Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Лермонтов кыргызча

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Лермонтов кыргызча

"Лермонтов кыргызча" Лермонтов Михаил Юрьевич (1814-1841), 1837-жылы Пушкин каза болгон азалуу күндөрдө, бүткүл Россия болочокто орус адабиятында Пушкиндин ордун басуучу жаш акындын добушун күтүүсүздөн эшитти. Бул акындын өлүмү аттуу кайгылуу, каардуу, ашкерелөөчү ырды жазган жыйырма эки жаштагы офицер эле. Акын өлдү! - куру намыстын - Уусу өтүп ушак айыңдын... Бул ырында Пушкиндин ак сөөк төрөлөр, императордун жан-жөкөрлөрү өлтүрткөндүгүн ашкерелейт. Акын буларды Россиянын Генийинин, Эркиндигинин жана Даңкынын өмүрүн кыйган баш кесерлер деп атап, алар тарых сотунан кутула албастыгын айткан. Ыр кол жазма түрүндө колдон колго өтүп, кеңири тараган. Ошентип Лермонтов бүткүл элге тааныла баштайт. Ал салгылашуу учурундагы жоокер сыяктуу Пушкиндин колунан түшкөн орус поэзиясынын туусун түшүрбөй алып, анын ордуна турган.

Николай 1-нин өкмөтү Лермонтовдун ырын революцияга чакырык катары баалап, катаал чара колдонууга шашылат. Лермонтов камакка алынып, тоолуктар менен согуш жүрүп жаткан Кавказга сүргүнгө айдалат. Лермонтов 1814-жылы Москвада туулган. Үч жашка чыкканда энеси каза болот. Ал он үч жашка чыкканга чейин Тархан кыштагында тай энесинин колунда тарбияланат. Анан Москвадагы пансиондо жана университеттин тил, адабият бөлүмүндө окуйт. Кийин Петербургга барып юнкердик окуу жайга кирип, эки жылдан кийин гвардияга өтөт.

Анын таржымалынын тышкы фактылары ушундай. Акындын ички дүйнөсү жөнүндө өспүрүм кездеги ырлары кабар берет. Алардын арасында падышалардын таажысы башынан түшкөн күн да келээри айтылган ыр бар. Лермонтов жыйырма жашында алгачкы жолу чыгармачылыгын элге көрсөтүүнү чечкен. Ал ыр түрүндөгү Маскарад драмасын жазып, бекерпоз, көңдөй, катаал аксөөк коомдогу акылдуу, кашкөй каарманды көрсөткөн. Лермонтовдун мүнөздөмөлөрүнүн таамайлыгы жана курчтугу цензураны чочутуп, пьесага тыюу салынат. 1837-жылды Лермонтов Кавказда өткөрдү. Петербургга кайтканда сүргүндө жүрүп бүтүргөн Падыша Иван Васильевич, жаш опричник жана кайратман көпөс Калашников жөнүндө ырын ала келет. Элдик уламыштын ыкмасында жазылган бул поэмада жөнөкөй орус адамы даңазаланат: Степан Калашников падышанын жакшы көргөн кишиси менен кармашка чыгып аны өлтүрөт да, падышанын алдында айыбын мойнуна алгысы келбейт. "Лермонтов кыргызча" макалабызга баа бергенди унутпаңыз

Падыша жандармдары Россиянын эң мыкты адамдарын куугунтуктап жана өлтүрүп турган ошол мезгилде чыгармада ушундай ойду тартынбай айтып падышага моюн сунбаган адамды даңазалоо өлчөөсүз эрдик эле. Эркиндиктен жана мекенинен ажыраган адам жөнүндөгү жалындуу поэма - Мцырини кайдыгер окуй албайсың. Акындын көп жылдык философиялык ойлорунун жыйынтыгы - Демон поэмасы эркиндикке чакырган жалындуу үгүткө ширелген. Лермонтов акын болууну граждандык чоң эрдик, коомдун былыктарын ашкерелөө деп эсептеген. Ал Ой, Акын, Пайгамбар деген ырларында ушулар жөнүндө айтат. Биздин замандын кишиси романында Лермонтов баралына келген таланттуу, акылдуу жана билимдүү жаш адам Николай 1-нин империясынын мезгилинде эркиндик-теңдиктин жоктугунан, өзүнө ылайык татыктуу иш табылбагандыктан арабок калганын көрсөтөт. Лермонтовдун поэзиясынын багыты, коомдук мааниси, акындын атагы күндөн күнгө артышы аксөөктөрдүн куйкасын куруштурду. Мурда сыналган ыкманы колдонуп, француз элчисинин баласы менен тынымсыз эрөөл уюштурушуп, Лермонтовду кайрадан Кавказга сүргүнгө айдашат. Кайрадан тажатма жол азабы, учу-кыйырсыз мейкиндик башталат. Лермонтов кайрадан Петербургдагы үйлөрдүн ашкере сөөлөтү менен орус кыштактарынын жакырдыгынын ортосундагы кейиштүү айырманы көрөт.

Ошондо өзүндөгү Ата Мекенге деген сүйүүсү элге деген сүйүү экенин ачык түшүнөт. Бул тууралуу Мекен деген ырында айтылат. 1841-жылы 27-июлда Лермонтов Пятигорск шаарынын чекебелинде, Машук тоосунун этегинде эрөөлдө өлтүрүлөт. Замандаштары бул атайын уюштурулган иш экенин, анын учугу Петербургга, Кышкы сарай тарапка кетээрин түшүнүшкөн. Өтө кыраакылары бул өлүмдү ошол доордогу Пушкин, Грибоедов жана башка көптөгөн алдыңкы адамдардын өлүмү менен байланыштырышкан. Лермонтов 27 жашты толук жашаган жок. Бирок ошол кыска өмүрүндө жараткан чыгармалары менен дүйнөнүн эң улуу акындарынын катарына кирип калды. "Лермонтов кыргызча" макалабыз ушундай болду.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1682, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2018-03-27, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу