Мукай Элебаев (15-январь 1906-жыл, Кыргызстан, Ысык-Көл облусу, Түп району, Чоң-Таш айылы — 15-май 1944-жыл, Псков району, Ленинград облусу) — кыргыз жазуучусу, акын, драматург, котормочу, кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрүнүн бири.
Мукай Элебаев 1906-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Чоң-Таш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 11 жашында (башка маалыматтар боюнча 9 жашында) энесинен ажырап, көп узабай атасынан ажырап, тоголок жетим калат.
Атасынын агасы Элебестин колунда бир аз турган соң, байларга жалданып иштеп батракчылык кылып жан багып, Ыбыке ажынын коюн кайтарып, орус кулактарынын чочкосун багып, уйгур, дунган байлардын пиязын отойт. Тапкан ташыгандарын бөбөктөрүнө берип, алардын боорун жерден көтөрүүгө көмөктөшөт.
1916-жылы Мукай падышанын кысымына нааразы болгон кыргыз эли менен бирге үркүп Кытай жерине качып барат. Ал жерде да чекеси жылып, курсагы ашка тойбойт. Омурткасы ката элек болочок акын эми кытайлык феодалдардын ырайымсыз мамилесине дуушар болот: бир сындырым нанга жетпей, өлбөстүн күнүн көрөт. Кыскасы, Мукай кабыргасы кайышкан азаптуу турмушту өз эли менен бирге тарткан.
Кийинчерээк кыргыз жеринде Совет бийлиги орноп, падыша тактан кулаптыр деген кубанычтуу кабар жетет. Ошондо Мукай иниси Беккулу менен эки жылдан (1919) кийин киндик каны тамган Ысык көлгө кайтат.
Мекенке келгенде сабатсыздыкты жоюуу боюнча Жылуу-Булак айылында «Жаңы тартип окуусу» деген окууда (1920-жылы, эки айдай окуйт), 1921-жылдан тарта — Пржевальск шаарындагы (учурдагы Каракол) балдар үйүндө (интернатта), 1924—1926-жылдары — Түп зооветеринардык (айыл-чарба) техникумунда билим алган; 1930-жылы Фрунзе педагогикалык техникумун бүтүргөн. Окуусун аяктагандан кийин гезит-журналдарда, басмада, жазуучулар биримдигинде дагы эмгектенет.
Биринчи кыргыз агартуучу жазуучуларынын бири Жума Жамгырчиев менен биргеликте мектеп окуучулары үчүн адабият китебин жазып, китеп 1930-жылы жарык көргөн.
1943-жылы Улуу Ата-Мекендик согушка жөнөтүлгөн. Кызыл аскерлердин 267-аткычтар полкунун аткычы болуп, фронтто каза болгон — тагыраак айтканда 1944-жылдын 15-майында жараатынан каза тапкан. Сөөгү учурдагы Псков облусунун Ланев Тоосу (орусча Ланева Гора) кыштагындагы «Боордоштор мүрзөсүндө» коюлган. Телеграммада «Кыргызстандын эр жүрөк уулу Мукай Элебаев 1944-жылы 15-майда душман менен баатырларча салгылашып жатып курман болду» деген кыска сөздөр бар эле.
Мукай Элебаев классик жазуучу, кыргыз профессионалдуу адабиятынын башат салуучуларынын бири болгон деп саналат.
1924-жылы (башка маалыматтар боюнча 1925-жылы) «Эркин-Тоо» газетасынын алгачкы басылмаларынын бирине биринчи «Зарыгам» ыры менен чыгып дебютталган.
Ыр жарык көрөр замат эл арасына чагылгандай тез тарап, ооздон-оозго өткөн. Айылдык мектепте окуган жаштар анын ар бир сабын жатка айтышчу. Демек, акын ушул алгачкы ыры менен эле жалпы кыргыз элине таанылган десе дагы болот.
«Биздин жаштар» ыры 1928-жылы чыгып, биринчи «Ырлар жыйнагы» 1931-жылы басылган.
1933-жылы «Майдан» аттуу экинчи ырлар жыйнагы чыгып, ал кыргыз поэзиясынын өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ болуп, заманбап темаларды, жаңы поэзиялык формаларды бекиткен. 1938-жылы «Ырлардын толук жыйнагы» жарык көргөн.
1936-жылы (башка маалыматтар боюнча 1934—1935-жылдары) совет өкмөтү орногонго чейинки башынан өткөргөн оор турмуш, кыйынчылык күндөрү тууралуу «Узак жол» аттуу ири романдын автору (орус [1959] жана латыш тилдеринде дагы басылган) — кыргыз адабиятындагы автобиографиялык мүнөздөгү реалисттик прозанын биринчи тажрыйбасы, биринчи кыргыз романы.
Романдын логикалык уландысы катары «Кыйын кезең» (1938) очерки, «Зарлык» жана «Бороонду күнү» (1939) аңгемеси болгон.
1941-жылы «Салам кат», 1943-жылы (башка маалыматтар боюнча 1941-жылдын 7-июлунда) «Улуу марш» фронттук ырлар жыйнактары жарык көргөн.
Мындан тышкары Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында «Алыскы тоодон» (1942), «Сонку бир күн» (1942) ангемелери жазылган.
Мукай Элебаев тарабынан орус жана чет элдик адабияттын бир катар чыгырамалары кыргыз тилине которулган: Н. В. Гоголдун «Шинели», Л. Н. Толстойдун «Хаджи-Мураты», М. Горькийдин, Д. А. Фурмановдун, А. С. Пушкиндин «Өлгөн ханыша жана жети баатыр жөнүндө жомогу», В. В. Маяковский, С. Я. Маршактын ырлары, Жан Батис Мольердин, Чарльз Диккенстин чыгармалары ж. б.
1934-жылдан тарта СССР жазуучулар бирикмесинин мүчөсү.
Мукай Элебаев драматург, адабий сынчы катары да белгилүү. Анын көркөм котормо жана элдик адабий мурастарды жыйноо ишине кошкон салымы да бар.
Мукай Элебаев Москва, Ташкент өңдүү чоң шаарлардан билим алып, рухий дүйнөсүн байытууну көздөчү, муну «Зарыгам» ырынын кийинкидей саптарынан байкасак болот:
Маскөө, Ташкен ураанын,
Жакшы деп элден угамын.
Ошолорду мен угуп,
Канткенде чыдап турамын.
Акындын «Кедейлерге», «Тоо жаштарына», «Бай балдары», «Октябрь», «Жаш балбандар» жана башка ырлары тап күрөшүнө жана жаштардын билим алуусуна, алардын эл алдында жоопкерчилигине, үгүт-насыят иштерине арналган.
Мукай Элебаевдин ысымынан аталган: