TYUP.NET
✖
☰
Катталуу
Кирүү
Бөлүмдөр
Онлайн функциялар
Макала жайгаштыруу
Жарнама
✖
Суу: мааниси, түрлөрү, колдонуу жөнүндө маалымат макаласын оңдоо, толуктоо, тактоо
Суу (H₂O) – бул жытсыз, даамсыз жана түссүз суюктук. Ал бардык тирүү жандыктардын курамына кирет. Үч абалда боло алат: катуу, суюк жана газ. Суу – органикалык эмес зат жана тирүү эмес табияттын бир бөлүгү. Суу Суу молекуласынын өлчөмдөрү Кыргызстандагы суу ресурстанын көзөмөлдөөчү органКыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Системалык аталышыСуутек оксиди, суу Салттуу аталышысуу Химиялык формуласыH₂O Физикалык касиеттери Абалысуюктук Молярдык масса18,01528 г/моль Тыгыздыгы1 г/см3 Катуулугу1,5 Динамикалык илээшкектик0,00101 Па·с Кинематикалык илээшкектик0,01012 см²/с (20 °Cда) Заттагы үндүн ылдамдыгы1348 м/с (дистиллирленген суу) Температуралык касиеттери Эрүү температурасы273,1 K (0 ° C) Кайноо температурасыЖалпысынан — 100°C, тагыраагы — 99,974°C же 373,1 Kельвин Бузулуу температурасы2200 °C 3% молекулага бузулат Критикалык чекит647,1 K (374 ° C), 22,064 МПа Молярдык жылуулук сыйымдуулугу75,37 Дж/(моль·К) Жылуулук өткөрүмдүүлүгү0,56 Вт/(м·K) Калыптануу энтальпиясы-285,83 кДж/моль Кайноо энтальпиясы40,656 кДж/моль жана 40 655,928 Дж/моль Салыштырмалуу буулануу жылуулугу2256,2 кДж/кг Салыштырмалуу эрүү жылуулугу332,4 кДж/кг Химиялык касиеттери Кислотасынын диссоциация константасы pKa15,74 Диэлектрлик өткөрүмдүүлүгү80,4 (20 ° C), 78,5 (25 ° C) Оптикалык касиеттери Чагылуу көрсөткүчү1,3945, 1,33432, 1,32612, 1,39336, 1,33298, 1,32524 Классификациясы CAS каттоо номери7732-18-5 PubChem962 EINECS каттоо номери231-791-2 SMILESO RTECSZC0110000 ChEBI15377 ChemSpider937 Чөйчөктөгү суу Жалпы маалымат Суунун молекуласы эки суутек (H), бир кычкылтек (O) атомунан турат. Атомдор бири-бири менен коваленттик байланыш аркылуу кошулган. Сууну дарыяларда, көлдөрдө, саздарда, деңиздерде, океандарда, жер астында кездештирүүгө болот. Нормалдуу шарттарда түссүз, жытсыз, даамсыз суюктук. Катуу абалда ал муз деп аталат. Муздун кристаллдары кар менен кыроону түзө алат. Муз суюк сууга караганда тыгыздыгы азыраак, ошондуктан ал сууда калкып калат. 4°C температурада суюк суу эң жогорку тыгыздыкка ээ болот. Суунун газ түрүндөгүсу — буу. Суу жамгыр, кар, мөндүр өңдүү жаан-чачын түрүндө жерге түшөт. Адам бул суюктукту колдонуп, айыл-чарба өсүмдүктөрүн сугарат. Таза суу ичүү үчүн да маанилүү, анткени суусуз эч бир жандык жашай албайт. Энергиясы тегирмендин ташын жана ГЭСтин генераторун айлантат. Дарыялардагы суу адамдарды, жүктөрдү жана кээде жыгылган дарактарды да ташыйт. Суу мыкты эриткич. Ал кирди жууп кетирет. Ар кандай заттар менен аралашып, эритмелерди түзөт. Табигый шарттарда дайыма өзүнө эритилген заттарды камтыйт. Мисалы, туздар, минералдар жана газдар. Табиятта таптаза суу жок. Аны лабораторияда гана алууга болот. Ал «дистиллирленген суу» деп аталат. Дистиллирленген суу тоңбойт жана электр тогун өткөрбөйт. Бирок, мындай сууга кичине гана иондук кошулмалар аралашса ток өткөрмө болуп калат. Муз ээригенде жылуулукту сиңирет. Ал эми суу тоңгондо жылуулукту бөлүп чыгарат. Деңиз суусунда ар түрдүү туздар көп, ошондуктан ал ичүүгө жарабайт. Жердеги суунун жалпы көлөмү 1400 миллион км³. Жер бетинин 71% каптайт. Жердеги суунун көлөмү өзгөрбөйт. Суунун жердеги айлануу цикли буулануу, конденсация, жаан-чачын аркылуу жүрөт. Жер астындагы суу булактары суунун жалпы көлөмүнүн маанилүү бөлүгүн түзөт. Жана алар тез толукталбайт. Бирок, жердеги таза суу азайып баратат. Адамдар аны өнөр жайда колдошууда. Ошентип, суу өнөр-жай калдыктары менен булганууда. Кыргызстанда өнөр жай калдыктары менен сууну булгоого тыюу салынган. Жер суусунун көбү (97,54%) Дүйнөлүк океанга таандык. Таза суу болсо, негизинен мөңгүлөрдө, уюл муздарында (1,81%), жер астындагы сууларда (0,63%) кездешет. Аз бөлүгү (0,009%) дарыяларда, көлдөрдө чогулган. Материктик туздуу суулар 0,007%ды түзөт. Атмосферада бардык суулардын 0,001% гана бар. Жердин мантиясында Дүйнөлүк океанга караганда 10-12 эсе көп суу камтылган. Суу – суюк фазадан катуусуна өткөндө кеңейет. Курамында суутек жана кычкылтектен тышкары, түрдүү заттар болушу мүмкүн. Суу өзүнө абдан күчкүү энергияны алып жүрөт. Ошондуктан, суу ташкыны, сел, чоң толкундар адамдын өмүрүнө коркунуч алып келиши мүмкүн. Таза суу, колдонуу, табуу Суу — жашоонун негизги элементтеринин бири. Бардык тирүү организмдердин тиричилиги үчүн таза суу талап кылынат. Океан, деңиздердин суусунда туздар жана минералдар бар. Ошондуктан булар ичүүгө жана сугатка жараксыз. Деңиз суусун ичкенде ден-соолук бузулушу мүмкүн. Ал тургай, өлүмгө алып келиши ыктымал. Айыл-чарба өсүмдүктөрү суудагы тузга өтө сезимтал келет. Туздуу суу менен сугарганда тез эле куурап кетет. Ошондуктан, океан жана деңиздердин суусун колдонууга болбойт. Бириккен Араб Эмиреттарда, Японияда жана Израилде деңиз суусун кайнатып тазалоо ыкмасы колдонулат. Бул ыкмада туз жана минералдар ажыратылат. Мындан тышкары, абадан таза суу алуу үчүн конденсация ыкмасы колдонулат. Мында атмосфералык абадан суу чогултулат. Мисалы, эң кургак Сахарада да абадан суу алынат. Абадан суу чогултуу үчүн, түн ичинде шүүдүрүм чогултуучу торчолор колдонулат. Күндүзү, күн энергиясы же аккумуляторлор менен алынат. Мында кыймылдаткычтар атайын радиаторго абаны өткөрүп, чогултулат. Бирок, бул ыкманын негизги кемчилиги — анын эффективдүүлүгүнүн төмөндүгүндө. Ошондуктан, таза суу жетишсиз, кургак аймактарда айла жоктон пайдаланылат. Жамгыр суусун чогултуу айыл чарба иштеринде эффективдүү ыкма деп эсептелет. Атайын арыкчалар, түтүктөр аркылуу идиштерге чогултулат. Ал суу кургак мезгилде тамчылатуу ыкмасы менен пайдаланылат. Өкмөт деңгээлинде суулар суу сактагычтар, көлмөлөр аркылуу чогултулат. Мындай сууну чыпкалап, кайнатып ичүүгө болот. Суудагы бактерияларды жоготуу үчүн аны кайнатуу керек. Кыргызстанда суу жетиштүү. Бирок аны үнөмдөп, булгануудан сактоо зарыл. Себеби суу тез эле азайып кетиши мүмкүн. Мисал катары Индияны алсак! Ал жерде жер аянттары дыйканчылыкка көп пайдаланылып, суу тартыш болуп калган. Азыр Индияда жерди сугаруу үчүн 10-15 км алыстыктан суу ташып келишет. Биз да сууну 10-15 км алыстыктан алып келсек эмне болот? Андай болбошу үчүн сууга аяр мамиле жасап, аны сактоо керек. Сактоо же үнөмдүү үчүн кийинкидей ыкмаларды колдонууга болот: Сууну жөнү жок агызып койбоо; Жуунганда сарамжалдуу колдонуу; Ваннага түшкөдөн көрө душка түшүү; Суу түтүктөрүн дайыма текшерип туруу; Бет-колду жууп жатканда сууну токтотуп коюу; Өсүмдүктөрдү кечинде же эртең менен сугаруу; Жашылча-жемиштерди идишке куюлган сууга жуу; Тамчылатып сугаруу системаларын колдонуу; Өндүрүштүк, коммерциялык жайларда сууну кайталап колдонуу системаларын киргизүү; Кир сууну тазалоо үчүн үчүн чыпкаларды колдонуу; Түтүктөргө үнөмдөөчү кийгизмелерди колдонуу (душ, раковина ж. б.); Тиричилик техникасын толук жүктөлгөндө иштетүү. Мисалы, кир жуучу машинага кирди кичинден жуубай толук жүктөп иштетүү; Тамактын кайнатма суусун (түрдүү карскандардагы, идиштердеги туз жана башка минералдык заттар кошулбаган суулар) кайра иштетүү, мисалы, сугат иштерине; Жамгырдын суусун чогултуу ж. б. Ата-бабаларыбыз: «Суу — мал-жандын жана адамдын өмүрүн тазалайт» дешчү. Аны ыйык көрүшкөн. Бул тууралуу кийинкижей накыл сөздөр айтылган: «Суу атасы — булак Суу, кудукка сыйын, булгаба. Жер — казына, суу — алтын. Булактын көзүн ач. Суу башынан тунат. Суу жашоонун булагы. Суулуу жер — бейиштин төрү. Тамчы суу — өмүр азыгы. Суу сыйлаган зор болор, Суу кордогон кор болор. Агын сууну сабаба. Аккан сууга түкүрбө, Жаман түшүңдү сууга айт, Суу менен агып кетсин». Химиялык аталыштары Формалдуу көз карашта суу бир нече түрдүү аталыштарга ээ: Суутек оксиди: суутектин жана -2 кычкылдануу даражасындагы кычкылтек атомунун бинардык кошулмасы. Ал ошондой эле суутек кычкылы деп аталат. Суутек гидроксиди: OH- гидроксилдик тобу жана H+ катион кошулмасы. Гидроксилдик кислота: сууну металл жана OH- «гидроксил калдыгы» менен алмаштыруучу H+ катион кошулмасы катары. Дигидроген монооксиди. Дигидромонооксид. Суу формуласынын молекула түрүндөгү иллюстрациясы Түрлөрү Жердеги суу үч негизги абалда болушу мүмкүн: катуу суюк газ Бири-бири менен аракеттенген түрдүү формаларга ээ болушу мүмкүн: суу буусу жана асмандагы булуттар; деңиз суусу жана айсбергдер; мөңгүлөр жана жер бетиндеги агын суулар; жердеги суу алып жүрүүчү катмарлар. Келип чыгышы, курамы, колдонуу өзгөчөлүктөрү боюнча түрлөрү: кальций катиондору менен магнийдин камтылышы боюнча жумшак суу катуу суу молекуласындагы суутек изотоптору боюнча Жеңил суу (курамы боюнча кадимки сууга жакын); Оор суу (дейтерийдик); Өтө оор суу (тритийдик). Башка түрлөрү: Таза суу; Жамгыр суусу; Деңиз суусу; Жер астындагы суулар; Минералдык суу; Мала туздуу суу; Ичүүгө жарактуу суу; Дистиллирленген жана деиондоштурулган суу; Агын суулар; Жер үстүндөгү суу; Апирогендик суу; Полисуу; Түзүмдөштүрүлгөн суу (академиялык эмес теорияларда колдонулуучу термин); Эриген суу (кардан, муздан); Өлүк жана тирүү суу — жомоктогудай касиетке ээ болгон суулар. Бирок мындай суулардын бар экени аныкталган эмес. Башка заттардын курамына кирип, ошол заттар менен физикалык байланыштар аркылуу байланышкан суу — нымдуулук деп аталат. Байланышынын түрүнө жараша төмөнкүдөй классификацияланат: Катуу заттардагы сиңирилген, тамчылама жана осмотикалык нымдуулук; Суюктуктардагы эриген жана эмульсиялык нымдуулук; Газдардагы суу буусу жана туман. Нымдуулукка ээ болгон зат нымдуу зат деп аталат. Ал эми нымдуулукту сиңире албаган затты нымдуулукка каныкккан зат деп атоого болот. Анткени, нымдуулук көп, ошондуктан сиңире албайт. Конкреттүү колдонууда, заттын курамында нымдуулук аз болсо, аны кургак зат деп атайбыз. Таптакыр нымдуулугу жок гипотезалык зат болсо, абсолюттук кургак зат деп аталат. Берилген нымдуу заттын негизин түзгөн кургак зат — нымдуу заттын кургак бөлүгү. Суу буусу менен газдын аралашмасы — нымдуу газ деп аталат (эскиче аталышы буу-газ аралашмасы). Табиятта Жердин атмосферасында суу майда тамчы, булут, туман жана буу түрүндө болот. Конденсация учурунда атмосферадан жаан-чачын түрүндө түшөт. Жалпысынан Жердин суюк суу кыртышын «гидросфера» дейбиз. Ал эми катуу кыртышы — «криосфера». Жоромолдорго ылайык, Жердеги жашоо суу чөйрөсүндө жаралган. Кыргызстанда Кыргызстандагы суулардын жалпы кору 2458 км3. Анын ичинен 650 км3 (26,4%) мөңгүлөрдү түзөт. Ммөңгүлөр Кыргызстандын жалпы аянтынын 4,2%ын ээлейт. 1745 км3 (71%) — көлдөр. 13 км3 (0,5%) — жер астындагы суулар. 44,5—51,9 км3 (2%) — дарыялар түзөт. Кыргызстанда майда-чоң болуп эки миңдей көл бар. Алардын көбү адам оңой жетпеген тоолордо жайгашкан. Мындай көлдөрдөн суулар агып чыгып, кээ бир көлдөргө агып кирет. Ал суулар асмандан түшкөн жаан-чачындан толот. Айрым көлдөрдүн муз аралашкан суулары абдан муздак болот. Муздактан улам көпчүлүк көлдөрдө балык жашай албайт. Кыргызстанда 3000ден ашуун өзөн-суулары бар. 2015-жылы суунун 14%ы электр энергиясын алуу үчүн колдонулган. Бул көрсөткүч акыркы жылдары өсүп жатат (2024). Нарын суусу Кыргызстандагы эң чоң дарыя болуп саналат. Узундугу 534 километр. Чоң Нарын дарыясын кошкондо жалпы узундугу 807 километрге жетет. Мында суу сактагычтар жана ГЭСтер салынган. Учурда (2024) окумуштуулар Кыргызстандагы суу запастарынын жана мөңгүлөрдүн азайып жатканын белгилешүүдө. Анын негизги себептери катары дүйнө жүзү боюнча абанын температурасынын жогорулашы. Кошумча өнөр жайынын таасири. Андан тышкары Арал деңизинен учуп келген шор туздун мөңгүлөргө тийгизген таасири айтылат. Кыргызстан минералдык булактары менен да даңазаланат. Көпчүлүк булактар минералга бай келип, адам организмине пайдалуу. Суудагы минералдардын көлөмү көп болсо, ден-соолукка зыян келтириши да мүмкүн. Минералдык сууларды өнөр-жайлык деңгээлде өндүрүүдө бул факторлор эске алынат. Азыр минералдык сууларды бөтөлкөгө куюп сатуу өндүрүшү өнүгө баштады. Бирок учурда бул суулар негизинен Борбор Азияга гана жеткирилүүдө. Жерден тышкаркы суу Суу космосто өтө кеңири таралган зат. Бирок, жогорку ички суюктук басымынын кесепетинен, вакуум шарттарында суюк абалда болбойт. Буу же муз түрүндө гана болот. Космосту өздөштүрүүдөгү маанилүү маселелердин бири, Жерден тышкаркы аймактарда суунун жетиштүү көлөмдө болушу саналат. Кээ бир кометалардын курамында 50%дан ашык муз бар экени белгилүү. Бирок, каалаган суу чөйрөсү жашоого жарактуу боло бербейт. 2009-жылдын 9-октябрында НАСА LCROSS космос аппараты айдын кратерин бомбалаган. Мунун натыйжасында айда суу муздарынын чоң көлөмдө бар экени аныкталган. Күн системасында суу кеңири таралган. Юпитердин жана Сатурндун көптөгөн жандоочторунда суу бар экени тастыкталган. Мисалы, Энцелад, Тефия, Европа, Ганимед ж.б. Буларда суу негизинен муз түрүндө. Суу көптөгөн астероиддердин курамында да бар. Окумуштуулардын жоромолунда, көптөгөн транснептундук объекттер сууну камтыйт. Буу түрүндөгү суу Күн системасындагы планеталарынын көпчүлүгүндө бар. Мисалы Күндүн (издер), Меркурийдин (3,4%), Венеранын (0,002%), Айдын, Марстын (0,03%), Юпитердин (0,0004%), Европанын, Сатурндун, Урандын (издер) жана Нептундун атмосферасында. Жердин атмосферасынын бетине жакын аймагындагы суу буусунун камтылышы 3—4 пайыздан (тропиктерде) 2·10−5% (Антарктидада) өзгөрөт. Андан тышкары, экзопланеталарда да суу табылган. Мисалы, HD 189733 A b, HD 209458 b жана GJ 1214 b. экзопланеталарында. Космостогу суюк суу, окумуштуулардын жоромолунда, планеталардын кээ бир жандоочуларынын бетинин астында болушу мүмкүн. Мисалы, Юпитердин жандоочу Европада. Мааниси Суу Жердеги бардык жандыктардын, анын ичинде адамдардын жашоосун аныктайт. Уникалдуу роль ойнойт. Суу — адамдын, жердин жана жалпы эле өмүрдүн булагы. Ал организмдердеги негизги биохимиялык процесстерди жүргүзүүчү универсалдуу эриткич. Суунун уникалдуулугу анын органикалык жана органикалык эмес заттарды жакшы эрите алуусунда. Бул өз кезегинде химиялык реакциялардын өтүүсүндө жогорку ылдамдыкты, калыптанган комплекстүү кошулмаларды жетишээрлик татаал кылат. Суутектин эсебинен суу кеңири температура диапазондорунда суюк бойдон калат. Муздун тыгыздыгы суюк суунун тыгыздыгынан төмөн. Ошондуктан көлмөлөрдөгү суу астынан эмес, үстүнөн тоңот. Калыптанган муз катмары көлмөнүн түбүнө чейин тоңуусуна тоскоолдук кылат. Ошентип ал муз астындагы жандыктардын тиричилигине мүмкүндүк берет. Бирок, башка көз караштар да бар. Эгер суу тоңгондо кеңейбесе, клеткалык түзүмдөр бузулмак эмес. Демек, тоңуп калуу тирүү организмдерге зыян келтирмек эмес делет. Тритондор (кескелдирик түрү) тоңуп/ээрүү процессине чыдай алат деп саналат. Буга алардын клеткалык плазмасы тоңгондо кеңейбеген өзгөчө курамы жардам берет. Ачык кургак жерлерде айыл-чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, суунун көп сарпталуусун талап кылат. Тирүү адамдын денесинде салмагына жана жашына жараша 60—70% суу камтылат. Адам организми 12% (айрым маалыматтар боюнча 20% чейин) ашык сууну жоготсо, өлүмгө учурашы мүмкүн. Айлана-чөйрөнүн температурасы, нымдуулугу, физикалык активдүүлүккө жараша адам ар кандай көлөмдөгү сууну ичет. Организмдин оптималдуу иштөөсү үчүн канча суу ичүү керектиги тууралуу көптөгөн талаштар бар. Ошондуктан, суусаганда гана суу ичүү сунушталат. Ичүүгө жарактуу суу — бул микроорганизмдерден жана зыяндуу аралашмалардан тазаланган суу. Суунун ичүүгө жарактуулугу, бир литр суудагы ичеги таякчаларынын саны менен аныкталат. Таякчалар көбүрөөк болсо, антибактериалдык каражаттарга туруктуу болот. Эгер ичеги таякчалары 3 литр сууга аз болсо, ал ичүүгө жарактуу деп саналат. Бирок, суунун ичүүгө жарактуулугу жалгыз бактериялар менен гана аныкталбайт. Суудагы минералдык заттардын саны да маанилүү. Мындай минералдар бөйрөктө чогулуп, адам өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Спорт жаатында суу менен байланышкан көптөгөн спорт түрлөрү бар. Муз, кар, суу үстүндө жана астындагы спорт түрлөрү кеңири жайылган. Аларга хоккей, кайык спорту, биатлон, сууда сүзүү жана башка түрлөр кирет. Суу, жыгач, пластик, текстолиттен жасалган подшипниктерде майлоочу каражат катары колдонулат. Суу менен металл кесүү технологиясы да кеңири колдонулуп жатат. Ушундай көп кырдуу зат. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, 2050-жылга карата сууга болгон муктаждык 55% чейин өсүшү мүмкүн. А бул сууну рационалдуу колдонуу маселесин көтөрөт. Изилдөөлөр Суунун Жерде пайда болушу — илимий талаштардын предмети. Кээ бир окумуштуулар Жердин эрте калыптануу мезгилинде (болжолдуу 4 млрд жыл) астероиддер жана кометалардан келген деп эсептешет. 2010-жылы жүргүзүлгөн изилдөөлөр Жердин мантиясындагы суу 2,7 миллиард жыл мурун пайда болгондугун аныктаган. Гидрология — табигый сууну, анын атмосфера жана литосфера менен аракеттенүүсүн изилдеген илим. Ал ошондой эле атсмосфера менен литосферанын ортосундагы процесстерди (буулануу, тоңуу ж.б.) изилдейт. Гидрологиянын изилдөө предмети катары гидросферадагы бардык суулар саналат. Мисалы, океандар, деңиздер, дарыялар, көлдөр, суу сактагычтар, саздар, кыртыштык жана жер астындагы суулар. Мындан тышкары гидрология суунун башка аракеттерин да изилдейт. Мисалы, табияттагы суунун айлануусун, айлануудагы адамдын таасирин, суу объектилеринин режимин башкарууну, өзүнчө аймактардын суу режимин. Ал өзүнчө аймактардын жана жалпы Жердин гидрологиялык элементтерин анализдейт. Суу ресурстарынын абалына жана рационалдуу колдонулушуна баа берип, жоромолдойт. Гидрология, география, физика жана башка илимдердеги ыкмаларды колдонот. Деңиз гидрологиясынын маалыматтары кемеде сүзүүдө иштетилет. Мисалы, кемеде сүзүү жана аскер иш-аракеттерин жүргүзүүдө. Гидрология үчкө бөлүнөт. Алар: океанология, кургактык гидрологиясы жана гидрогеология. Булар кийинкидей өз учурунда кийинкидей болуп бөлүнөт: Океанология, океан биологиясы, химиясы, геологиясы, физикасы жана океан менен атмосферанын аракеттениши сыяктуу бөлүмдөргө бөлүнөт. Кургактык гидрологиясы, дарыялар гидрологиясы (потамология), көл таануу (лимнология), саз таануу, гляциологияга бөлүнөт. Гидрогеология — жер астындагы суулардын келип чыгышын, жайгашуу шарттарын, курамын жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдейт. Ал жер астындагы суулардын тоо тектери, жер үстүндөгү суулар жана атмосфера менен аракеттенүүсүн да изилдейт. Гидрогеологиянын чөйрөсүнө жер астындагы суулардын динамикасы, гидрогеохимиясы, сууларды издөө жана чалгындоо, мелиоративдик жана аймактык гидрогеохимия сыяктуу маселелер кирет. Гидрогеологиянын маалыматтары суу менен камсыздоо, мелиорация жана кендерди пайдалануу маселелерин чечүү үчүн колдонулат. Кызыктуу фактылар Суу жөнүндө кызыктуу фактылар. Мында суунун көптөгөн таң калаарлык касиеттерин байкаса болот: Башында айтылгандай, таптаза суу ток өткөрбөйт. Ток өтүүсү сууда аралашмалар болгондуктан болот. Абайлаңыз, ичкен суу менен алмаштырбайлы. Тиричиликте колдонулган суулар ток өткөрөт. Ал эми таза суу лабораторияда гана алынат. Адам организми суунун 12% (айрым маалыматтарга караганда, 20% чейин) жоготкондо өлүмгө учурайт. 10% жоготкондо галлюцинациялар пайда болот. Ал эми 2% жоготкондо суусайт Жердеги жалпы суунун көлөмүнүн 2,46% гана ичүүгө жарактуу. Жамгыр суусун таза деп айтууга болбойт. Анткени, адам баласынын ишмердүүлүгүнөн улам булуттагы суу буусу ар кандай аралашмаларды камтыйт. Суу жарыкты өзүнө сиңирип, аны чачырата алат. Ошондуктан океандардагы суу көк түстүү сезилет. Ысык суу суукта тезирээк муздайт же тоңот. Бул көрүнүш «Мпемба эффектиси» аталат. Акыркы убакта окумуштуулар суунун абалдары 3 эмес, 20дан ашык экенин белгилешет. Суу белгилүү шарттарда айнек сымал, өтө илээшкектүү же чоюлчак абалга өтө алат. Адам тарабынан колдонулуучу Жердеги суунун орточо 70% айыл чарбасында, 22% өнөр-жайда колдонулат. Биз көнүп калган H₂O химиялык формуладагы суу табиятта кездешпейт. Анткени, ал дайыма башка заттардын, мисалы, туздардын, минералдардын ж. б. курамында болот. Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДССУ) оорулардын 80% сапатсыз сууну кабыл алуудан келип чыгаарын тааныган. Өткөн кылымда Луи Пастер да ушундай тыянакка келген. Жаш өткөн сайын адамдын организми түздөн-түз кургай баштайт. Эмбриондогу суу 94% түзсө, жаш балада — 80%, улгайган адамда — 60% болот. Организмде суу жетишпегенде курсак ачкандай сезилет. Молекуласынын бурчтуу формасынын натыйжасында суу жогорку беттик тартымдуулукка ээ. Бул өз кезегинде айрым курт-кумурскалардын (мисалы, суу ченегич) суунун үстүнөн басып жүрүүсүнө мүмкүндүк берет. Көпчүлүк заттардан айырмаланып, суу катуу (муз) абалында тыгыздыгы азыраак болот, ошондуктан суудагы муз калкып калат. Адамдын жүрөгү жана мээси 73% суудан турат. Организмдеги термалдык тууралоодо (орусча терморегуляция), азык заттарды ташууда, калдыктарды чыгарууда суу негизги ролду аткарат. ГЭСтерден тышкары, суу геотермалдык жана өзөктүк энергетикада да колдонулат. Адам баласынын тарыхындагы байыркы цивилизациялар (египеттиктер жана шумерлер) Нил, Тигр жана Евфрат сыяктуу сууларга жакын жана аларга бойлой жашашкан. Себеби, суу тиричилик жана айыл-чарба үчүн маанилүү. Суу жогорку жылуулук сыйымдуулугуна ээ. Ошондуктан ал чоң көлөмдөгү жылуулукту сиңирип, сактай алат. Анын бул касиети Жердин климатын турукташтырууда негизги ролду аткарат. Түрдүү элдердин диндеринде, маданияттарында, философиясында суу жашоону, тазалыкты, жан дүйнөлүк жаңыланууну билдирет. Мисалы, кыргыздарда «түшүңдү, кайгы-капаңды, муңуңду сууга айт» жана «суудай тунук бол» деп айтылат. Суу жөнүндө дилбаян Суу — бул табияттын эң баалуу белеги жана жашоонун негизи. Ал жер жүзүндө бардык тирүү жандыктар үчүн эң керектүү зат болуп саналат. Адамзат, жаныбарлар жана өсүмдүктөр суусуз жашай албайт. Ошондуктан суу – жашоонун булагы деп саналат. Суу адамдын денесинин 70% түзөт жана денебиздеги бардык жашоо процесстерине катышат. Биз сууну ичебиз, тамак-аш даярдайбыз, тазалыкты сактайбыз. Ошондой эле суу айыл чарбасында, өнөр жайда жана энергетика тармагында чоң мааниге ээ. Дыйкандар эгин өстүрүү үчүн сууну колдонот, заводдор өндүрүштө суудан пайдаланышат, ал эми суу электр станциялары электр энергиясын өндүрөт. Бүгүнкү күндө таза суу маселеси Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзүндө чоң көйгөйгө айланган. Айрым аймактарда таза суу жетишсиз, көптөгөн дарыялар жана көлдөр өндүрүштүк таштандылар менен булганып жатат. Кир сууну ичүү ар кандай оорулардын пайда болушуна себеп болот. Ошондуктан биз сууну сарамжалдуу пайдаланып, аны таза сактоого аракет кылышыбыз керек. Сууну туура пайдалануу — ар бир адамдын милдети. Аны текке кетирбей, үнөмдөө керек. Мисалы, сууну зарылдыгы жок нерсерлерге колдонбоо, жамгыр суусун топтоо, сууну туура бөлүштүрүү сыяктуу аракеттерди жасасак, табигый байлыгыбызды сактап кала алабыз. Ошондой эле заводдордун жана фабрикалардын сууну булгап, айлана-чөйрөгө зыян келтиришине жол бербешибиз керек. Суу – бул табияттын теңдешсиз байлыгы. Аны таза сактоо жана үнөмдүү пайдалануу – биздин милдетибиз. Эгер биз сууну туура колдонсок жана аны коргосок, келечек муундар да таза суу ичип, ден соолукта жашай алышат. Демек, ар бирибиз суунун баалуулугун түшүнүп, ага кам көрүшүбүз керек! А. Бекташов