Энекебай, кайратыман жазбадым,
Мен мурунку мен эмесмин - башкамын.
Тентек жана таарынчактык мүнөздөр,
Жаман экен, ишен эне, таштадым!
Бул саптар Жусуп Турусбековдун көөнөрбөс Энем аттуу поэмасынан. Чыгармада окуя турмуштун татаал жолун басып өткөн бала аркылуу баяндалат. Чыгармада бала окууга барганга чейин тентек, шалаакы, орой, таарынчаак - кыскасы кераяк бала эле.
Бир гана жакшы сапаты - ойчулдук жагы бар болчу. Ушундай албуут, өжөр, баланын окуп билим алып, жетилип кайра келгенден кийин жогоруда - ыр саптарында айтылгандай, өзгөрөт. Баланын баягы тентек мүнөзү жоголуп, акыл-эстүү жаштардан болуп чоңоёт.
Чыгармада эне менен баланын турмушу элестүү, көркөм чагылдырылат. Алардын кулк мүнөзү да таамай тартылат. Жусуп алгачкы ыры менен эле жалпы журтчулукка таанылат. Ал жаңы мазмундуу, жаңы формадагы ырларды жаратат. Акындын туңгуч Ленин жолу аттуу ыры ошол учурда көпчүлүк жаштардын оозунан түшпөгөн чыгармага айланган.
Жусуп атасынан эрте ажырайт. Энеси, карындашы үчөө турмуштун оор запкысын тартышат. 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнөн улам куугунтукталган кыргыздар менен Кытай жерине барат. Анда болочок акын бар болгону алты жашта эле. Эл-журт көргөн бардык азап-тозокту, кайгы-муңду башынан өткөрөт.
Өз жерине революциядан кийин кайтып келет. Арадан көп узабай Жусуп энесинен да, карындашынан да ажырап, тогуз жашында тоголок жетим калат. Турмуштун ушундай катаал жүгү жаш жетимдин алабалын андан бетер кыйындаткан. Аңгыча болбой элетте жүргөн жетимдерге Совет өкмөтү кам көрө баштайт. Багар-көрөрү жок Жусуптун да багы ачылып, 1921-жылы Каракол шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат.
Бир аз убакыт өткөн соң, ал Түптөгү жаңы ачылган интернатка которулат. Ал интернат айыл чарба техникумуна айланат. Анда Жусуп 1927-жылга чейин окуйт. Болочок акындын адабиятка болгон шыгы техникумда окуп жүргөндө ойгонот. Казак, татар тилинде чыккан адабий китептерди окуп, газетага ыр жаза баштайт. Ал ырдан кол үзгүсү келбейт.
Чыгармачылыкты даана көздөп, аны андан ары өркүндөтүү максатында, Кыргызстандын борбору Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келет. Фрунзеге келген соң, Эркин Тоо газетасына ишке орношкон. Ырлары купулуна толбогон соң, газетага жарыялаган эмес. Көп окуп, билимди тереңдетпей туруп, мыкты чыгарма жаратууга болбой тургандыгын даана түшүнөт.
Кийин Россияга Тверь (ал кезде Калинин) шаарындагы советтик партиялык мектепте окуйт. Мында ал орустун акын-жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. Айрыкча С. Есенин, В. Маяковский, Д. Бедный, А. Жаров сыяктуу акындардын чыгармаларын кызыгып окуп, таалим алат, айрымдарын кыргыз тилине которот.
Жусуптун алган билими, түйшүктүү чыгармачылык изденүүсү текке кеткен эмес. Ал Ук, жер жүзү, Кызыл жоолукчан, Эсимде, Тилек, Каракчынын трагедиясы сыяктуу өчпөс адабий мурастарды жараткан. Акындын бир топ ырына композиторлор обон чыгарышып, азыр да ырдалып жүрөт. Жусуп журтчулукка чебер драматург жана прозаик катары да белгилүү.
Анын Ажал ордуна музыкалуу драмасы улуттук музыкалуу кыргыз драмасынын туңгуч чыгармасы болуп калды. Бул драмада 1916-жылы кыргыз элинин башынан өткөн оор окуя таасын жана элестүү сүрөттөлгөн. Коллективдештирүү темасында Беш мойноктогу окуя пьесасын, Бир болгон иш, Таза жүрөктөр соккондо, Айласыз кезигишүү деген чакан аңгемелерди жазган. Ал Айчүрөк операсынын либреттосун жазгандардын бири. Ж. Турусбеков Улуу Ата Мекендик согуш башталганда, өз ыктыяры менен Мекенди коргоого аттанып, 1943-жылы кан майданда баатырларча курман болгон.