Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Суу ийнелиги (суу ченегичтер)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Суу ийнелиги (суу ченегичтер)

Суунун бетинде чымын-чиркейге окшош, анча чоң эмес жандык музда коньки тээп бараткандай жылып жүрөт. Ооба, сууда сүзбөй эле, анын үстүнөн жылып бара жаткандай көрүнөт. Анын сыры мындай: бул жандыктын бутунда майланышкан түктүү кепич-жаздыкчасы болот. Анын боору да түк менен капталып, мом сыяктуу зат менен майланган. Ошондуктан ал суу болбой, ары-бери эркин зымырайт. Түртүлүп чейрек метр жылат, дагы түртүлөт, дагы жылат. Жолунан өсүмдүк, жыгач бутактары жолукса, секирип өтүп, андан ары жылып жөнөйт. Ошентип суу ченегенсип кечке түртүлүп жылып жүрөт. Суу ченегичтин бардык чымын-чиркейлер сыяктуу эле алты буту болот. Ал ортоңку жана арткы буту менен чуркайт.

Алдыңкы эки буту кыскараак жана кызматы да башка: сууга чиркей же чымын түшөөрү менен дароо суу ченегич жетип келет. Ал курч тырмактуу, алдыңкы эки буту менен олжосун кармап, учтуу тумшугун матырып алат. Суу ченегич кечке ушинтип аң уулайт. Суу ченегичтин бүткүл өмүрү ушинтип сууда өтөт. Суу өсүмдүктөрүнүн жалбырактарына жумурткалайт. Алардан суу ийнелигине окшош кичинекей личинкалар чыгат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 540, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу