Райкандын балдарга айтаар жомогу көп эле. Жомокторун кара сөз менен эмес, ыр менен айтчу. Анын Эки бөжөк деген жомогу мындайча башталат:
Адырлуу тоонун ары жагында,
Алатоонун бери жагында,
Калың чийдин арасында,
Кең сары Чүйдүн талаасында,
Бир узун кулак коён болгон,
Коён тууган экен баласын коён бойдон...
Бир баласы жоош, тил алчаак,
Апасынын айтканынан чыкпаган тартиптүү болот.
Экинчи баласы жеткен тентек,
Бир жерде тынч отура албаган шок болот.
Апасынын айтканын укпай,
Өз билгенин жасайт.
Аз эле жерден түлкүгө жем болуп кала жаздайт.
Кантип? - деп сураарсыңар. Билгиңер келеби? Эгер билгинер келсе, Райкан Шүкүрбеков деген жазуучу, акын агайыңардын Эки бөжөк деген китебин таап, окуп чыккыла. Китеп көңүлүңөргө жакса, ал агайыңардын балдарга арнап жазган: Иттин жомогу, Аңгемелер, Кыргыз тоосунда, Карга, Түлкү менен Теке деген китептерин да окугула Райкан ким болгон? Райкан Шүкүрбеков - кыргыздын белгилүү драматургу жана акыны.
Ал актёр да болгон. Атактуу токмо акындар, ырчылар Алымкул, Осмонкул, Калык, Атайлар менен бирге жүрүп, алардын накыл сөздөрүн, эстен чыккыс ырларын уккан. Өзү да чукугандай сөз тапкан, калеми курч акын болгон. Төрөлгөн жери - Талас өрөөнүндөгү Акчий айылы.
Өз айлында мектеп болбогондуктан ошол кездеги кыргыз жаштары сыяктуу эле Райкан да окуп билим алууну эңсейт. Казак жериндеги Олуя-Ата деген калаада мектеп-интернат бар экенин, ага кыргыз балдарын да кабыл аларын бирөөлөрдөн угуп калат. Үйүндөгүлөрдөн суранса, ал жакка барып окууга уруксат бербей коюшат.
Бала айылдан качып барып, мектеп-интернатты таап, окууга өтөт. Ал жерден окуганды, жазганды үйрөнөт. Абайдын чыгармалары менен таанышат. Абай которгон Пушкиндин ырларын, Крыловдун тамсилдерин окуйт. Кийин Бишкекке келип педтехникумга кирет. Филармонияда, театрда иштейт. Улуу Ата Мекендик согушка катышып, оор жарадар болуп кайтып келет.
Шүкүрбеков түрдүү жанр, темадагы чыгармаларды жараткан. Анын Жашыл токой, Эки жол, Кек, Каныкей сыяктуу драмалары, Сагызган менен Түлкү Карга менен Чыйырчык жана башка тамсилдери бар. Райкан Шүкүрбеков булардан башка дагы көптөгөн ырларды, тамсилдерди, комедияларды жазып, орус акын-жазуучуларынын чыгармаларын которгон.
Анын чыгармалары кыргыз адабиятында эң баалуу маданий кенч болуп кала берди. Замандаштары Райкандын ысымын угушса, жүздөрүнөн күлкү ойнойт. Анткени бул таланттуу адам өз учурунда эң мыкты сатирик, юморист болгон. Турмуштагы терс көрүнүштөрдү учкул, күйдүргү сөзү менен таамай жана таасирдүү сынга алган.