Дарыянын көпчүлүгү булактан башталат. Булак өзөнгө куюп, алардан дарыя куралат. Дарыяга жер астындагы суулар жана жаан-чачындын суулары да кошулат. Дарыянын башталышы - башат, ал эми анын деңизге, көлгө, башка сууга куйган жери чат деп аталат. Бирок булактан башталбаган дарыялар да бар. Мисалы, Бия дарыясы Алтайдагы Алтын көлдөн 400 м жазылыкта таштан ташка урунуп чыгат. Анын башаты чатындай жазы жана агымы күчтүү. Чаты жок дарыялар да болот.
Мисалы, Түркмөнстандагы Мургаб, Тежен дарыяларынын суусу сугатка пайдалангандыктан алар эч кайда куйбайт. Суусу мол, чоң дарыялар, мисалы, Россиядагы Волга, Африкадагы Нил, Америкадагы Миссисипинин суулары деңизге көптөгөн чөгүндү, кумду агызып келет. Дарыя чаттарында, ойдуңунда дарыянын агымы жайлап, чөгүндү кум тунат. Ошентип чөгүндүлүү же кумдуу аралдар пайда болот. Дарыя агымы көптөгөн айрыктарга бөлүнүп салааланып агат. Ал дарыя дельтасы деп аталат. Миссисипинин дельтасында жайгашкан Жаңы Орлеан шаары дарыя нугунан төмөн турат.
Анткени дарыя шилендилеринен Миссисипинин нугу көтөрүлүп кеткен. Дарыя - жээктеп, нук боюнча агат. Кар же мөңгү эрип, суу киргенде жээктен ашып, жайылманы пайда кылат, башкача айтканда дарыянын негизги нугун бойлото жайгашкан түзөңдү каптайт. Адатта ал жерге көк жашыл болуп көйкөлгөн шалбаа өсөт. Мындай шалбаанын чөбү малга мыкты тоют. Түздүктөгү дарыя бир калыпта мелмилдеп жай агат.
Анын агымы чукул бурулушта жана сайроондордо гана тездейт. Бирок бул дарыялар да кээде суу киргенде өз нугун өзгөртөт, натыйжада эски нук пайда болот. Эски нук - дарыянын мурунку агын жолу, бул жерге көп өтпөй камыш, чөмүч баш сыяктуу өсүмдүктөр өсүп чыгат. Көл жана саз ушундайча пайда болот. Too дарыялары таштан ташка урунуп тез агып, асканы аралай терең нук салат, шаркыратманы пайда кылат.
Нөшөрдө кар менен мөңгү кызуу эрий баштаганда, алар миллиондогон тонна ылай менен таштарды агызат, кээде жээгинен ашып-ташып сел жүрүп, жолундагылардын бардыгын алып кетет. Байыртадан бери эле дарыя калкты суу менен камсыз кылып, жол, катнаш катары кызмат аткарып келет. Эң байыркы Киев, Владимир, Новгород, Псков, Москва жана башка шаарлар дарыя боюна курулган. Дарыялар мамлекеттик чек ара, душмандан коргоочу чеп да болуп кызмат кылган. Адамдардын жашоо-турмушунда азыр дарыялардын мааниси зор. Шаар менен кыштакка, фабрика менен заводго дарыя суусу өтө зарыл. Дарыяга биз гидроэлектр станцияларды курабыз, алар арзан электр энергиясын берет. Дарыяда жүргүнчү жана жүк ташуучу кемелер жүрөт, карагай агызылып, ташылат.
Дарыялар кургакчыл жерлерди сугаруу үчүн да керектелет. Дарыялар - биздин зор байлыгыбыз. Аларды нефть, өнөр жай жана тиричилик таштандылары менен булгануудан сактоо зарыл. Дарыя суусу азайбас үчүн анын жээктериндеги жана салааларындагы дарак, бадалдарды кыйбоо керек. Кыргызстанда тоо дарыялары жана өзөндөрү көп. Бирок кеме жүрүүгө ылайыктуу өтө чоң, жай аккан дарыялары жок. Too өзөндөрүнүн эң ирилери Нарын, Чүй, Сарыжаз, Талас, Кызылсуу ж. б. Биздеги эң чоң дарыя Нарын. Ал Сырдарыянын оң куймасын түзүп, чоң Кичи Нарын дарыяларынын кошулушунан пайда болот. Нарындын Кыргызстандын аймагындагы узундугу 535 чакырым, суу чогултуу аймагы республиканын аянтынын 27 пайызын түзөт. Чүй (узундугу 221 чакырым), Талас (узундугу 102 чакырым) ж. б. тоо өзөндөрү да суулардын куймасынан түзүлөт. Кыргызстандын суулары эл чарбасында маанилүү орунду ээлеп, сугатка кеңири пайдаланылат: агымдын 16 пайызы гана республиканын сугат иштерине пайдаланылып, калганы башка республикаларда керектешет.
Республиканын суу чарбасынын негизги компоненти - суу энергетикасы. Бул боюнча Нарын дарыясынын потенциалдык запасы өтө зор. Азыр анда Токтогул, Үчкоргон, Күрп-сай, Атбашы гидроэлектр станциялары иштеп жатат. Мында дагы бир нече ири гидроэлектр станциялары курулмакчы.