Спорт (англисче sport, алгачкы эски французча desport сөзүнүн кыскартылышы — «оюн», «көңүл ачуу») — адамдардын (спортчулардын) физикалык жана/же интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн салыштыруудан турган, белгилүү эрежелерге ылайык уюштурулган иш-аракеттер.
Спорт деген эмне? Спорт — мелдеш максатында, ошондой эле, мелдешке машыгуу жолу менен максаттуу даярданууну түшүндүргөн физикалык же интеллектуалдык активдүүлүктүн спецификалык түрүн билдирет. Эс алуу, физикалык ден-соолуктун акырындык менен жакшыртууга, интеллект деңгээлин жогорулатууга, моралдык канааттанууга, жеке, топтук жана абсолюттук рекорддорду жакшыртууга, атак-даңкка, жеке физикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана көндүмдөрдү жакшыртууга умтулуу менен спорт адамдын физика-психикалык мүнөздөмөлөрүн мыктылоого арналган.
Жогорку жетишкендиктер спортунун максаты — максималдуу мүмкүн болгон спорттук натыйжаларга же ири спорттук мелдештерде жеңиштерге жетүү.
Спорттун кыргызча ассоциациялары — дене тарбия, физикалык машыгуу, көнүгүүлөр ж. б.
Спорттун бош убакытты өткөрүүнүн башка түрлөрүнөн бөлүп туруучу, бир маанилүү так аныктамасы жок, бирок, түшүнүктүн чек араларын аныктоо аракеттери аз эмес болгон. Рабле «desporter» сөзүн «көңүл ачуу» деген мааниде колдонгон. Бул сөздүн заманбап маанисинде, физикалык машыгуулардын адам баласына тийгизген таасирлерин изилдеген шотландиялык врач-психиатр Томас Арнольд колдоно башташган.
100дөн ашык эл аралык спорт федерацияларын бириктирген «СпортАккорд» эл аралык конвент веб-сайты кийинкидей критерийлер кирген спорттун аныктамасын сунуштайт: мелдештик элемент; кокустук же жол болуу элементине негиздүүлүк эрежелердин жоктугу; катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн ден-соолугуна жана коопсуздугуна болгон ашыкча тобокелдиктерди жоюу; тирүү жандыктарга атайылап зыян келтирүүдөн алыс болуу; зарыл болгон жабдууларга жалгыз өндүрүүчүнүн монополиясынын жоктугу.
Спорт жөнүндө мааылмат берүүдө 2006-жылкы «Чоң олимпиадалык энциклопедия» спортко тар аныктама берип, ага ылайык спорт түшүнүгүндөгү борбор, анын физикалык түзүүчүсү; спортту кыскача «түрдүү физикалык машыгуулар жана алардын комлекстери боюнча мелдештер, ошондой эле аларды уюштуруу жана өткөрүү системасы» деп аныкташат. Олимпиадалык энциклопедия мелдештер жана аларды уюштуруудан тышкары, мелдештерге даярдануунун (машыгуунун), бул тармактагы адам баласынын спецификалык социалдык мамилелер ишмердүүлүгүн жана мындай ишмердүүлүктүн коомдук маанилүү натыйжаларын, кыскача мүнөздөмөсүн кеңейтилген түшүндүрүү менен коштойт.
Жалпысынан физикалык маданияттын (дене тарбия же орусчасы физическая культура) жана спорттун жаралышын негизинен бир катар теориялар түшүндүрүүнү аракет кылышууда:
Бүгүнкү күндө ачылган көптөгөн үңкүр искусствосунун мисалдары ритуалдык ырым-жырымдык сүрөттөрүнүн көрүнүштөрүн камтыйт. Ал сүрөттөрдө түшүрүлгөн иш-аракеттер спорт жөнүндөгү заманбап түшүнүккө таандык болбосо да, ошол убакта эле спорттук ишмердүүлүктү элестеткен сабактар жана ырым-жырымдар болгону жөнүндө тыянак чыгарса болот. Франция, Африка жана Австралияда жайгашкан бул сүрөттөр мындан 30 000 жыл мурун тартылган. Монголияда биздин заманга чейин жетинчи миң жылдык деп даталанган балбандар (күрөшчүлөр) тобу менен курчалган аска бетиндеги сүрөт табылган. Японияда табылган аска сүрөттөр сумо стилиндеги кармаштарды элестетип, балким айыл-чарба диний ырым-жырымдары менен байланыштуу болгон.
Биздин заманга чейинки 4000-жылдары эле Кытайда спорттун заманбап аныктамасына туура келген иш-аракеттер болгонун көрсөткөн буюмдар жана курулуштар да болгон. Кыязы, гимнастика Байыркы Кытайда популярдуу спорт түрү болгондур. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта карапайым эл арасында «чжу кэ» аттуу тайпалык топ оюну популярдуу болуп, мында соккунун 70ке чейин түрү жана эреже бузуунун 10 түрү айырмаланган. Шумер цивилизациясы археологдорго Байыркы Месопотамияда күрөш оюнунун популярдуу болгондугун күбөлөндүргөн бир катар артефакттарды калтырган, анын ичинде болжолдуу беш миң жылдык убакытка туура келген таш барельефтер (барельеф — тегиздик бетиндеги рельефтүү болуп чыгып турган сүрөттөр) жана б. з. ч. 2600-жыл менен даталанган, балбандарды сүрөттөгөн Хафаджилик коло статуэтка. Ушул эле мезгилге Бени-Хасан байыркы египеттик көрүстөндөрүнүн көркөм сүрөттөрү таандык, мында 4,5 миң жыл мурда эле күрөштө көпчүлүк заманбап ыкмалар (орусчасы — приёмдор) колдонулган. Бул доордун сүрөттөрү ливиялыктар жана нубиялыктар күрөш мелдештерине катышкандыгын, ошондой эле калыстардын болгонун күбөлөндүрүшү мүмкүн. Андан да байыркыраак сүрөттөр чуркоо боюнча мелдештердин күбөсү катары түшүндүрүлүшү мүмкүн, балким алардын жардамы менен башкаруучуларды тандаган деген айтымдар бар. Байыркы Персияда поло оюнун элестеткен чаутам ат оюну болгон. Бул оюнга шахмат, атуу, найза ыргытуу, күрөш жана чуркоо сыяктуу эле, балдарды атайын тарбиялоочу үйлөрдө үйрөткөн.
Биздин заманга чейин XIV кылымда эле Борбордук Америкада месоамерикалык топ оюну өнүккөн, анын ичинде ольмек элинин арасында да. Түрдүү дене бөлүктөрү же иймек таяк (клюшка) менен топ урууга улуксат берилген ар кандай оюн түрлөрү болгон, ал эми ар тарапта чоң бийиктикте бекемделген шакекчелери бар табылган оюн аянттар заманбап баскетбол өңдүү оюндун мүмкүн болгонун көрсөтөт. Топ оюну Америка элдери тарабынан талаштуу маселелерди (анын ичинде жер аянттарын талашуу маселелери боюнча дагы) чечүү үчүн колдонулган, жана ал көбүнчө ырым-жырымдык мүнөзгө ээ болгон, өзгөчө майя маданиятынын гүлдөө мезгилинде; оюндан утулуп калуу, утулгандарды өлүмгө алып келиши мүмкүн эле, мында аларды курмандыкка чалышкан.
Байыркы Грецияда ошол убакта эле спорттун көп түрлөрү болгон. Эң чоң өнүгүүгө күрөштүн ар кандай түрлөрү, чуркоо, диск ыргытуу жана эки дөңгөлөктүү араба жарыштары ээ болгон. Бул тизмеге караганда, аскердик маданият жана аскердик искусство Байыркы Грецияда (жана башка жерлерде дагы) түздөн-түз спорт менен байланышкан. Ошол эле жерде б. з. ч. 776-жылдан тарта, төрт жылда бир Олимпиада оюндары өткөрүлгөн, оюндар Пелопоннестеги Олимпия аталган кичинекей кыштакта өтчү. Бүткүл Эллада үчүн байыркы жана жалпы спорттук майрам болгон Олимпиадалык оюндардан тышкары, мамлекет аралык мүнөзгө б. з. ч. VI кылымда негизделгендер ээ болгон: Пифий, Немей жана Истмиялык оюндар. Кийинчерээк, Римдин Грецияга үстөмдүк кылып турган мезгилде масштабдуу спорттук иш-чараларга Октавиан тарабынан түптөлгөн Акций оюндары жана Домициан тарабынан түптөлгөн Капитолий оюндары кошулуп, бирок, рим мезгилиндеги спорт массалык мүнөзгө ээ болбой калган.
Европада бутпарастыктын (орусчасы — язычество) ордуна христианчылык келгенде спорт ишмердүүлүгү басаңдап калган. Чиркөө доктринасы денени өнүктүрүүчү машыгуулар жан-дүйнөнү бузуп, адамды Кудайдан алыстатат деп санаган. Коринфяндарга болгон 1-кайрылуусунда — каноникалык христиан текстинде мындай делет:
Силердин денеңер Кудайдан алган силерде жашаган Ыйык Рухтун мааниси жана ага силер ээлик кылбаганыңарды билесизби?.. Ошондуктан Кудайдын мааниси болгон денеңерде жана жан-дүйнөңөрдө Кудайды даңктагыла. 1Кор. 6:19, 20 (жеке которуу)Бул сөздөр адам денесине болгон эрте христиан ыкмасын чагылдырат, жана бул Никейский собору тарабынан бекитилген кеч версиясынан түп тамыры менен айырмаланып турат. Эске салсак бул жерде спорттун гана тарыхына байланыштуу маалыматтар жөнүндө болуп жатат. Эгер биринчи христиандар үчүн дене — Ыйык жан-дүйнөнүн ибадатканасы болсо, кийинчерээк жан-дүйнөнү сактоо максатында бул дүйнөнүн жыргалчылыктарынан баш тартуу идеясы үстөм келип, мында аскетизм жана «денени өлтүрүү», физикалык машыгуулардын күнөө жөнүндөгү көрүнүштөрүн талап кылуулар келген. Тертуллиан чиркөөсүнүн аталарынын бири «Оюн-тамашалар жөнүндө» (орусча — «О зрелищах») трактатында кийинкидей жазган:
Стадиондо болуп жаткан нерселердин баарына уялбай кароо мүмкүн эмес: Кудай түспөлүндө жасалган адам баласынын жүзүнүн көркүн кетирген мушташка, бут менен тебелеп-тепсөөгө, жаакка чабуулар жана башка жаңжалдарга. Динге таазим кылып, жиндидей чуркоону, дискти ыргытуу менен коштолгон кутурган кыймылдарды сен жактырбайсың... Уяттуулукту урматтоо менен, сен жалгыз менменсингендикке кызмат кылгандарга, аларды пайдалангандарга, жана кимге каршы багытталса, аларды кемсинтүүгө дене кубатыңды көрсөтпөйсүңХристианчылыктын Рим империясынын мамлекеттик динине айландыргандан кийин, антикалык дене тарбия 394-жылы эле начар абалга келип, Феодосия императорунун тушунда Олимпиада оюндарынан жана олимп жыл сүрүүсүнөн баш тартуу келген. Кийин спорттук мелдештер ар кандай иш-чараларда гана атайын улуксат менен жана негизинен империянын чыгыш бөлүгүндө гана өткөрүлүп калган (акыркы жолу 520-жылы). 529-жылдагы масштабдуу элдик толкундоолордон кийин император Юстиниан дээрлик бардык дене тарбия уюмдарын жана мекемелерин, анын ичинде атактуу Афиналык гимнасийди жапкан. Батыш дүйнөсүндө спорттун өнүгүшү кылымдарга токтоп, кайра жаралуу доорунда гана жанданган.
Бул мезгилде дене тарбия жок болуп, Евразиянын чыгышында — Кытайда конфуцианчылыктын таасири алдында адамдын физикалык өнүгүүсүнө кызыгуу төмөндөп кетет. Бул доор кытай дарылык гимнастикасынын ар түрдүү өтө айырмаланган багыттарга бөлүнүү мезгили болуп калган. Сары таңгычтардын козголоңунун сабактары Кытайдагы Цзинь бийлиги адамдарга курал алып жүрүүгө тыюу салууга түрткөн, бул эл арасында куралсыз күрөштүн жаңы формаларынын пайда болушуна, ошондой эле, таяк менен чабышуунун (орусча фехтование) өнүгүшүнө алып келген. VI кылымда Шаолинь согуштук искусство мектеби жаралып, будда монахтарынын колдоосу менен аналогиялуу мектептер Кытайдын башка жерлеринде да пайда болот, кийинчерээк, жаңы доордун экинчи миң жылдыгынын ортосунда ушундай эле калкка курал алып жүрүү тыюуусунан улам Японияда согуштук искусстволордун пайда болуусуна алып келген. Моңголдор үстөмдүгү (Юань династиясы) доорунда Кытайда ат минүү, жаа атуу, күрөштүн ар кандай түрлөрү сыяктуу аскердик машыгууга байланыштуу башка спорт түрлөрү да кеңири тараган. Жада калса курал-жарактары менен куралсыз дыйкандарга болгон кармашта жеңилип баштаган япониялык самурайлар өз кезегинде «дзю-дзюцу» (Батышта – «джиу-джитсу») деп аталган куралсыз салгылашуу системасын иштеп чыгышкан.
Христиан чиркөөсүнүн дене тарбияга болгон официалдуу баш тартуу мамилесине карабастан, бийлик Батыш Европада негизги аскер күчтөрү болгон рыцарчылыкты колдоого, элдик оюндар жана мелдештерге көз жумууга туура келген, негизинен, оюн салты XII кылымдын экинчи жарымына чейин сакталган германиялык жерлер жана Ирландияда. Батыш Европада жогорку орто кылымдарда, андан кийин кайра жаралуу доорунда феодалдык эзүүнүн алсырашы менен, чуркоо, секирүү, оордуктарды ыргытуу, күрөш сыяктуу түрдүү өлкөлөр үчүн окшош жалпы элдик дене тарбия калыптанган. XIII кылымда чуркоо жолдору пайда болуп, конькилердин уюшкан өндүрүшү башталган, ал эми XIV кылымда түрдүү топ оюндарынын баяндамалары кездешкен — теннис, файвза, бендибол, футбол (Англия жана Италияда оюн «кальчо» аталган), боулинг, хёрлинг. Цехтик маданияты бар шаарларда цехтер арасында мелдештер өткөрүлүп, оюндар катышуучулардын негизги кесиби менен байланышкан дисциплиналарда жүргүзүлгөн — калак менен сүзүү, сууга секирүү, туз кайнатуучулар арасында сууда сүзүү, куралчы усталар арасында чабышуу (фехтование) ж. б. Кайра жаралуу доорунун башталышы менен Батыш жана Борбордук Европада адам денесинин шайкештик (гармониялуу) өнүгүүсүнө кызыгуулар кайтып келет. Рыцарчылыктын ордуна үзгүлтүксүз армиянын негизи катары, жөө аскерлер келип, ал эми элдик мелдештер арасында курал-жарактан атуу (жаа, арбалет, ошондой эле, ок атуучу куралдан) жана чабыштар (фехтование) турнирлери көрүнүктүү орунга ээ болгон. XVI кылымда Италияда өзүнчө оюндардын (анын ичинде кальчо) эрежелеринин кеңири баяндамасы жана машыгуу ыкмалары менен трактаттар чыккан. Францияда ошол эле кылымда теннистин муруңкусу болгон жё-де-пом дүркүрөп турган. Кылымдын аягында Францияга барган ошол кездеги англиялык замандаш ал жактагы чиркөөлөргө караганда топ ойноочу аянтчалар көп экенин жазган. Нидерландияда муз тебүү да ошондой эле популярдуу болгон.
XVII кылымдын аягындагы Англиядагы даңазалуу революция оюндарга жана мелдештерге болгон бардык кылымдарга созулган тыюу салууларды жокко чыгарып, алардын гүлдөшүнө түрткү берген. Бул мезгилде буржуазиялык Англияда «мырзалар (джентельмендер) спорту» деп аталган салттар калыптана баштаган: бай үй-бүлөдөн чыккан жаш адамдар өзүлөрү гана спорт менен машыкпастан, ат чабыш, чуркоо жана бокс тотализаторлорунда катышып, бул спорттун түрлөрүнө спонсорлук көрсөтүп, өлкө боюнча жалпы эрежелердин калыптанышына кыйыр таасирин тийгизген. Мырзалар өзүлөрү көп физикалык күч-аракетти талап кылбаган жана ден-соолукка коркунуч туудурбаган крикет оюнун ойноону жактырышчу. Өнөр жай революциясы жана массалык өндүрүш, адамдардын бош убактысын көбөйүшүнө алып келген. Бул, өз кезегинде спорттун массалык болуусунун күрөөсү болгон. Көптөгөн адамдар спорт менен түздөн-түз алектенип же өзүнүн убактысынын бөлүгүн спорттук мелдештерди көрүүгө арнап спортту жашоосунун бөлүгү кылууну каалашып жана аны жасай алышмак. 1722-жылы Англияда фигуралык муз тебүү боюнча биринчи окутуучу китеп жарык көргөн, ал эми 1742-жылы дүйнөдөгү биринчи фигуралык муз тебүүнүн спорттук коому — Эдинбургдук конькиде чуркоо клубу ачылган. Англиянын спортко болгон мамилеси бүт континенталдык Европага жана океандын ары жагындагы колонияларга жайылып, батыш дүйнөсүндө үстөмдүк кылуучуга айланган; «мырзалар спортунун» таасири астында атаандаштык элементи улуттук спорт түрлөрүнө кирген, негизинен Голландиянын конькиде чуркоо спорту.
Өз доорунун да, андан кийинки кылымдардын да дене тарбиясын өнүктүрүүгө маанилүү салымын, немис дарыгери жана филантропу И. К. Ф. Гутсмутс кошкон. Ал гимнастика жана сууда сүзүү боюнча окуу китептерин, ошондой эле спорттук оюндарды жайылткан эмгектерди гана жазбастан, азыркы учурга чейин колдонулган гимнастикалык снаряддарды киргизген, андан тышкары, модернизацияланган гимнастикалык ат (эшек), турник, таяк менен секирүү. Гимнастика XIX кылымдын өтүшүндө Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө активдүү өнүгүп, улуттук аң-сезимдин өсүүсү жана массалык аскер даярдыгынын зарыл болуп турган шарттарында ага прикладдык маани беришкен. Франция, Дания, германиялык мамлекеттерде, Швейцарияда, Чехияда (ошол убакта Австрия империясына кирген) жана Швецияда гимнастикалык мектептер пайда болгон. Терапевт Пер Лингдин уулу, швед мугалими Ялмар Линг бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп жүргөн бир катар гимнастикалык снаряддарды иштеп чыккан – ээри бар отургучту (гимнастикалык аттын [эшектин] андан ары өнүгүшү), устунду, швед дубалчасын, секирүү трамплинин. Россияда XX кылымдын башында чех, швед жана немец гимнастикалык мектептери, ошондой эле П. Ф. Лесгафт иштеп чыккан дене тарбия системасы өзгөчө популярдуу болгон.
XIX кылымдын аягында негизинен белгилүү спорт оюндарынын эрежелери калыптанган. Англияда футбол чыныгы популярдуу оюнга айланып, крикет жана крокет өнүккөн, колониялардан алынып келинген поло, бадминтон, стол тенниси, лакросс өз күйөрмандарын тапкан. Америка Кошмо Штаттарында англияда бита менен ойногон элдик оюндан өнүккөн бейсбол оюну популярдуулукка жеткен. Францияда жеңил атлетика боюнча мелдештер өзгөчө популярдуу болуп, 80-жылдары жасалма муздан конькиде чуркоо жолу курулган. Ар кайсы өлкөлөрдө велоспорт, андан кийин авто жарыш салттары жарала баштайт. Спорттун жана дене тарбиянын жайылышында чоң ролду эл аралык жаш христиандар ассоциациясы (YMCA — Young Men′s Christian Association) ойногон. Анын камкордугу астында спорттук машыктыруу институту өнүгүп, спорттук имараттар курулган; ассоциациянын ишмердүүлүгү волейбол жана баскетболду ойлоп табууга алып келген. YMCA ишмерлеринин бири Россияда «Маяк» аталышындагы Жаштардын рухий, нравалык жана физикалык өнүгүүсүнө жардам берүү коомун негиздеп, уюм Октябрь революциясына чейин иштеген. Россиядагы башка белгилүү дене тарбия жана спорт уюму — «Богатырь» дене тарбия коому болгон, 1914-жылга чейин өлкөдө мындай уюмдардын саны 360 жеткен.
XIX кылымдын ортосунан тартып, спорт улуттук алкактан чыгып, эл аралык спорттук кыймылдын өнүгүшү башталган. 1851-жылы биринчи эл аралык шахмат турнири өтүп, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча жеке негизде уюшулган «дүйнө чемпионаттары» башталган. Көбүнчө, мындай мелдештер жылына бир нече жолу ар кайсы өлкөлөрдө жана ар кандай эрежелер менен өткөрүлүп, бул эл аралык спорттук союздарды уюштуруу (булардын биринчиси 1881-жылы гимнастика боюнча Европа биримдиги — 1897-жылдан тарта Эл аралык гимнастика федерациясы) жана эрежелерди унификациялоого түрткү болгон.
Ошондой эле, XIX кылымдын ортосунда байыркы Олимпиада оюндарын жандандыруу аракеттери башталган. Жаңы мезгилдин биринчи «Олимпиада оюндары» 1836-жылы Рамлёса (Швеция) курорттук жеринде өткөн — аларды коңшу айылдардын тургундары үчүн Пер Лингдин окуучусу Густав Шаратау уюштурган. Эки жылдан кийин жаңыдан эгемендик алган Грецияда Олимпиада оюндарын жандандыруу аракети көрүлгөн, бирок тарыхый Олимпиянын жанындагы кыштакта биринчи оюндарды өткөрүүдөн кийин улантуу болгон эмес. 1859-жылы оюндар Афиналарда, король Оттондун сүрөөсү (колдоосу) астында кеңири масштабда, бир катар спорттук дисциплиналар боюнча мелдештер калыбына келтирилген байыркы стадиондо, ошондой эле, искусство боюнча мелдештер, ал үчүн атайын курулган «Заппейондо» (аталышы уюштурууга акча каражат менен колдоо көрсөткөн Евангелис Заппастын наамынан коюлган) өткөрүлгөн. Бул оюндар сөздүн толук маанисинде эл аралык болгон эмес, анткени, спорттук оюндарга ар кайсы өлкөлөрдүн этникалык гректери гана катышкан. Кийин бул форматтагы оюндар дагы үч жолу өткөрүлгөн — 1870, 1875 жана 1888-1889-жылдары.
Олимпиадалык оюндардын чыныгы кайра жаралышы, дене тарбия энтузиасты Пьер де Кубертендин эмгегине милдеттүү. 1880-жылдардын башында Кубертен пикирлештери менен Францияда Улуттук дене тарбия лигасын негиздеп, ошол эле он жылдыктын аягында — дене тарбияны үгүттөө боюнча комитетти (агартуу министри Жюль Симон менен биргеликте) жана Француз атлетикалык жамааттардын бирикмесин түзгөн. 1889-жылы Кубертендин демилгеси менен Париждеги Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнүн алкагында дене тарбия боюнча конгресс өтүп, 1892-жылы Сорбоннада биринчи жолу мультиспорттук эл аралык мелдештер (Жаңы Олимпиада оюндары) демилгесин көтөрүп чыккан. Олимпиадалык оюндарды уюштуруу конгресси эки жылдан кийин Франциянын, Улуу Британиянын, АКШнын, Россиянын, Швециянын, Испаниянын, Италиянын, Грециянын, Бельгиянын жана Нидерландиянын (ошондой эле, Автралия жана Япониянын колдоо кепилдиктери алынган) 39 спорттук коомдорунун делегаттарынын катышуусу менен өткөн. Делегаттар тарабынан биринчи заманбап Олимпиада оюндары 1896-жылы Грецияда өткөрүү боюнча чечим кабыл алынып, Эл аралык Олимпиада комитети түзүлгөн. Биринчи Олимпиада оюндары 1896-жылы апрелде өткөн. Мелдештер грек-рим күрөшү, велоспорт, гимнастика, жеңил атлетика, сууда сүзүү, ок атуу, теннис, оор атлетика жана чабышуу (фехтование) боюнча өткөрүлгөн — бардыгы болуп 43 байге топтому ойнотулган; пландалган кайыкта сүзүү мелдеши катышуучулардын жоктугунан өткөн эмес. Оюндарга жалпысынан 14 өлкөдөн 241 спортчу (алардын 200дөн ашыгы кабыл алуучу же уюштуруучу өлкөдөн) катышып, жалпысынан он өлкөнүн спортчулары медалдарга ээ болушкан. Ушундан улам, дүйнөлүк согуш мезгилине туура келген жылдарды кошпогондо, заманбап Олимпиада оюндары төрт жылда бир өткөрүлүп келет.
Спорттун массалык көрүнүш же оюн катары тенденциясы, массалык маалымат каражаттарынын (ММК же ЖМК) жана глобалдык коммуникациялардын пайда болушу менен өнүккөн. Спорт профессионалдуу болуп, бул анын атагын андан дагы жогорулаткан. Заманбап постиндустриалдык коом, маалымат жана билим сыяктуу ресурстарга таянып, интернет-технологиялардын жардамы менен адамдардын жеке байланыш мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, покер жана тармактык колдонуучулар оюндары сыяктуу интеллектуалдык спорттун түрлөрүн активдүү өнүктүрүүдө.
Башында спорттук мелдештер ышкыбоздук же сүйүүчүлүк (орусча любительский) мүнөзгө ээ болуп, Олимпиада оюндарынын катышуучулары көпчүлүк убактысын эмгек жана башка ишмердүүлүк чөйрөсүндө өткөрсө да, антика мезгилинде эле, биздин заманга чейин V кылымдан баштап профессионалдык атлеттердин катмары калыптанып калган. Бир кыйла маанилүү байгелери бар жергиликтүү мелдеш-агондор (агон — рим жана гректердин күрөш же мелдеши) системасы профессионалдык спорт менен машыккан төмөнкү класстардын өкүлдөрүнө жакшы жашоону камсыз кылууга мүмкүндүк берген. Алгач профессионалдык спорт эллинисттик Грецияда, андан кийин Байыркы Римде дене тарбия концепциясын өзгөртүүнүн натыйжасында өзгөчө жайылууга ээ болгон: спорт жалпы кошуундагы жоокерлерди даярдоодо оюн-зоокко айланып, искусствонун каалаган түрү менен максаттуу машыккандар сыяктуу эле аз гана сандагы адамдар машыккан. Биздин заманга чейин I кылымда түзүлгөн профессионалдык атлет — муштум кармашынын жоокери — Нестордун баласы Аполлонийдин эмгеги спорт концепциясы жана анын алгачкы идеясы ошол мезгилде канчалык деңгээлде алдыга кеткенин көрсөтүп турат. Классикалык грек мектебине мүнөздүү адам-жарандын гармониялуу фигурасынын ордуна коюлган скульптуралык портрети профессионалдык жоокердин гипертрофирленген булчуңдары, сынган мурду, айрылган кулактары жана тырыктарын көрсөтүп, табигый майда-чүйдөсү, ошондой эле «спорттук инвентары» — темир коюлмалары бар мээлей менен берилген.
Жалпысынан спорттун Орто кылымдарда басаңдашы, жана анын Жаңы мезгилдеги кайра жаралуусунда профессионалдык спорт дагы жаңы өнүгүүгө ээ болгон. Мисалы, XVIII кылымда Англияда мушташ кармаштарынын сүйүүчүлөрүнүн жалпы массасынын арасынан мыкты чеберлер белгиленип, бул көңүл ачууларды финансылык негизге койгон. Англиядагы биринчи бокс мектебин XVIII кылымдын биринчи жарымында өз мезгилинин мыкты оор салмактуу мушкери (боксёру) Джеймс Фигг ачып, акылуу мушташ сабактарын өткөргөн. Ошол эле кылымдын ортосунда, мушташ жыйынтыктарын манипуляциялоо тажрыйбасы башталып, антрепренёрлорго (антрепренёр — бир катар көңүл ачуучу искусстводогу башчы же бизнесмен) кыйла акча суммасын алууга мүмкүндүк берген.
XX кылымда эс алуу маданияты чоң өнүгүүгө жеткенде, спорттук мелдештер жана аларды көрүү, көрүүчүлөр үчүн популярдуу көңүл ачуу, спортсмендер үчүн болсо профессионалдык ишмердүүлүккө айланган. Жогорку деңгээлдеги профессионал спортчулар чоң гонорар табышат, ошондой эле ар кандай товарларды жарнамалоо менен киреше алышып, атактуу инсандарга айланышат — кээде бир гана күйөрмандардын, кээде калктын басымдуу бөлүгүнүн арасында.
Профессионалдык спортто болуп жаткан иштерди жөнгө салуу үчүн спортчуларды, машыктыруучуларды, калыстарды, кээде күйөрмандарды бириктирген жалпы жана тар адистештирилген уюмдар жана ассоциациялар түзүлүүдө.
Спорттун бизнеске, байлык булагына айланганы, мелдештин маңызына чоң таасирин тийгизүүдө. Көркөмдүүлүк, кызыктуулук же калыстыктын ыңгайлуулуктар талабынан улам спорттун эрежелери көп учурда өзгөрүп кетүүдө. Мисалы, XX кылымдын 60-жылдарында алгач Америка баскетбол лигасы, андан кийин Америка баскетбол ассоциациясы оюнду жандандыруу жана көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттыруу максатында үч упайлык ыргытууларды киргизип, кийинчерээк ал бүткүл дүйнөдө баскетбол эрежелеринин бөлүгү болуп калган. 1970-жылдан тарта профессионалдык теннис турнирлеринде матчтардын убактысын кыскартуу максатында, сетте утуу үчүн эки гейм (оюн) милдеттүү айырмасын жоромолдогон система айтылуу тай-брейк менен алмаштырылган (сүрүлүп чыгарылган), тай-брейк — сетте 6:6 болгон тең эсепте ойнотулуучу чечүүчү гейм (оюн) саналат. XX кылымдын аягында, волейболдо буга чейин өздүк топ берүүдө гана упай алууга мүмкүн болсо, көңүл ачууну жогорулатуу үчүн «ралли-пункт» системасы киргизилген, ага ылайык ар бир топ ойнотуу упай алып келе баштаган — алгач чечүүчүдө, бешинчиде, партияда, жана 1998-жылдан тарта матчтын калган партияларында.
Спорт түрү — бул бир спорттук федерациядагы эрежелери окшош болгон белилери менен бириктирилген спорттук мелдештер түрлөрүнүн жыйындысы. Салттуу түрдө, Эл аралык олимпиада комитетинин көз карашында бир эл аралык федерация тарабынан өткөрүлүүчү мелдештердин бардык түрлөрүнүн жыйындысы спорттун өзүнчө түрү деп саналат. 1993-жылга чейин бир эл аралык федерация тарабынан башкарылган заманбап беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш жана биатлондон тышкары.
Олимпиадалык хартия (хартия — коомдук-укуктук мүнөздөгү кээ бир документтердин аталышы) тарабынан таанылган спорт түрлөрү олимпиадалык деп аталат; Олимпиадалык оюндардын программасына спорттун олимпиадалык түрлөрү гана киргизилет. Олимпиадалык хартияда олимпиадалык деп таанылган спорттун түрлөрүн башкарган эл аралык спорт федерацияларынын тизмеси берилген; 2013-жылга карата бул тизмеде 35 гана федерация бар, чектөөлөр Дүйнөлүк антидопинг кодексин кабыл алуу, натыйжалардын биринчи ирет «механикалык кыймыл күчүнөн» көз карандысыздыгы, ошондой эле, тигил же бул түрдүн жайылгандыгына (таралгандыгына) байланыштуу. Жайылгандык критерийлери:
«СпортАккорд» эл аралык конвентинин алкагында кыйла көбүрөөк эл аралык федерациялар чогулган — 93 толук мүчөлүк укугу бар жана 16 ассоциацияланган. Олимпиадалык хартия кышкы спорт түрлөрүн өзгөчө топ катары белгилейт (Олимпиада хартиясынын 6-эрежеси боюнча «кар же муз үстүндө ойнолуучу спорт») — ушул түрлөр гана Кышкы Олимпиада оюндарынын программасына киргизилиши мүмкүн.
Спорттук медалдар (сыйлыктар) — бул мелдештердин катышуучуларына берилүүчү сыйлыктар, негизинен жеңүүчүлөргө (чемпиондорго), байге ээлерине, абсолюттук жеңүүчүлөргө (абсолюттук чемпион).
Жеңүүчүлөр жана спорттук мелдештердин байге ээлерине берилүүчү спорттук байгелер жана сыйлыктарга кийинкилер кирет:
XIX кылымдын аягында спорт аристократтардын кызыгуусунан массалык көңүл ачууга айлана баштаганда, америкалык социолог Торстейн Веблен өзүнүн «Курулай класс теориясы» аттуу эмгегинде кийинкидей жазган: «спорт бош бекерпоздорго гана арналган, башкача айтканда, абийирине келтирилген көңүл калууларды спорттон чыгарууга умтулган аристократия же өнөр-жайчылар үчүн», ал эми эмгекчилер үчүн ал пайдасыз дегендей. Веблендин көз карашы боюнча, заманбап спорт адамзат тарыхындагы варварлардын мезгилиндеги атавистикалык (атавистикалык — байыркы бабалардын элесин элестеткен) саркындысы эле болгон.
Бертолт Брехт:
Чоң спорт көптөн бери ден соолук менен байланышы үзүлгөн жерде башталууда. Ойго келгендин эң жаманы — спорттун эквивалент сыяктуусу. Бул адамдар кийинкидей аргументтешет: бүгүн 1880-жылдагыга караганда көбүрөөк ойлонуш керек. Андыктан мунун ордун толтуруу үчүн спорт менен машыгуу зарыл. Адегенде мага бүгүн 1880-жылдагыга караганда көбүрөөк ойлонушум керек экенин далилдеп берүүдөн тышкары — эмне үчүн бүгүнкү күнү адамдарга 1880-жылга караганда өз иштерин жасоо кыйыныраак болуп жаткан фактысы, алар дене жагынан чыдамдуу боло аларына укук бере алат?Кандай гана болбосун, ар заманда ар бир ишке өз сынчылары болот эмеспи. Ал эми спорт болсо өз ишин улантууда.
Кыргызстандан спорт жөнүндө эскерүүлөр кыргыз адабияттарында көп кездешет. Мисалы, түрдүү ат чабыштар, эр сайыштар, тыйын эңмей, жаа атуу жана башка ушул сыяктуулар. Ушуга байланыштуу кыргыз спорту байыркы заманда эле болгондугун жөнүндө алдын-ала тыянак чыгарса болот. Улуттук оюндар, көбүн эсе, балким, тиричилик муктаждыктарынан чыккандыр.
Ошондой болсо да, бул жаатта так маалыматтар өтө аз же дээрлик жокко эсе. Бирок, кыргыздын улуттук оюндары бүгүнкү күнгө чейин сакталып келгени факт. Ошол эле Кожомкуж балбан, Манас атабыз ж. б. у. с. спорт каармандары кыргыз спортунун күбөлөрү боло алат десек ашык болбос.
Ал эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргызстан тарабынан уюшулуп, 2014-жылы Кыргызстанда биринчи оюндар өткөн.
Учурда кыргыз спорту Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 21-январындагы № 36 «Дене тарбия жана спорт жөнүндө» мыйзамы менен туураланат.