Силер Кер өзөн деген күүнү уктуңар беле? Ал күүнүн автору кыргыз элинин залкар комузчусу, кыякчысы жана чоорчусу Муратаалы Күрөңкеев. Муратаалы Күрөңкөев ким экенин да билесиңер. М. Күрөңкөев музыканы кесип кылып келген үй-бүлөдө төрөлгөн.
Чоң атасы Белек, анын атасы Жанкиши жана өз атасы Коронкой кылкыяк, керней, сурнай, чоор тарткан, домбра, комуз черткен өнөрпөз адамдар болушкан. Күрөңкөйдүн ысмы чоң комузчу катары көпчүлүккө кеңири таралган. Муратаалы 10-11 жашка чыкканда эле темир комуз кагып, чоор тартып өз теңтуштары гана эмес, айылдык жаштардын жыйынына да катыша баштайт.
Ал эми 15 жашка келгенде Муратаалы комуз чертип, кылкыяк тартууну да жакшы өздөштүрүп калган. 1922-жылы анын жетекчилиги менен азыркы Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында комузчулар ийрими уюштурулат. 1929-жылы М. Күрөңкөев борбор шаарыбыздагы Кыргыз драма студиясында, кийинчерээк Кыргыз драма театрында оркестрдин артисти болуп иштеген.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында кыргыз эл аспаптар оркестри уюшулган күндөн тартып өзү ардактуу эс алууга кеткенге чейин ушул коллективде үзүрлүү эмгектенген. М. Күрөңкөевдин күү чыгаруу өнөрүнүн арымдуулугу, кыргыздын музыкасынын жаралышы өнүгүп-өсүшү жөнүндө маалыматты кеңири билгендиги үчүн аны кыргыз музыкасынын атасы деп коюшат.
Муратаалы черткен жана тарткан күүлөр бөтөнчө шаңдуулугу жана терең мазмундуулугу менен айырмаланат. Анын аткарган чыгармалары - өткөн мезгилде жашаган чоң комузчу, кыякчылардын күүлөрүн бүгүнкү күнгө чейин бурмалабай жеткирүүнүн үлгүсү.
Бишкектеги музыкалык-хореографиялык окуу жайына, көчөлөргө анын ысмы берилген. Анын күүлөрү симфониялык жана эл аспаптар оркестрлеринин аткаруусунда жаңырып, элибиздин сүйгөн чыгармаларына айланган.