Бейшеналиев Шүкүрбек (1928-2000)
Жайгаштыруу: , акыркы жаңыртуу:
Бул анын чыгармачылыгынын өсүшүнө кыйла таасир берген. Жаш талапкер 1950-жылы балдарга арналган чыгармалардын республикалык конкурсуна катышып, анын Чыныгы достук повести 1-сыйлыкка татыктуу болот. Жазуучунун 50-жылдары балдар үчүн жарык көргөн Демилге жыйнагы да чет тилдерге которулган.
Жазуучунун балдарга арналган көпчүлүк чыгармалары Шериктеш өлкөлөрдүн болгар, моңгол, англис, араб, испан, фарс, пенжаб, швед, француз, орус, украин, немец, урду ж. б. тилдерге которулган. Ш. Бейшеналиев Кычан повести мектеп окуучуларынын сүйүктүү чыгармаларынан. Бейшеналиев балдардын мүнөзүнүн дилгирлигин, кыял-жоругун билгичтик менен чебер сүрөттөгөн Ак тайлак, Карлыгач, Табышмакчы Чынара, Таалай жолу, Too ханышасы ж. б. чыгармаларды жазган.