Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Касымалы Жантошов

src="/uploads/bio/kasymaly-jantoshev.jpg" alt="Касымалы Жантошов" align="left" width="200" height="281" class="alignleft"/>Көрүнүктүу прозачы жана драматург Касымалы Жантөшев (1904-1968) 16 жашка келгенде гана жаңыдан кат тааныгандыгын, алгач арипти Орозакун Илепес уулу деген мугалимден үйрөнүп, анын колунан биринчи жолу басма жүзүндө басылган китепти 1920-жылы көргөндүгүн жана 1921-жылы комсомолдун катарына өткөндүгүн өзүнүн “Тепкедеги жаңы мектеп” деген эскерүүсүндө кеңири баяндаган. 1924-жылга чейин айылдык мектепте, анан Фрунзедегн педтехникумда окуган.

Бул жерде чыгармачылык ишин адегенде эле драмалык чыгармаларды жазуудан баштаган. 1926 -1927-жылдары “Койчулар”, “Түштө”, “Биз комсомолецтер” деген бир актылуу, 1928-жылы “Карачач”, “Алым менен Мария” аттуу көп актылуу, пьесаларды жазган. “Карачач” 1929-жылы, “Алым менен Мария” 1930-жылы театр студиясында коюлган.

К.Жантөшев отузунчу жылдардын башында методист, районо башчысы, мугалим катары иштеп, бир топ убакыт Кыргызстандын түштүгүндөгү алыскы тоолуу райондорунда болуп, кыргыз элинин өткөндөгү жана учурдагы турмуш чындыгын үйрөнүүгө бүткүл дитин коёт. Анын бул аракети текке кетпей, чыгармачылык изденүүсүнүн жаңы багытын аныктоого мүмкүнчүлүк ачты. Мурда “Эки жетим” өңдүү чакан аңгемелерди жаза коюп жүргөн автор эми көлөмдүү прозанын үстүндө иштеп көрүүгө бел байлады. Ошентип, түштүк райондорундагы коллективдештирүү мезгилинде курчуган тап күрөшүнүн татаал процессин, ошол күрөштөрдө бетме-бет келген адамдардын, аң-сезимдеринде болгон өзгөрүүлөрдү реалисттик планда элестеткен “Эки жаш” повести жаралды да, 1938-жылы жарыяланып, К.Жантөшевди белсемдүү прозачы катары кыргыз журтуна таанымал кылды.

“Эки жаш” повести коллективдештирүү учурундагы турмуштан алынып жазылган менен, андагы негизги маселе ошол мезгилдин кырдаалына жараша адамдардын аң-сезиминде жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдү, жаны менен эскинин кагылышындагы жанынын чечүүчү ролун чагылдыруу болуп эсептелет. Муну баарыдан мурда Айнагүл менен анын атасы Жолдоштун образдарынан байкайбыз. Бир караган адамга бул чыгармада жеке сүйүү мамилелери гана сүрөттөлүп жаткандай элес калышы да мүмкүн. Чындыгында мында эки жаштын сүйүүсүн ошол учурдун коомдук шартынан, тап күрөшүнүн кырдаалынан ажыратып алууга болбой турган терең байланышы чагылдырылган, б.а. чыгармада үй-бүлөө куруу маселесинин коомдук өзгөрүү менен түздөн-түз карым-катнашта экендиги жакшы ачылган.

Кулу калпа Мамат корбашы менен тымызын байланышып алып, Жолдош өңдүү караңгы адамдардын башын айлантып, аларга: “... эбин таап эки жолду тең кармабасак, жалгыз эле өкмөттүн жолу деп карышып калган менен агабабанын жорук-жосуну бузулбайбы” деп бал тилди салып, ич-койнуна кирнп, экинчи жактан: “Кызын Нурматка бербесе таарынбасын” деп корбашы Маматтын коркутуусу Жолдоштун сезин алып, анын түшүнүгүи тумандатып. көпкө чейин тескери жолдо жүрүүгө мажбурлады. Ал аялын сабап, кызы Айнагүлдү Нурматка баргын деп ары-бериге алып, кыскасы, арага партячейканын кагчысы Эргеш аке түшүп, дос ким, душман ким экендигин даана ачып түшүндүрг, чо Жолдош караңгылыктын. түшүнбөстүктүн тескери жоруктарын иштей берди. Бул арада 15 жашка караган Айнагүлдүн да түшүнүгү терендеди.
[ushka=seredina]
Ал адегенде атасына так карап сөз айтмак түгүл, көчөгө чыгып баскандан корунган жүк бурчундагы кыз эле. Бара-бара турмуштун катаал сыноолоруна бетме-бет кездешкенден кийин өзүнүн укугу жөнүндү ой жүгүртүп, атасына карап: ... Мен ак жүрөк кедеймин, ак жүрөк кедей кызын сатпайт, кызым чоңойгондо каалаганы менен кетет” дечү элениз. Бирок иш сиз айткандай болуп чыкпады” деп, анын адилетсиздигин бетнне баса айтып, баары бир Нурмат менен бирге жашабай тургандыгын, кези келсе өзүн өлүмгө кыярын ачык билдирет. Айнагүл өзүнүн адегендеги пассивдүүлүгүн (Арзыматтын тилин албай коюп жанылыштык кетиргендигин) кийин Нурматтын торуна капыстан түшүп калганда гана ачык сезет да, Арзыматтан кечирим сурап, ага кат жазат. Айнагүл менен анын атасы Жолдоштун ушундай татаал жолду басып отуруп жанынын маанисин түшүнгөндүгүн автор кыйла ишенимдүү сүрөттөп бере алган.

Адамдардын аң-сезиминин жаңырышына, эски түшүнүктөн жаңы түшүнүккө өтүшүнө отузунчу жылдары кыргыз жергесинде жүрүп жаткан социалисттик кайра куруулардын күчтүү агымы чечүүчү таасирин тийгизгендиги белгилүү. Муну автор повестте Жолдошту он жолго салган Эргештин, Айнагүлгө таасир эткен Арзыматтын образдары аркылуу дурус элестеткен. Автор бул эки образды тең мурдатан эле жетилип, таптык позициялары калыптанып калган, турмуштук активдүүлүгү күчтүү образдар катары чыгармага киргизет да, анан алардын андан аркы аракеттерин көрсөтүүгө өтөт. Бирок автор эмнегедир Эргештин образын тереңдетүүнү ойлогон эмес. Мурда Айнагүл менен Арзыматтын баш кошуусу үчүн бардык аракеттерди жумшап жаткан Эргеш кийин ал экөөнүн андан аркы тагдырына кийлигишпей кала берет. Эргеш повестте бар болгону Жолдошко түшүндүрүү ишин жүргүзүү милдетин гана аткарат.

Ырас, повестте автор каармандардын ички дүйнөсүн терең көрсөтүү маселесин анча элес албаган. Арзымат менен Айнагүлдүн ой-дүйнөсү, ички санаркоосу алардын бири-бирине жазган каттары аркылуу билдирилет. Андан башка учурларда каармандардын психологиясы анча терең сүрөттөлбөйт. Көбүнчө ашыкча кооз, “гүлдүү” сөздүү автордук баяндоолор колдонулат. Бирок бул каармандардын ички дүйнөсүнөн такыр эле кабар берилбептир дегендикке да жатпайт.

Өз учурунда куюлушкан уйкаштуу жорго сөздөрдөн турган Айнагүл менен Арзыматтын каттары кыргыз жаштарынын арасында өтө кеңири тарап, сүйүшкөн жаштар үчүн үлгү катары колдонулгандыгы бекер жеринен болбосо керек. Анткени ал кездерде кыз менен жигиттин көчөдө колтукташып бирге басуусу эрөөн көрүнчү, ошол себегпүү сүйүшкөн жашгар бири-бири менен көбүнчө кат аркылуу сырдашчу. “Эки жаш” повестиндеги кат формасын көбүрөөк колдонулушу да ошол учурдун чындыгы менен шартталган.
Повестте көркөм сюжет маселесинин кыйла чыйрак иштелгендигин баамдоого болот. Айрыкча Айнагүлдү Нурматтын зордоп алып кеткенден кийинки окуялар курч түрдө өнүгүп, окуган адамдын кызыгуусун туудурбай койбойт.

К.Жантөшевди чоң прозаик катары тааныткан жана аны окурмандарга кеңири белгилүү кылган чыгармасы айтылуу “Каныбек” романы. Романдын алгачкы эки китеби 1939-1941-жылдары, калган бөлүмдөрү кыркынчы, элүүнчү жылдары жазылып, автор тарабынан мурунку китепгери дагы бир сыйра иштелип, анан элүүнчү жылдары алты бөлүмдөн турган эки чоң китеп түрүндө жарыкка чыккан. Роман орус тилине которулуп, эки жолу массалык нуска менен жарыяланды. “Каныбекгин” өз учурунда сүйүктүү чыгарма катары элге кеңири таанымал болгондугун Каныбек, Анархан, Алым аттуу аттардын балдарга көп коюлуп, эл арасына көи таралгандыгынан да ачык көрөбүз. “Каныбектин” сюжети боюнча да автор тарабынан драма жазылып. театрга коюлду. 70жылдардын аягында романдын бир бөлүгү кинофильм түрүндө элге тартууланды.

Романдын алгачкы китептери жарык көргөндөн тарта бүгүнкү күнгө чейин ал жөнүндө ар түрлүү пикирлердин айтылып келаткандыгы белгилүү. Өзгөчө чыгарманын жанрлык өзгөчөлүгү тууралуу бир катар карама-каршы көз караштардын адабий сындан орун алгандыгын эскертүүгө болот. “Каныбектин” кийинки китептери жарык көрө баштаган кезде аны эл турмушунун “реалисттик, тарыхый билгичтик менен баяндаган” чыгарма катары баалаган пикирлер басма сөздөн орун алган. Андан кийинчерээк чыгарманын жанрлык өзгөчөлүгүнө байланыштуу дагы бир катар ойлор айтылды: “Каныбек биринчи тараптан шумдуктуу окуялардан түзүлгөн нриключениялуу (окуялуу) романдын каарманы болсо, экинчи тараптан курч социалдык конфликттердин негизинде жазылган социалдык-турмуштук романдын каарманы. “Романдын күчү фольклордук эстетикага бекем таянгандыгында”. Мындан тышкары “Каныбекти” социалдык-тарыхый чыгарма катары караган пикирлердин айтылгандыгы да белгилүү.

Чындыгында чыгарманы социалдык-турмуштук роман катары карап, анын жазылышына фольклордук көркөм ойлоонун таасири тийген деген пикирлер чындыкка көбүрөөк жакын. Бирок роман кээ бир авторлор айткандай баштан аяк жомок, же бүт бойдон элдик оозеки чыгармачылыктын духунда жазылган эмес. Чыгарманын организмине сицирилген айрым бир легендалар, уламыштар, санжыралар, макал-лакаптар аны бүт бойдон элдик фольклордун алкагындагы чыгарма деп мүнөздөөгө толук негиз бере албайт. Каармандардын ички дүйнөлөрүнө терец сүцгүп кирбөө, жан дүйнөнүн диалектикасын аңтарып көрсөтпөө бул кыргыз фольклорунун өнөкөт оорусу эмес. Тескерисинче, фольклордук алкактагы психологизмди биз элдик оозеки чыгармалардан (айрыкча эпостордон) жетиштүү түрдө кездештиребиз.

Кеп мында психологизм маселесине жазуучу өзү анча маани бербегендигинде болуу керек. Ырасында да, К.Жантөшев көбүнчө чыгарманын окуялуу болушуна кызыккан, көркөм сюжетти шөкөттөөнү алдыңкы планга коюп, анын курч, динамикалуу эпизоддордон курулушуна жетишүүгө умтулган, ошентип ал каармандардын ой-дүйнөсүнө азыраак, ал эми кыймыл-аракетине, тагыраак айтканда, Алай, Ош, Какшаал, Кашкар, Сибирь, казак талаалары сыяктуу кең айдыңдардагы алардын удургуган тагдырынын чүкөдөй калчанган тынчсыздыгына, эзүүчүлөрдүн бир жерге байыр алдырбаган ырайымсыздыгына жана ага каршы жүргүзгөн күрөштөргө көбүрөөк көңүл бурган. Чыгармада каармандардын мындай турмушунун коомдук-саясий, социалдык-турмуштук негиздери бир кыйла жеткиликтүү сүрөттөлгөн.

Баш каарман Каныбектин тагаал тагдыры эң биринчи кезекте эмне менен гүшүндүрүлүүгө тийиш? Автордун сүрөттөөсү бөюнча анын мындай абалга дуушар болушуна ошол учурдагы кыргыз элинин коомдук турмушунун өзү себепкер. Кыргыз жергесинде феодалдык-патриархалдык коомдук түзүлүш үстөмдүк кылып турган өшол заманда анын “ат жетпеген” кээ бир булуң-бурчтарында али кул ээлөөчүлүктүн калдыгы бар эле. Каныбектин атасы Сансыз кул катары колдон колго өтүп, эзилип, акыры ырайымсыз тепкиден кийин көз жумду. Атасы өлгөн сөң Каныбек эми өзү ошол кулчулуктун торуна түшүп, колдон колго буюм катары өтө баштады. Ага же башка, көзгө чапса кыңк этпей мал сыяктуу айдаган жакка кетип жүрө берүү керек эле, же байлык, мүлк күтпөсө да адам сыяктуу өзүнчө түтүн чыгарып, жарык дүйнөдө жашоо эле.

Каныбек тестиер кезинен сергек чыкты да, ушул экинчи жолго өзүнүн ыкласын багыттады. Бирок бул жолго аң-сезимдүүлүк менен түшкөнгө чейин ал кулчулуктун көптөгөн запкысын башынан өткөрдү. Адегенде ал чоң ата, чоң энелери жашаган Алай тарапты бейиштин жери, кулчулук эзүүсү жок деп түшүндү. Ал өзүнүн балалык кыялында ошол жакка качып болсо да кетип калууну көп эңсеген. Акыры Каныбек энеси Ажар менен Алайга кетмек болуп качып да көрдү. Бирок Түлкүбектин торунан баары бир кутула албады. Атасы Сансыз өндөнүп байгеге сайылган кул катары ашкан бай Зуннахундун колуна өтүп, Кашкарга бөтөн эл, бөтөн жерге кетүүгө аргасыз болду.

Эгерде автор Түлкүбекти эң айлакер, ашынган митайым, мансапкор феодал катары сүрөттөө менен, анын соода-сатык, алым-берим мамилелери аркылуу кыргыз феодалдарынын айрымдарына натуралдык чарба жүргүзүү (акча ордуна мал-мүлк ж.б. натуралай буюмдарды берүү) жана кулдарды жумшоо сыяктуу көнүмүштөр мүнөздүү болуп тургандыгын элестетсе, Зуннахундун образы аркылуу (анын жалаң эле Кашкарда 60 дүкөнү бар, карамагында 6 миң киши иштейт) соода капиталынын ири өкүлүн көрсөткөн. Зуннахун үчүн эч акы албай турган Каныбектей кулдарды жумшоо пайдалуу. Ошон үчүн ал Түлкүбектей, Айдарбектей кыргыз феодалдарына товар жүгүрткөн болуп, алар менен куда-сөөк, дос-тамыр катары жакындашып, биротоло байланышып алыштын амалын издейт.

Табиятынан зээндүү, сергек болуп чоңойгон Каныбек кулчулуктун кордугуна өмүр бою чыдап жүрө албайт эле. Ал Зуннахунга келгенге чейин энеси Ажардын кашында анын мээримине бөлөнүп, балалык учкул кыялдын кучагында гана болуп, турмуш менен жекеме-жеке беттешпегендиктен, пассивдүү жүргөн. Эми ал өз тагдырын өзү чечүүчү турмуштук кырдаалга туш келди. Табигаттын закону экен, бой тарта баштаган Каныбектин алгач сүйүү сезими ойгонуп Анархан менен жакын мамиледе жүрдү. Бирок мындан ары анын жолу болбоду. Өлүм алдынан Зуннахундун кайын атасы Айдарбек датканын каты аркылуу кутулуп, эми Айдарбектин карамагына өтүп, Кашкардан Алайга оошту. Мына ушул жерден анын көз карашы кеңип, турмушка, коомго, социалдык теңсиздиктин себептерине карата болгон түшүнүгү кеңиди. Жигиттик каруу-күчкө толуп, ар өнөргө ышкысы артты. Каныбектин мындай өнөрлүү, сөзмөр, шамдагай, чечкиндүү жигит катары биротоло калыптанышына ошол жердеги карапайым адамдардын чөйрөсү, айрыкча комузчу Жуманын, Чоң койчунун, орус маданиятынан кабары бар алдыңкы көз караштагы Акматтын таалими тийди. Каныбектин алар менен болгон карым-катнашы романда реалдуу ачылган.

Таптык түшүнүгү курчуп, көз карашы кеңейип, ак-караны даана ажыраткан Каныбек эми эзүүчүлөргө каршы аң-сезимдүү күрөшкө чыга баштады. Бирок ал азырынча жеке өз керт башынын эркиндиги үчүн гана күрөштү. Айдарбектин Ак жал аттуу күлүгүн минип качты. Эзүүчүлөр өкүм сүрүп турган заманда жеке адамдын биротоло эркиндикке чыгышы эч мүмкүн эмес экендигин ал азырынча түшүнгөн жок. Ак жалды минип, ээн тоо, токойго жашырынган менен, баары бир кутула албады. Түлкүбектин колуна, андан кайра Зуннахундун торуна түшүп, түрмөгө камалды. Албетте, мунун баары реалдуу, ишенимдүү эле сүрөттөлгөн окуялар. Бирок автор окуялардын кызыктуу болушуна орду жок умтула берип, анын өнүгүшүнүн логикалуулугун кээде ыдыратып таштап, окуучуну күмөн санатып койгон сүрөттөөлөргө да жол берген. Мисалы, Ак жалды минип качкан Каныбек дароо эле кармалат да, үйгө камап койгон жерден экинчи жолу качат.

Камалып турган Каныбекти автордун эрки менен Айдарбектин эч бир адамды карап турбаганына таң калууга болот. Кыскасы, Каныбек Ак жалды минип эки жолу качып, эки жолу кармалат. Эгерде окуянын мындай татаалданып, курчушу образдарды ачуу үчүн кандайдыр бир кызмат аткара алса, анда муну актоо мүмкүн эле. Тилекке каршы, мыңдай күтүүсүз жерден чыга калган кээ бир окуялар романдын образ системасынын чың болушу үчүн эч качан роль ойнобойт, тескерисинче, ыксыз приключениялуулукка (окуялуулукка) тап койгон жасалмалуу кошумчалар катары кала берет. Автордун фольклордогудай апыртмалууларга жол берип, аны кээде акыр аягына чейин кынаптап, ийине жеткире иштей албай калгандыгы чыгармага дагы бир катар жасалма окуялардын кирип кетишинен ачык байкалып турат.

Бирок романдагы эң негизги социалдык-саясий маселенин түйүнү реалдуу сүрөттөлгөндүгү калетсиз. Бул Каныбектин күрөш жолуна чыгыш эволюциясын, анын коомдук түзүлүшкө каршы нааразычылыгын, социалдык турмуштук себептерин автордун кеңири, масштабдуу сүрөттөп бере алгандыгы. Кулдук эзүүгө каршы Спартакча элдешкис күрөшкө чыккан Каныбек өзүнүн тайманбас кайраттуулугу, бийик адамгерчилиги, эпчилдиги, шамдагайлыгы, акыл-эстүүлүгү, элге-журтка алымдуулугу, доско, жолдошко кайрымдуулугу, жылдыздуу жүзү, жагымдуу өнөрпоздугу аркасында Зуннахундан түрмөсүнөн качып кутулуп, өз тегерегине карапайым адамдарды топгоп, аз убакыт болсо да жеке эркиндикке жетишип, атүгүл Айдарбекти алдына түшүрүп жүгүнтүп, Сооронбай болуш менен табакташ болуп, тентайлашуу деңгээлине да ээ болуп көрдү. Бирок баары бир коомдук түзүлүш түп-тамырынан бери өзгөрмөйүн карапайым адамдардын биротоло эркиндикке чыгышы мүмкүн эмес экендигин ал али түшүнбөдү.

Күрөштүн туура жолуна Каныбек Сибирге айдалып барып келгенден кийин гана түшүндү да, совет бийлигин чыңдоо үчүн басмачылар менен аёосуз күрөш жүргүздү. Каныбектин Сибирден келгенден кийинки атын жашырып жүргөн мезгилдериндеги окуяларда да жасалмалуулуктун фактыларын кездештирүүгө болот. Анткен менен экинчи китепте ашыра апыртууларга жол бербөө үчүн автордун көп аракет кылгандыгы да ачык көрүнөт.
Чыгармада Каныбек сыяктуу башкы каарман катары сүрөттөлбөсө да, ошого тете идеалдуу планда түзүлгөн Алым менен Муслимахундун образдарына байланыштуу автор кыргыз жергесинде Октябрь революциясына чейинки мезгилде эркиндик үчүн күрөштүн күч ала баштагандыгын бир кыйла тереңирээк элестетмек болгон. Жолдошко күйүмдүүлүк, тилектештик, адамгерчилик сапаттары менен бирге автор бул каармандарды да айлакер, баатыр, акылман адамдар катары көрсөтүүгө аракеттенип, кээде чектен өткөн жасалмалуулукка да жеңдирип жиберген. Экинчи Каныбек турпатында сүрөттөлгөн Алым Каныбектин түрмөдөн чыгышын мыкты уюштурат.

Автор ушул жерде Зуннахунга малай жүргөн Алымды заматта алтын жамбыларды ары-бери калчаган колунда бардар таасирдүү адамдын деңгээлине оңой эле жеткире коёт да, ага аппак кожону, шээтайды конокко чакырттырып, айтор, бат эле шаардагы белдүү кишинин катарына кошот. Албетте, мунун баары автордун эрки менен эле боло калат. Ошончолук көп эмгек сиңирген, көп кыйынчылыктарга керек болчу Алымдын айдалып бараткан Каныбек менен коштошкондон кийин дайынсыз жоголуп, чыгармадан биротоло өчүп калышын эмне менен түшүндүрүүгө болот? Анарханды Ошко алып келип орноштургандан кийин Каныбек, Анархан, Дарыяхан үчүн дайыма даяр турган Алым кантип эле айдалып кеткен өзүнүн Каныбегинин үй-бүлөсүнө кайрылып келбей койсун? Ошончолук бийик адамгерчиликтүү Алымдын мынчалык төмөндөп, өзү менен өзөктөш эл-журттан ажырап калышы эч мүмкүн эмес эле. Чыгармада өнүккөн окуя менен образдын логикасы ушуну талап кылып турса да, автор Алымды өз эрки менен гана ың-жыңсыз, дарексиз абалда калтырып коёт.

Ошол учурдагы кыргыз элинин коомдук-саясий, социалдык-турмуштук абалын элестетүүчү конкреттүү турмуштук сценаларды романдан жетишерлик эле санда кездештиребиз. Башкасын айтпаганда да эзүүчү таптардын бийлик, мансап талашып, өз ара тымызын ички карама-каршылыктарда жашагандыгын, ар кимиси өз зоболосун бийик көтөрүп, калгандарына таасир этүүчү бедел күтүүгө жанталашып аракеттенгенин, алардын “уруу ынтымагы” деген жалган ураанга жамынып, караңгы адамдардын башын айландырганын Карабек менен Сооронбайдын болуштукту талашкан окуяларынан, Шамырбектин ашы менен Айымбачанын тоюна байланыштуу сүрөттөлгөн сценалардан ачык көрөбүз.

Романда аялдардын Октябрь революциясына чейинки коомдук-соцналдык абалынын да ар түрдүү болгондугу кеңири сүрөттөлгөн. Бир тарапта байлыкка, дөөлөткө чиренген Супахан (Зуннахуңдун энеси), Күмүш (Түлкүбектин аялы), Эркайым (Айдарбектин аялы) сыяктуулардын аШкере опггонгон кьшыктары, уятсыйыттан безип, куулук-шумдугу ашынган Асалхан, Саламатхан өндүүлөрдүн ыплас жоругу, экинчи тарапта туруктуулук, чыдамкайлуулуктун, аялдык назиктиктин, мээримдүүлүктүн, ак сүйүүнүн, боорукердик менен жароокерликтин татынакай өрнөктөрүн элестеткен Ажар, Анархан, Дарыяхан, Бегайым, Сакадай, Өлмөсхам, Алтын көкүл Раушан, Ирина, Анна жана башкалардын адамдык асыл сапаттары контрасттуу чагылдырылган.

Романдын экинчи китебинде Совет бийлигинин кыргыз жергесинде орноп, чындала башталышына байланыштуу түзүлгөн тарыхый кырдаалды да автор реалдуу көрсөткөн. Анда жергиликтүү элдин жаңы заманды кучак жайып кабыл алышы, ошол жаңы турмушту орнотууда анын негизги кыймылдаткыч күчү катары жапырт активдүү аракетке келгендиги, бул процесстин бир кыйла татаал жол менен ишке ашкандыгы, басмачылардын, дин өкүлдөрүнүн жана акырында эл аралык империализмдин кыргыз элин туура жолдон четтентүү үчүн жасаган аракеттеринин биротоло ойрондолушу сүрөттөлөт. Мына ушул жагдайлар романды социалдык тарыхый чыгарма катары кароого да негиз берет. Чындыгында да романдын бүткүл духу, жазылуу манерасы, камтыган турмуш чындыгы боюнча алып караганда жогоруда эскертилгендей, социалдык-турмуштук кырдаалдар басымдуураак сүрөттөлгөндүгү талашсыз. Ал эми каармандардын ички дүйнөсүнүн динамикасын ачууга караганда курч окуялардын катышуучулары, жеңүүчүлөрү катары алардын тынымсыз кыймыл-аракетте болушу чыгарманын жанрдык бөтөнчөлүгүн түзүп турган дагы бир өзгөчөлүк катары каралат.

Ушундай эле жазуучу манерасын К.Жантөшев өзүнүн азыркы учурдун темасына арналган “Хан-Теңирлик чабан” аттуу кийинки романында да кандайдыр бир денгээлде уланткан. Романдын баш каарманын автор адегенде эле: “Биринчи класстан тогузунчу классты бүткөнгө чейин жакшы окуп, тартиптүү жүргөн Темирболот эми ашынган тентек чыкты. Анын мындай тез өзгөрүшүнүн себебин билген бир киши жок”, деп табышмактуу мүнөздөө менен тааныштырат. Андан ары баш каарманга дагы кошумча мүнөздөмө берилет. Темирболот класста, үйдө эң сонун жүрөт. Энеси тапшырган иштерди татынакай аткарат. Кошуналардын суусун, отунун алып келип берип, мал-салына каралашат. Мындайча айтканда, эмгекти сүйгөн, адамдарга жардамдашуу үчүн дайыма даяр турган элпек Темирболоттун каршысында өз билгенинен кайтпаган, тентектиги ашынган Темирболоттун тургандыгын автор окуяны табышмактуу, кызыктуу кылыш үчүн атайы эскерет.

К.Жантешевдин прозасындагы окуялуулук жөнүндо сөз болгондо, анын “Тилек”, “Ашуу ашкан суу” өңдүү фантастикалык жанрда жазылган повесттери эске түшпөй койбойт. Бул чыгармалар үчүн окуялуулук жанрдын табиятына ылайык өзүнөн өзү зарыл болуп тургандыгы түшүнүктүү. Фантазияны илимдин жетишкендиктерине жана илимий гипотезаларга негиздөө жазуучудан чоң даярдыкты талап кылары белгилүү. К.Жантөшев бул повесттерде ошол талаптарга жооп берүү үчүн көп аракет жумшаган, жашгардын романтикалык ой-кыялдарын козгоо багьггында аз болсо да ийгиликгерге жетише алган. Муну аталган повесттердин мазмуну, алардагы көтөрүлгөн маселелер толук ырастайт. Бирок каармандардын жан-дүйнөлөрүнүн дннамикасына жетишсиз көңүл буруу, алардын индивидуалдуу мүнөз өзгөчөлүктөрүн түзүүнү анча элес албоо чыгармалардагы негизги кемчиликтер катары туура белгиленип келатат.

Алтымышынчы жылдары К.Жантөшевдин прозалык чыгармаларында кандайдыр бир көркөмдүк бурулуштардын болгондугу байкалат. Жазуучу азыркы учурдун турмушун көрсөтүүгө арналган повесттеринде мурда өзүнө көнүмүш стилдик өзгөчөлүк болуп калган окуялуулук менен каармандардын идеалдуулугу өндүү сүрөттөөлөргө анча кызыкпай, алардын өз ара мамилелеринин, ички дүйнөлөрү менен психологиялык абалдарынын реалдуу болушуна көбүрөөк басым жасады. Буга автордун “Менин тагдырым, “Биздин секретарь”, “Айып мендеби?” повесттерин мисал катары көрсөтүүгө болот.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 25107, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2019-03-08
Талкулоо/Пикирлер