Гидросфера (байыркы грекче гидро «суу» + сфера «шар») — Жердин суу кабыгы, бардык суулардын жыйындысы. Ал Дүйнөлүк океан, континенттик жер үстүндөгү суулар, мөңгүлөр, ошондой эле жер астындагы сууларга бөлүнөт.
Суунун көпчүлүгү океандарда топтолгон, андан азыраагы мөңгүлөрдө, континенталдык көлмөлөрдө жана жер астындагы сууларда. Туздуу океандык суулар гидросферанын көлөмүнүнүн 96,4 % түзөт, мөңгү суулары — 1,86 %, жер астындагы суулар — 1,68 %, жер үстүндөгү кургактык суулары — 0,02 %. Таза суунун көлөмү 2,5 % же 35 млн км3, алынуучу 0,3 % же 4,2 млн км3.
Океандар жер бетинин 71 %-га жакынын ээлейт. Орточо тереңдик 3800 метрди түзөт, эң тереңи (Тынч океандагы Мариана чуңкуру) — 10 994 метр. Океандык кыртышты чөкмө жана базальт катмарлары түзөт. Дүйнөлүк океандын сууларында туздар (орточо 3,5 %) жана бир катар газдар бар. Негизинен, океандын өйдөңкү катмары 140 трлн тонна көмүр кычкыл газын жана 8 трлн тонна кычкылтекти камтыйт.
Жер үстүндөгү континенталдык суулар гидросферанын жалпы массасында кичинекей гана үлүшкө ээ, ошондой болсо да, суу менен камсыздоонун, сугаттын, суу жеткирүүнүн негизги булагы болуп, жер үстүндөгү биосферада маанилүү ролду ойнойт. Анын үстүнө, гидросферанын бул бөлүгү атмосфера жана жер кыртышы менен дайыма байланышта болот.
Катуу абалдагы сууну (мөңгү, кар каптамдары жана түбөлүк тоң түрүндө) криосфера деп бириктиришет.
Гидросфера бөлүктөрү | Көлөмү, млрд км3 | % |
---|---|---|
Дүйнөлүк океан | 1370 | 93,9399 |
Жер астындагы суулар | 64 | 4,3884 |
Мөңгүлөр | 24 | 1,6457 |
Көлдөр жана суу сактагычтар | 0,280 | 0,0192 |
Топурак | 0,085 | 0,0058 |
Атмосфералык буу | 0,014 | 0,0010 |
Дарыялар | 0,001 | 0,0001 |
Бүткүл гидросфера | 1458,38 | 100 |
Суунун гидросферанын бир бөлүгүнөн экинчисине өтүүлөрү Жердеги суунун татаал айлануусун түзөт.
Гидросфера өзүнүн бүткүл катмарында биосфера менен капталат, бирок, тирүү заттын көбүрөөк жыштыгы Күн менен жылытылуучу жана жарыктандырылуучу жер үстүндөгү катмарларга туура келет, ошондой эле, суулардын жээк аймактарына.
Жердеги тиричилик дал ушул гидросферада жаралган деп саналат. Палеозой доорунун башында гана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн акырындан кургактыкка чыгуусу башталган.