Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байдылда Сарногоев

Баш барак | Биографиялар | Байдылда Сарногоев

Байдылда Сарногоев (14-январь, 1932-жыл, Кыргызстан, Талас облусу, Талас району, Будёновка айылы — 19-ноябрь, 2004-жыл, Бишкек шаары) — кыргыз эл акыны, жазуучу.

Байдылда Сарногоев
Байдылда Сарногоев
Төрөлгөн датасы14-январь, 1932-жыл
ТөрөлгөнКыргызстан, Талас облусу, Талас району, Будёновка айылы
Каза болгон датасы19-ноябрь, 2004-жыл (72 жаш)
Каза болгон жериКыргызстан, Чүй облусу, Бишкек ш.
Ишмердүүлүгүакын, жазуучу
Чыгармачылык жылдары1945—2004
Жанрпоэзия
Дебют«Жаз келди» ыры (1945)

Өмүр баяны

Кыргы элинин белгилүү жана сүйүктүү акындарынын бири Байдылда Сарногоев Талас облусунун Талас районуна караштуу Будёновка айылында 1932-жылдын 14-январында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

Жаш кезинен эле жетим калып, Көк-Арыктагы колхоз мектебинде 6 классты гана бүтүрүп, андан кийин Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) А. С. Пушкин атындагы №5 кыргыз орто мектепте билим алып, аны 1951-жылы аяктайт.

Жаш кезинен поэзия менен алектенип, ырларды жазган. 1945-жылы 13 жашында райондук «Лениндик туу (желек)» газетасында анын «Жаз келди» аттуу ыры жарыяланган. Ошондон тарта анын ырлары республикалык мезгилдик басылмаларда кез-кез жарыялана баштаган. 1951-жылы СССР жазуучулар бирикмесинин алдындагы А. М. Горький атындагы адабий институтта 1 жыл тажрыйба алып, ошол эле жылы СССР жазуучулар бирикмесинин мүчөсү болот. Институтту (А. М. Горький атындагы) 1956-жылы акын Сооронбай Жусуев менен бирге бүтүрөт.

1956-жылы Байдылда Сарногоев алгач «Ала-Тоо» журналынын редакциясында поэзия бөлүм башчысы болуп, андан соң 1959-жылдан 1973-жылга чейин Кыргызстан жазуучулар бирикмесинин адабий кеңешчиси болуп эмгектенген. 1973-жылы чыгармачылык иш үстүндө болот.

«Шумкар» аттуу биринчи ырлар китеби 1952-жылы жарык көргөн. Бул жыйнак ошол замат жаркын жана тиричилик талантын таап, авторго чыгармачылык атак-даңкты алып келет. Анын чыгармалары өзгөчө акындык таланты, таасирдүү лирикасы менен айырмаланган.

1956-жылы «Досторго» (Курбуларга) аттуу экинчи жыйнагы чыккан. «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэзиялык жыйнак (1982, 1984-жылдар), 1986-жылы Алыкул Осмонов атындагы Кыргызстан жазуучулар бирикмесинин сыйлыгы менен белгиленген. Байдылда Сарногоевдин көпчүлүк ырлары кыргыз обончулары тарабынан обонго салынып, көптөгөн угуучулардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. «Биз калдык», «Жайдын бир түнү», «Дилбар», «Жылкычы бозой», «Ак чыны», «Кыздар жана көйнөктөр», «От койгон махабаттын милтесине», «Кубандым өзүм алгандай», «Жаштарга», «Эсен бол», «Жашасын аял» жана башка ырларына композиторлор обон жаратышкан. Чыгармалары орус тилине которулуп жана басылып чыгарылган, айрым чыгармалары болсо шериктеш өлкөлөрдө басылган.

2004-жылдын 19-ноябрында каза болгон, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Элдин айтуусу боюнча акын элдик ырларга жакын болуп, таамай айтылган ойлору дароо эсте калчу дешет. Ошондой эле, ал чындыкдын жактоочусу болуп, чыныгы патриот болгон делет.

«Байдылда Сарногоев ыр үчүн туулуп, ыр үчүн жашаган нукура туубаса таланттардын бири» Кадыркул Даутов.

Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн...
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.

Толкундап бийик үн менен
Топтошуп алып сүйлөгөн,
Токсон миң тоскоол болсо да
Топончо көрбөй үйлөгөн...
Достук деп келгем дүйнөгө
Достук деп өтөм дүйнөдөн.
(Байдылда Сарногоев)

Үй-бүлөсү

  • Атасы — Сарногой
  • Эжеси — Сарногоева Сейнеп (1905—1966)
  • Жубайы — Зина апа
  • Уулу — Баястан Сарногоев
  • Уулу — Бактыяр Сарногоев
  • Уулу — Бакай Сарногоев
  • Кызы — Карлыгач Сарногоева
  • Кызы — Гүлсана Сарногоева

Эстелик

2019-жылы Байдылда Сарногоевдин ысымы Талас районундагы Бекмолдо Ишимов атындагы айыл аймагындагы маданият үйүнө берилген.

Сыйлыктары

Айрым чыгармалары

Китептери

Кыргыз тилинде

  • Шумкар: Ырлар жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1952. – 87 б.
  • Досторума: Ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 152 б.
  • Бала мерген: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1956. – 42 б.
  • Баяс: Ыр менен жазылган повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1956. – 123 б.
  • Жокен. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 16 б.
  • Ак калпак: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1961. – 188 б.
  • Тоолор жана тоолуктар: Ырлар, поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1966 – 179 б.
  • Үзүлбөгөн үмүттөр: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 124 б.
  • Сүйлөшүү: Ырлар, поэмалар, термелер. – Ф.: Кыргызстан, 1970. – 167 б.
  • Менин батпас күнүм: Ырлар, поэмалар, котормолор. – Ф.: Мектеп, 1972. – 142 б.
  • Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1973. – 316 б.
  • Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 314 б.
  • Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 240 б.
  • Таалай өлбөйт: Поэмалар, ырлар. – Ф.: Мектеп, 1982. – 124 б.
  • Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 239 б.; 1984. – 300 б.; 1989.

Орус тилинде

  • Баяс: Стихи и поэма. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 142 с.
  • Горячее озеро: Стихи. – М.: Мол. гвардия, 1958. – 149 с.
  • Гнездо сокола: Стихи, поэма. – М.: Советский писатель, 1987 – 107 с.
  • Эхо в зрачках: Стихи, поэмы – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 164 с.
Жайгаштыруу: 2016-05-23, Көрүүлөр: 12879, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-04-05
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу