто-жоон (төмөнкү) ɛ ɜː ə ɔː ʌ
Жоон æ ɑː ɒ

Морфология

Заманбап англис тилинде жөндөлүш жок (кээ бир ат атоочтор гана четтөөлөргө кирет). Этиштер формасынын саны төрт же беш (формага жекелик сандын 3-жактан -s менен аяктаган көз карашка жараша: аны өзүнчө этиш формасы же учур чактын варианты катары эсептөөгө болот), бул тармакталган аналитикалык формалардын системасы менен орду тургузулат (компенсацияланат).

Башка аналитикалык тилдердегидей синтаксисттик мааниге ээ болгон сөздөрдүн жоон ирети сүйлөө бөлүктөрүнүн арасында формалдуу-үндөр айырмачылыктарын жок кылууга мүмкүндүк берет же болбосо, кээде зарыл кылат: «she prefers to name him by his name» — «ал аны атынан атоону артык көрөт». «[to] name» биринчи учурунда — «атоо» этиши, экинчи учурда «name» — «аты, ысымы» маанисиндеги зат атооч. Мындай өтүү (сүйлөөнүн бир бөлүгү тышкы өзгөрүүсүз башка бөлүгүнө айлануусу) тил таанууда конверсия аталат.

Конверсияга мүнөздүү учурлар:

Этиш

Англис тилинин ар бир этиши төрт негизги сөз формаларына ээ:

  1. инфинитив формасы, infinitive: to go = «баруу, басуу, кетүү»;
  2. белгисиз (жаксыз) өткөн чак формасы, past indefinite: went = «кетти, жөнөдү»;
  3. өткөн чактын атоочтук формасы, past participle — туюк атоочтук же атоочтук этиштин бүткөн түр функциясын аткарат: gone = «кеткен»;
  4. учур чак атоочтугунун формасы, present participle/gerund — анык атоочтуктун чакчыл же этиштен жасалган зат атоочтун (герундия) функциясын аткарат, going = «кетип бараткан», «басып бараткан», «басып баратып», «басуу».

Англис тилинин этиштери жактары боюнча көп өзгөрбөйт, көбүнөчөсү жекелик сандагы үчүнчү жакта -s аякталышы менен бүтөт.

Ошентсе да, этиштердин көпчүлүгү өткөн чактын формасын туура ыкмада калыптандырат — тагыраак айтканда -ed суффиксинин жардамы менен (work: worked), супплетивдерди колдонгон кыйла сандагы туура эмес этиштер дагы бер (go: went; gone).

Убакыт боюнча этиштерди жактоо системасы аналитикалык ыкма менен түзүлөт: негизги этиштин төрт формасынын бирине ага ылайык эки жардамчы этиштердин формалары кошулат, to be («болуу») жана to have («ээлик кылуу»).

Мындай аналитикалуулуктан улам, англис тилинде жалпысынан 12 грамматикалык чак (убакыт) же түр чактар формасы бар. Кыргыз тилиндегидей негизги үч чак, алар: учур чак (present), өткөн чак (past) жана келерки чак (future; кээде, чактарды татаал сүйлөмдөрдө макулдаштырууда пайдалануучу шарттуу ыңгайдагы келечек формасын өзүнчө карашат — айтылуу «өткөн чактагы келер чак», future in the past) Бул чактардын ар бир төрт түргө ээ болушу мүмкүн:

  1. жөнөкөй, же жаксыз (simple, indefinite),
  2. узак, же улантылган (continuous, progressive),
  3. бүткөн (perfect),
  4. бүткөн узак (perfect continuous/perfect progressive).

Бул грамматикалык категориялар биригүү менен жөнөкөй учур чак (present simple) же узак бүткөн келечек (future perfect progressive) сыяктуу түрлүк-чак формаларды калыптандырат.

Синтаксис

Сүйлөмдөгү сөздөрдүн ирети негизинен так (жөнөкөй жай сүйлөмдөрдө бул «ээ — баяндооч — толуктооч»). Айтылуу инверсия же бул ирээтти бузуу англис тилинде ага тууган герман тилдерине салыштырмалуу сейрек (жөнөкөй болгон суроолуу обороттордон тышкары) кездешет. Мисалы, эгер, немец тилинде инвертацияланган сүйлөм андагы логикалык басымды гана өзгөртсө, англис тилинде инверсия сүйлөмгө эмоционалдык угулушту берет.

Лексика

Англис тилинин лексикасында келип чыгышы боюнча байыркы жана индоевропалык катмарлар белгиленет, андан соң калган индоевропалыктардан герман урууларынын бөлүнгөндөн кийинки жалпы германдык лексика, андан соң кийинки мезгилдердеги жана өздөштүрүүдөгү, чөйрөлөргө бир нече толкундар менен (илимий жана диний [христианчылык] чөйрөлөрдөгү грецизм жана латинизмдер, норманн жеңүүсүнүн мезгилиндеги эски француздан өздөштүрүүлөр) кирген англис лексикалары.

Англис тили ири лексикалык байлыкка ээ: Уэбстердин (Noah Webster) толук сөздүгү болжолдуу 425 000 сөздү камтыйт. Бул лексикалык байлык бүткүл этимология боюнча болжолдуу кийинкидей бөлүштүрүлөт: герман тектүү сөздөр — 30 %, латын-француз тектүү сөздөр — 55 %, байыркы грек, италиялык, испандык, португалиялык, голландиялык, немецтик ж. б. тектүүлөр — 15 %. Сөздүккө жазылган сөздөрдөн жандуу сүйлөгөн сөздөргө өтсөк иш башчакараак. Оозеки сөздүккө салыштырмалуу сүйлөмдөрдү гана түзүү мүмкүн, ал эми жазма сөздүн сөздүгү үчүн мындай иш кээ бир жазуучуларга салыштырмалуу ишке ашырылган.

Сөздөрдүн орточо узундугу

Англис тилинин өзгөчөлүктөрүнүн бири — кыска сөздөр.

Бир муундуу сөздөрдүн үзүндүлөрдөгү санынын натыйжасы:

Автор Сөздөрдүн жалпы саны Бир муундуу сөздөр % менен
Маколей 150 102 112,5 54 75 53
Диккенс 174 123 126 76 72,5 61,8
Шелли 136 102 103 68 76 66,8
Теннисон 248 162 199 113 82,4 70

Биринчи вертикалдык катарлар — бардык сөздөрдү эсептегендеги натыйжа, экинчиси — кайталанган сөздөр бир сөз деп эсептелинген натыйжа.

Таблицада англис тилинде кыска сөздөр көпчүлүк кылганы көрүнүп турат, бирок, узун сөздөр дагы бар, мисалы, individualisation же, ал гана эмес antiestablishmentarianism (англис тилинде эң узун сөз honorificabilitudinitatibus — 27 тамга). Бирок, мындай сөздөр англис тилинде салыштырмалуу көп эмес, башкысы — сүйлөөдө сейрек кездешет. Бир муундуу жана деги эле кыска сөздөр — көбүнчө герман тектүү, ал эми узундар — француз жана латын. Илимий проза жана публицистикага караганда, оозеки тилде, жаргондо, ыр түрүндөгү сөздө кыска сөздөр көп.

Англис тилинин сөздөрү эки процесске байланыштуу кыска болуп калган, алардын бири, англис тилин толук каптаган мүчөлөрдүн түшүп калуусу. Бул процесс синтетикалык байыркы англис тилин дээрлик аналитикалык жаңы англис тилине айландырган. Мындай кыскаруулардын таң калаарлык мисалы катары байыркы гот тилинин «habaidedeima» сөзү боло алат, ал англис тилинин «had» — «ээлик кылгам» сөзү менен салыштырылат. Башка процесс англис тилинин лексикасынын бөлүгүн гана алат — бул өздөштүрүлгөн сөздөр менен күчтүү герман басымына ээ болуу. Ошону менен бирге сөздөр төмөнкүдөй кыскартылат.

Айтылышы

Америкалык көңүл ачуу индустриясында америкалык англис тилинин орто батыштык акценти стардарттык деп саналат.

Заманбап англис тилинин америкалык вариантында альвеолярдык [t], [d], [s], [z] пост-альвеолярдыкка өтүп кетет, [j] алдында [t͡ʃ], [d͡ʒ], [ʃ], [ʒ] сүйлөө речинин сөздөрдүн кошулган жеринде: hit you [hɪt͡ʃjə], heard you [hərd͡ʒjə], miss you [mɪʃjə], lose you [luʒjə].

Дагы караңыз

Англис тилин оңой үйрөнүү
Жайгаштыруу: 2021-08-12, Көрүүлөр: 10872, Өзгөртүлгөн: 2023-06-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу