Буу — белгилүү бир абалда суюктук же катуу тело менен тең салмакта болгон заттын газ сымалдуу абалы.
Суюк фазадан буунун пайда болуу процесси буунун калыптануусу деп аталат, катуу абалдан бууга айлануу болсо — сублимация. Тескери процесс болсо — конденсация болот, мында буунун катуу абалга өтүүсү — десублимация.
Кадимки сүйлөшүү же баарлашууда адамдар буу деп дээрлик суу буусун түшүнүшөт. Башка заттардын буусу аталышын айтуу менен түшүндүрүлөт. Мисалы, бензиндин буусу.
Төмөнкү басымдарда жана жогорку температураларда буунун касиеттери идеалдуу газдын касиеттерине жакындайт.
Башкача айтканда суюк жана катуу фазалар өзүнчө зат жана механикалык аралашма (нымдуу зат) болушу мүмкүн деген мааниде.
Ар кандай суюктуктарда буу менен болгон динамикалык тең салмактуулук буунун ар кандай тыгыздыгында болот. Мунун себеби молекула аралык аракеттенүүнүн айырмачылыгында. Молекулалык тартылуунун күчү чоң болгон суюктуктарда, мисалы, сымапта, аз сандагы тез молекулалар гана суюктуктан чыгып кетет. Ошондуктан мындай суюктуктар үчүн буунун анча чоң эмес тыгыздыгында тең салмактуулук абалы келет. Молекулаларынын тартылуу күчү аз болгон учма суюктуктарда, мисалы, эфирдики, ошол эле температурада суюктуктан көптөгөн молекулалар чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан теңсалмактуулук дагы буунун кыйла тыгыздыгында келет.
Оптикалык жактан бир тектүү жана гомогендүү бууну туман (майда тамчылардын газдагы калкып жүрүүсү) менен алмаштырбоо зарыл.
Каныккан жана каныкпаган буу
Химиялык жактан таза заттардын буу абалдарынын кийинкидей түрлөрү айырмаланат:
Каныкпаган буу — бул суюктук менен динамикалык тең салмактуулукка келбеген буу. Берилген температурада каныкпаган буунун басымы дайыма каныккан буунун басымынан аз болот. Суюктуктун бетинде каныкпаган буунун болушунда буулануу процесси конденсация процессинен басымдуулук кылат. Ошондуктан, убакыттын өтүшү менен идиштеги суюктуктун саны азаят.
Каныккан буу — суюктук менен динамикалык тең салмактуулукта болгон буу. Буулануу ылдамдыгы конденсация ылдамдыгына барабар. Бул ошол көлөмдө берилген температурада көбүрөөк буу болушу мүмкүн эмес дегенди билдирет. Эгер суюктук менен тең салмактуулуктагы бууну поршень менен кысканда (алдын-ала идиштеги аба сордуруп алынган шартында), тең салмактуулук бузулат. Биринчи учурда буунун тыгыздыгы чоңойгонуна байланыштуу конденсация дагы чоңоёт. Башкача айтканда, буудан суюктукка азыраак сандагы молекулалар өтөт. Бул процесс динамикалык тең салмактуулук жана буунун тыгыздыгы кайрадан турукташканга чейин улана берет. Демек, газ молекулаларынын топтолушу мурдагы маанисине келбейт.
Ашыкча каныккан буу — бул берилген температурада басымы каныккан буунун басымынан жогору болгон буу. Конденсация борборунан эркин көлөмдөгү буунун басымын жогорулатуу аркылуу алынышы мүмкүн. Алуунун башка ыкмасы — каныккан бууну ошол эле шарттарда муздатуу менен ишке ашырылат. Акыркы ыкмасын колдонууда ашыкча муздатылган буу деген аталыш пайдаланылат.
Суу буусу — суунун газ сымалдуу абалы. Өзүнүн касиеттерине ылайык суу буусу адамдын ар кандай ишмердүүлүгүндө кеңири жайылууга ээ болгон.
Өнөр-жайда жылуулук алып жүрүүчү (берүүчү, өткөрүүчү), буу машиналарынын жана турбиналардын денеси же тазалоочу агент (буу менен тазалоо) кызматын аткарат.
Буу менен өчүрүү системаларында отту өчүрүүчү зат катары пайдаланылат.
Кулинарияда тамак-аштарды даярдоо (бууга бышыруу) үчүн колдонулат, мисалы, манту, оромо.