TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Абдылас Малдыбаев макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Абдылас Малдыбаев (24 июнь [7 июль] 1906-жыл, Кемин району, Чүй облусу, Кара-Булак айылы — 1 июнь 1978-жыл, Фрунзе шаары, Кыргызстан) — кыргыз композитору, опера ырчысы (тенор), актёр, педагог жана коомдук ишмер. Макала мазмуну Жалпы маалымат Биографиялык хронология Үй-бүлөсү Сыйлыктары жана наамдары Чыгармачылыгы Партиялар Негизги чыгармалары Жеке чыгармалар Композитордук фильмографиясы Эстелик Абдылас Малдыбаев сүрөт булагы Төрөлгөн датасы1906-жыл, 24-июнь (7 июль) Төрөлгөн жериКыргызстан, Кемин району, Чүй облусу, Кара-Булак айылы Кесибикомпозитор, камералык жана опералык ырчы, актёр, кинокомпозитор, музыкалык педагог Ырдоо үнүтенор Жанропера Каза болгон датасы1978-жыл, 1 июнь (71 жаш) Каза болгон жериФрунзе (азыркы Бишкек), Кыргызстан Жалпы маалымат Балдарга арналып көп ырлар жазылган. Жаңы ырлар менен катар, жакшы көрүп ырдап жүргөн эски ырлар да бар. Мына ошол ырлардын башатында кыргыз профессионал музыкасынын негиз салуучусу, кыргыз элинин атактуу композитору Абдылас Малдыбаев турган. Малдыбаев айылдык мектептен билим алып, Алматы шаарындагы казак-кыргыз агартуу институтунан, андан кийин Кыргыз педтехникумунан окуду. Ошол кезде Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек) жаңы ачылган музыкалык техникумга жетекчилик кылган, кыргыз музыкалык драма театрында артист болуп иштеген. 1936-жылы Малдыбаев В. Власов жана В. Фере менен Москвада жолугушуп, бул жолугушуу узакка созулган жана ишенимдүү чыгармачыл шериктештиктин башталышы болуп калган. Ошондой эле, Малдыбаев кыргыз элинин таланттуу жана көрүнүктүү артисттери Б. Бейшеналиева, С. Кийизбаева, акындар Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, А. Осмонов жана башкалар менен тыгыз чыгармачылык байланышта болгон. Малдыбаев балдарга арнап жазган «Мына минтип», «Кулунум», «Жылдызым», «Ата Ленин», «Биз агайдай болобуз» деген ырларында дилгир жана шок, келечеги кең жаш бөбөктүн элеси көз алдыга келет. Анын эмгектери лирикалык темада жазылып, элдик болуп калган «Кызыл жоолукчан», «Өмүр», «Забойщиктер», «Ала-Тоо», «Кызыл атчандар», «Кыргызстан» сыяктуу ырларында жаңы замандагы шайдоот, эмгекчил адам, күжүрмөн кен казуучу, каарман жоокер, Ата Мекендин ыйыктыгы даңкталат. Малдыбаев Кыргыз профессионал музыкасында биринчи жолу «Ажал ордуна» музыкалык драмасына, «Айчүрөк», «Манас», «Көл боюнда» операларына В. Фере жана В. Власов менен бирдикте музыка жазышкан. М. Абдраев жана А. Веприк менен бирдикте «Токтогул» операсын, Кыргыз ССРинин гимнине музыка жана башка көп чыгармаларды жазган. Ошондой эле, ал элдик ырларды мыкты ырдаган ырчы катары да белгилүү. Театр сахнасында көрүүчүлөрдүн эсинде каларлык образдарды жараткан. Өз ырларында элдик фольклорду кылдат пайдаланган, ошондуктан ырлары элдик обонго жакын келип, угулушу көркөм. Малдыбаев 30 жылга жакын Кыргыз ССР композиторлор союзун жетектеген, анын эл алдында сиңирген эмгеги жогору бааланып, СССРдин эл артисти деген ардактуу наам берилген, Ленин ордени жана башка көптөгөн орден, медалдар менен сыйланган. Биографиялык хронология Абдылс Малдыбаев 1906-жылдын 7-июнунда (кээ бир маалыматтар боюнча 24 июнунда) дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1922-жылы өзүнүн жазган ырларына биринчи «Акинай» аттуу ырын түзүп, ал композиция абдан популярдуу болот. 1923-жылы Алма-Атадагы Казак-Кыргыз агартуу интитутуна тапшырат. Бир жылдан кийин жаңы ачылган Кыргыз педагогикалык техникумуна которулуп (учурдагы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университети), аны 1929-жылы аяктайт. Окуу мезгилинде өздүк көркөм чыгармачылык менен алектенип, хордо ырдап, өзү чыгарган музыкалардын драмалык спектакльдарына катышат. 1929—1930-жылдары — Кыргыз музыка-драмалык студиянын окуу бөлүм башчысы жана окутуучусу. Ошол эле убакта, спектакльдардын музыкалык көркөмдөөсүнө катышып, актёр катары сахнага чыгып турган. 1930—1933-жылдары — Фрунзе шаарындагы Кыргыз музыкалык техникумунун директору. 1933—1936-жылдары — Кыргыз мамлекеттик театрынын артисти (Кыргыз музыка-драмалык студиянын базасында) болуп, драмалык спектальдарда актёр жана ырчы катары чыгып турган. 1936-жылдан 1962-жылга чейин — Кыргыз Мамлекеттик театрынын (1942-жылдан тарта — Кыргыз опера жана балет театры болгон, учурдагы А. Малдыбаев атындагы Улуттук академиялык опера жана балет театры) негизинде түзүлгөн Кыргыз музыка-драмалык театрынын солисти. 1942-жылы Ленскийдин партиясындагы П. Чайковскийдин «Евгений Онегин» операсынын кыргыз сахнасындагы биринчи аткаруучусу. Концерттик-аткаруучулук ишмердүүлүк менен кошо композитордук ишин алып барган. 1940-жылы Москва консерваториясынын улуттук студиясында окуп баштап бирок, согуш мезгилинде окуусу үзгүлтүккө учураган. 1947-жылы окуусу калыбына келтирилип, 1950-жылы атайын курсту бүтүргөн (Г. И. Литинский, андан соң В. Г. Фере композиция классы). 1953—1954-жылдары — М. Курөңкеев атындагы Фрунзе музыка-хореографиялык окуу-жайдын директору. 1946-жыл — Кыргыз ССРинин мамлекеттик гимнинин В. А. Власов жана В. Г. Фере менен биргеликте обонунун автору (Кыргыз Республикасынын гимни, эски варианты). 1939-жылдан тарта — Кыргыз ССРинин композиторлор бирикмесинин уюштуруу комитетинин төрагасы, 1948-жылдан 1968-жылга чейин ушул эле мекемеде башкаруу төрагасы. 1948-жылдан тарта — СССР композиторлор бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү жана катчысы, ошондой эле, СССР министрлер кеңешинин алдындагы СССР мамлекеттик сыйлыктар комитетинин мүчөсү. 1951-жылдан тарта — Советтик дүйнөнү коргоо комитетинин Республикалык бөлүмүнүн мүчөсү. СССР Жогорку Кеңешинин I чакырылышынын, ошондой эле, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин II—IV чакырылышынын депутаты. 1978-жылдын 1-июнунда Фрунзе шаарында дүйнөдөн кайткан. Ала-Арча көрстөнүнө коюлган. Үй-бүлөсү Жубайы — Батина Кызы — Толкун, пианиночу, музыкалык педагог Баласы — Болот, дирижёр, музыкалык педагог, кыргыздын биринчи джазынын, биринчи кыргыз эстрадасынын, «Мыскыл жана тамаша» биринчи кыргыз сатира бригадасынын түзүүчүсү жана башчысы. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, «Даңк» медалынын ээси. Кызы — Жылдыз, профессор, Кыргыз Республикасынын эл артисти. Кыргызстан композиторлор бирикмесиндеги жалгыз айым болгон. Сыйлыктары жана наамдары Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1937) СССР эл артисти (1939) Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз ССРинин Мамлекеттик сыйлыгы (1970) Ленин ордени (7-июнь, 1939) — кыргыз театралдык искусствосун өнүктүрүүдөгү көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн Октябрь Революциясынын ордени (1976) «Үч Эмгек Кызыл Туу» ордендери (1946, 1951, 1958) «Ардак Белги» ордени (1966) «Эмгек артыкчылыгы үчүн» медаль (1964) «1941—1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы (1945) Чыгармачылыгы Партиялар П. Чайковскийдин «Евгений Онегини» — Ленский «Ажал ордуна» А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере — Бектур «Айчүрөк» А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере — Күлчоро «Токтогул» А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере — Керимбай «Манас» А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере — Сыргак У. Гаджибековдун «Аршин мал алан» — Аскер А. Аманбаев жана С. Германовдун «Айдар и Айшасы» — Телтай Е. Брусиловскийдин «Кыз-Жибеги» — Төлөгөн М. Раухвергердин «Көкүлү» — Көкүл Негизги чыгармалары Композитордун чыгармачылык мурасында орточо 300дөй ар түрдүү чыгармалар бар, анын ичинде 200дөн ашык ырлар жана хорлор. Ошол кездеги Кыргызстандагы жаңы жанрларынын негиздөөчүсү болуп (мисалы, ыр-гимндер, ыр-марштар, романстар жана балдар ырлары, хорлор, кантаталар, ортаториялар), советтик кыргыз ырларын түзүүдө жана өнүктүрүүдө чоң ролду ойногон. Жылпы билим берүүчү мектептердеги ыр боюнча окуу куралдарынын түзүүчүсү. В. А. Власов жана В. Г. Фере композиторлору менен биргеликте биринчи кыргыз музыкалык драмаларды, операларды, балеттерди жана башка чыгармаларды түзгөн: Музыкалык драмалар: «Алтын кыз» (1937) «Ажал ордуна» (Ж. Турусбековдун пьесасы боюнча, 1938) Опералар: «Айчүрөк» (1939) «Патриоттор» (1941) «Эл бактысы үчүн» (1941) «Манас» (1946) «Ысык-Көлдүн жээктеринде» (1951) «Токтогул» (1958) Кантаталар: «Бакыт» (сөзү В. Винников жана К. Маликовдуку, 1941) Салтанаттуу юбилейлик кантата (сөзү К. Маликовдуку, 1946) «Өз колхоздо» (сөзү Н. Грибачевдуку, 1946) «Москвага салам» (сөзү К. Маликовдуку, 1951) «Жүз жыл бирге» (сөзү А. Токтомушевдики, 1963) «Элим Ленин жөнүндө ырдайт» (сөзү Токтогул Сатылгановдуку, 1964) «Ленин, сен бизге эркиндик жана бакыт бердиң» (сөзү Токтогул Сатылгановдуку, 1965) «Ленинге даңк» (1966) «Улуу 40 жаш» («Кыргыздар — бактылуу эл», сөзү А. Белековдуку, 1966) «Кайдасыңар үч булбул?» (сөзү А. Токтомушевдики, 1975) Ораториялар: «Бакыт издөөчүлөр» (сөзү Ж. Турусбековдуку, 1947) «Бакыт жөнүндө аңгеме» (сөзү В. Винниковдуку, 1949) «Үйлөнүү-үлпөт кечтери» (сөзү өзүнүкү жана A. Белековдуку, 1970) «Колхоздогү үйлөнүү-үлпөт» (1970) Валторна жана фортепиано үчүн: пьесалар Башка композиторлор менен соавторлукта түзүлгөн чыгармалар: «Ким кантти» музыкалык комедиясы (М. Абдраев, А. Аманбаев жана А. Түлеев менен биргеликте, 1943) «Токтогул» музыкалык драмасы (1-варианты, А. Веприк менен биргеликте, 1939; 2-варианты, М. Абдраев менен биргеликте, 1956) Хор жана симфониялык оркестр солисттери үчүн: кантаталар: «Биздин партияга даңк» (С. Ряузов менен биргеликте, сөзү А. Токомбаевдики, 1954), «Достугубузга жүз жыл» (М. Абдраев менен биргеликте, 1963) вокалдык-симфониялык поэма «Партияга даңк» (М. Абдраев менен биргеликте, сөзү А. Токомбаевдики, 1961) оратория «Кыргыздын баласы» (М. Абдраев менен биргеликте, сөзү С. Шимеевдики, 1967) майрамдык ода «Кылымдык достук» Симфониялык оркестр үчүн: Майрамдык обондор (М. Абдраев менен биргеликте, 1958) симфониялык сюита «Колхоздогу майрам» (М. Абдраев менен биргеликте, 1955) «Жайытта» аттуу бий (Н. Давлесов менен биргеликте, 1959) Жеке чыгармалар Кылдуу квартет үчүн: Бий миниатюрасы (1954) Үн жана фортепиано үчүн: романстар, балладалар (50дөй), анын ичинде «Акинай» (сөзү өзүнүкү, 1922), «Зарема» (сөзү А. Пушкиндики, 1937), «Узатуу алдындагы ант» (сөзү Ж. Бөкөнбаев, 1941), «Кечир» (сөзү А. Токомбаев, 1944), «Көркүнө чыккан замана», «Түрктө калган энелер» (сөзү Б. Сарногоев, 1952), «Үнүңдү угамбы» (сөзү М. Лермонтов, 1964), «Ал — Ленин» (сөзү А. Токомбаев, 1969), «Эне-Мекен» (сөзү А. Токомбаев, 1971), «Вьетнам партизан аялдын көз жашы» (сөзү А. Белеков, 1971), «Караба мени, караба...» (сөзү А. Токтомушев, 1974), «Тельман» (сөзү А. Токомбаев, 1975) Хорлор: 40тан ашык, анын ичинде «Биз ленинчилер» (сөзү К. Жантөшев, 1925), «Кыял» (сөзү Ж. Турусбеков, 1930), «Забойщиктер» (сөзү Ж. Бөкөнбаев, 1932), «Улуу марш» (сөзү М. Элебаев, 1941), «Мынакей туу» (сөзү А. Токомбаев, 1953), Энергетиктер маршы (сөзү А. Белеков, 1965), Мекеним (сөзү А. Токтомушев, 1976) Ырлар: 150 ашык, анын ичинде «Бүгүнкү күн» (сөзү А. Токомбаев, 1932), «Кызыл жоолукчан» (сөзү Ж. Турусбеков, 1932), «Ук, дүйнө» (сөзү Ж. Турусбеков, 1933), «Мына минтип» (балдарга, сөзү жеке, 1935), «Жүр мектепке» (балдарга, сөзү К. Маликов, 1936), «Гүлдөгөн доор» (сөзү Ж. Боконбаев, 1939), «Өмүр» (сөзү Токтогулдуку, 1939), «Алымкан» (сөзү Токтогулдку, 1940), «Партия биз менен» (балдарга, сөзү А. Токомбаев, 1943), «Ата Ленин» (балдарга, сөзү Ш. Бейшеналиев, 1952), «Партбилет» (сөзү А. Токтомушев, 1953), «Китеп» (балдарга, сөзү А. Токомбаев, 1957), «Дүрдана» (сөзү А. Токомбаев, 1959), «Кумурска» (балдарга, сөзү А. Осмонов, 1960), «Бакча отургузалы» (балдарга, сөзү А. Осмонов, 1960), «Музыка» (сөзү А. Осмонов, 1973), «Биз ленинчил», «Кызыл Туу», «Эски койчунун зары», «Таңкы коштошуу» Башкалар: гимн-ырлар: «Кыргызстан», «Партия», «Аталар жери», «Партбилет» марш-ырлар: «Кызыл атчандар», «Эмгек маршы» кыргыз эл обондорунун жазуулары (1000ден ашык) драмалык спектакльдарга музыка, анын ичинде: «Жапалак Жатпасов» Р. Шүкүрбеков (П. Шубин менен соавторлукта, 1932), «Карачач» К. Жантошев (П. Шубин менен соавторлукта, 1933), «Ажал ордуна» Ж. Турусбеков (Д. Ковалев менен соавторлукта, 1934), ошондой эле кинофильмдерге дагы Композитордук фильмографиясы 1954 — «Сусамыр өрөөнүндө» (документалдуу) 1958 — «Алыс тоолордо» (А. Аманбаев менен биргеликте) 1959 — «Токтогул» Эстелик Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры 1978-жылдан бери Абдылас Малдыбаевдин ысымын алып жүрөт. 1994-жылдын 11-апрелинен тарта 2010-жылдын 1-январына чейин Кыргызстандын аймагында А. Малдыбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн 1 сом номиналындагы банкнота жүгүртүүгө киргизилген (Кыргыз сому). Абдылас Малдыбаевдин ысымынан аталган Бишкек шаарындагы көчө. Кыргыз мамлекеттик искусство институтундагы Малдыбаев атындагы стипендия. 1 сом номиналындагы валютадагы Абдылас Малдыбаевдин сүрөтү