Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Артист

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Артист

Артист (французча artiste, орто кылымдык латынча artista — искусствочу, сүрөтчү, уста, латынча ars cөзүнөн — искусство) — көп маанилүү термин.

Орто кылымдарда артист — жети эркин искусствонун бири менен алектенген адам. Кеңири мааниде артист — искусство ишмери, кайсы бир искусство тармагында чыгармачылык менен алектенген адам.

Музыка артисти

Көпчүлүгүбүз артист десе эле музыка ырчысын же кино актёрун элестетебиз, бирок бул туура эмес. Ооба алар дагы артист, бирок артист сөзү көп маанилүү.

Кээде музыкант, режиссёр, сүрөтчү, жазуучу жөнүндө - искусствого жан-дили менен берилип, ага бүткүл өмүрүн арнаган жана өз өнөрүндө чеберчилик сересине жеткен адамдар тууралуу көңүл эргиткен кандай гана керемет артист! - деп суктана кеп кылышат.

Бирок көп учурда артист (латынча аре - искусство, өнөр) деп актёрду аташат. Артист өзүн пьеса же фильмдердеги ар түрдүү кейипкерлердин ордуна коюп, алардын турмушу менен жашап, ошолордой аракеттене билет. Ал өз каарманынын үнү менен сүйлөп, ал баскандай баса алат.

Артист бүгүн өз замандашынын кубанычы менен кайгы-капасын, ой-тилеги менен ийгиликтерин көрсөтсө, эртең илгерки жоокер же жомоктогу хан болуп ойношу мүмкүн. Оюн коюлган ар бир кечте көрүүчүлөр каармандын тагдырына толгонуп, ага кадимкидей ишенүү үчүн артист көп эмгектенет.

Калың-калың тарыхый китептерди окуйт, адамдарга дайыма баам салып, алардын турпатындагы, кыймыл-аракетиндеги жана кулк-мүнөзүндөгү айрым өзгөчө белгилерди байкайт. Мунун баары сахнада чыкканда ага керек. Анткени, артист өзү ойной турган адам тууралуу бүт бардыгын: бул адам ким, эмне каалайт жана максатына жетүү үчүн эмне жасагандыгын билүүсү зарыл. Ошондо гана артист бүтүндөй пьесаны жана анын эң башкы ой өзөгүн жакшы түшүнө алат. Көрүүчүлөргө каарманды дагы жакшыраак жеткирип, алардын көңүлүндө шайыр-шаттык, кубаныч, кайгы-капа, жек көрүү же аёо сезимдерин ойготуу үчүн артистке грим, кийим-кечек, декорация чоң жардам берет.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1081, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-27
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо