Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Музыкалык ноталоо

Баш барак | Музыка | Музыкалык ноталоо

Музыкалык ноталоо (латынча notatio, латындын nota — белги сөзүнөн) — жазма белгилердин (графемалардын) жардамы менен музыканы белгилөө системасы.

Мазмуну

Жалпы мүнөздөмөсү

Үн материалынын (грампластинада, аудиофайлда, үн белгисинин графиги, спектри ж. б. аркылуу) механикалык жана электрондук репродукциялоо ыкмаларынан айырмаланып, ноталоо музыкалык логиканын маанисин спецификалуу берет, баарынан мурда үн бийиктикте жана римтде (Музыкалык үн).

Мисалы, септаккорддун жана анын айлануусунун ноталык жазуусу тигил же бул музыкалык түзүмгө карабастан аккорддун терцалык логикасын белгилейт. Ладдык үн катардын диатондук баскычына таандык болгон альтерация белгиси анын мажор-минордук тоналдуулук системасындагы хроматикалык альтерацияны билдириши мүмкүн, ал эми жаңы веналык мектептин 12 тоналдуу музыкасында (бирдей темперацияланган жарым тоналдуулук энгармонизминде жаткан композициялык негиз) контексттик-айырмасыз «бийиктик белгилегичинин» функциясын алып жүрүшү мүмкүн. Өлчөм жана такттык чек, күчтүү жана алсыз үлүштөрдүн, ритмикалык бөлүү деңгээлдерин жана башкалардын ордун көрсөтөт, жана тескерисинче — бул белгилердин ноталоодо жок болушу музыканын жана (тексттик-музыкалык формада, мисалы, мелизматикалык органумда жана көп үндүү кондуктта) текст артикуляциясынын метроритмикалык транскрипциясынын ыктыярдуулугун импликациялайт.

Европалык маданиятта ноталоо профессионалдуу музыканын сакталышын жана берилишин камсыз кылган — анонимдүү (негизинен культтук) жана автордук («композитордук», чиркөөлүк жана светтик) — муундан муунга. Бул жерден ноталоо эстелиги музыка жана ал жөнүндөгү талкуулардын аткаруучулук ишке ашыруулары үчүн алгачкы булак абалына ээ болгон.

Динамикалык, темптик жана башка нюанстарды тыкат белгилөө, композитордун каттагы (жазуудагы) маанинин интерпретациясын детерминациялоого умтулуусун көрсөтөт. Жана тескерисинче, «ноталобоо» (анын ичинде атайын ноталобоо) же музыкалык элементтердин сүйлөөсүн (речин) символикалуу түрдө ноталоо (мисалы, basso continuo гармониясындагы метрлештирилбеген прелюдиялардагы ритм) аткаруучулук интерпретациялар жана музыка таануучулук концепциялар үчүн кеңири иш мейкиндигин берет. Ошентип, Кайра жаралуу жана барокко доорлорундагы музыкадагы темптердин жана мелизмдердин так ноталанышынын жоктугу, алардын аутентисттер тарабынан интерпретацияланышынын кыйла айырмаланышынын себеби болгон (өзгөчө, темптин радикалдуу интерпретацияланышы музыка этосунун өзгөрүүсүнө алып келет, ал эми орнаментика менен ашыкча көбөйтүү гомофондук музыканын алып жүрүүчү конструктивдүү элементи катары, күү рельефин теңейт). Орто кылымдар жана эрте Кайра жаралуу доорунун көп үндүү музыкасындагы тосмо (musica falsa) жана системалык альтерация белгилерин ыраатсыз ноталоо, эски гармониянын карама-каршы музыка таануучулук трактовкаларды жараткан (ал гана эмес полимодалдуулукту ырастоого чейин); XVI—XVII кылымдын вокалдык музыкасындагы ачкычтарды спецификалык жайгаштыруу, көп үндүү амбитустар концепциясын жана башкаларды жашоого чакырган десе болот.

Ноталанган музыканын физикалык алып жүрүүчүлөрү катары тарыхтын ар кайсы баскычтарында таштар, папирус, пергамент, кагаз, файл (программалык код аркылуу ноталоо үчүн) ж. б. болгон.

Музыкалык ноталоонун түрлөрү

Тарыхый жактан эң маанилүү ноталоонун түрлөрү:

Тарыхый очерк

Эң байыркы ноталоо боюнча анык маалымат жок. Байыркы Вавилондо муундук жазууну колдонушкан деп жоромолдонот, Байыркы Египетте — пиктографиялык.

Музыкалык ноталоонун биринчи анык эстеликтери Байыркы Грециядан чыккан — түрү боюнча ал тамгалык ноталоо үлгүлөрүн элестетет. Байыркы грециялык ноталоонун 60тан ашык эстеликтери ар кандай алып жүрүүчүлөрдө (эң байыркылары — папируста жана ташта) сакталып калган, анын ичинде Еврипиддин (б. з. ч. III кылым, папирус) «Ореста» жана Дельфадагы афиналык ыйык жердеги пеандар (Апполонго гимндер). Толугу менен сакталып калган пьесалар көбүрөөк белгилүү — Сейкилдин (б. з. ч. II кылым, музыка жана ырлар мрамордук тажия үстүндөгү түркүктө эшилип жазылган, Траллдар) эпитафиясы (сколий) жана Мезомеддин үч гимни (б. з. ч. II кылым, XIII—XIV кылымдардагы пергаменттик кол жазмалардын орто кылымдык көчүрмөлөрү).

Байыркы грециялык ноталоо теориясы эң кеч (кеч антикалык жана византиялык) баяндамаларында гана (Алипий, Гауденций, Боэций, Беллермандын Анонимдери ж. б.) сакталып калган анткени, Байыркы Грецияда ноталык жазуунун баяндалышы «гармоникага» татыксыз иш деп саналчу. Европалык музыка илиминин негиздөөчүсү Аристоксен «Гармоника элементтеринде» (б. з. ч. IV кылым) кийинкидей жазган:

«Гармоника аталган изилдөө максаттарында, кээ бирлери күүлөрдү ноталоо деп бардык мелодиканын (μελῳδουμένων) чегин айтышат, башкалары [бул максаттарды] авлосторду изилдөөнү жана авлос тарабынан жаралуучу үндөр (αὐλομένων) кандай жана кайдан пайда болот деген суроого жооп катары түшүнөт. Мындай нерсени таптакыр адашкандар гана айтат. Анткени, ноталоо — гармониканын гана максаты эмес, жана анын бөлүгү дагы эмес, ар метрдин жазуу болгон метр бөлүгү гана болуп калбаса: бул жердегидей ямбикалуу метрди жаздырууну билгенге сөзсүз эле аны мыкты билүү зарыл эмес, ямбика күүдөй эле, анткени, фригий күүсүн жаздырганга фригий күүсү дегенди сөзсүз мыкты билүүнүн кереги жок. Өйдөдө айтылган илимдин [гармониканын] максаты боло албайт.» — Aristox. Harm. II, 49, (жеке котормо).

Боэцийдин күбөсү боюнча («Музыка негиздери», болжолдуу 500-жыл) антикалуулуктун аягына жакын ноталоо музыканттын сабактарына кирип, ошондон тарта ал Европада илимий трактаттардын, музыка боюнча окуу китептеринин үзгүлтүксүз темалардын бири болуп калган.

«Ар бир нотанын (notulae) аталышын оңой эле өздөштүрүүгө болот. Анткени, [кылдар] аталыштардын кайра-кайра толугу менен жазуунун ордуна, байыркы тез жазуучулар, кандайдыр бир белгилерди (notulas) ойлоп табышкан, булардын жардамы менен кылдардын аталыштары белгиленип, аларды түрлөрү жана ладдары боюнча бөлүштүрүшкөн. Мындай ыкма менен жазууну кыскартып, алар музыкантчынын (musicus) кайсы бир күүнү жазгысы келсе, дал ушул «үн бийиктиктүү» бегличелер менен (sonorum notulas) жазып алып турушуна умтулушкан. Тамгалар менен жазылган ырлардын сөздөрү гана эмес, мындай ноталар менен белгиленген күү дагы эсте калып, келечектеги мезгилге сакталып калуусу үчүн, алар ушундай укмуштуудай ыкманы табышкан.» — Boet. Mus. IV, 3 (жеке котормо).

Классикалык (беш сызыктуу тегерек такттык) ноталоо — Европадагы музыкалык ноталоонун узак мөөнөттүү эволюциясынын натыйжасы. Профессионалдуу литургиялык бир үндүүлүк невмалар менен жазылып (эң байыркы сакталып калган эстеликтер IX кылымга таандык), алар так үн бийиктигин жана үндөрдүн созулуусун белгилебей, күүнүн болжолдуу багыт планын гана көрсөткөн. Невмалар ар кайсы аймактарда өзүнүн өзгөртүүлөрүнө ээ болгон.

XI кылымдын башын невмаларды алардын арасындагы (горизонталдуу) сызыкчаларга жаза башташкан. Мындай эки сызыкчалардын киргизилиши (кызыл жана сары) — салттуу түрдө XI кылымдын биринчи жарымынын италиялык окумуштуусу Гвидо Аретинскийке таандык кылышат. Невмалык ноталоонун «сызыктуу» модификациялары үн бийиктигин жетишээрлик түрдө так белгилөөгө мүмкүндүк берген, бирок, алар дагы деле ритмдик узактыктарды аныктаган эмес (григориандык хоралдын ритми просодия менен туураланган). XIII кылымда сызыкчалардын саны турукташып, ошондон тарта мындай түрдөгү ноталар төрт сызыктуу нота алып жүрүүчүдө жазыла баштаган. Графика боюнча невма-сызыктуу эстеликтер эки түргө бөлүнөт: төрт бурчтуу (римдик) жана така сымалдуу, готикалык (немистик).

XII кылымдын аягында төрт бурчтуу ноталоо графикасынын негизинде, тарыхта биринчилерден болуп ритмикалык, айтылуу модалдык (латындын modus сөзүнөн, өлчөм деген мааниде) ноталоо өнүккөн. Анын башталышын париждик Нотр-Дам мектебиндеги Арс антиква мезгили менен байланыштырышат. Модалдык ритмикадагы ритмикалык бөлүүнүн бардык кошуна деңгээлдердин узактыгы үчкө бөлүү негизине же перфекцияда (perfectio) жаткан. Чоң узактык longa аталган, кыскасы — brevis. Модалдык жазууда 6 ритм формулалар каралган болчу.

Модалдык ноталоону мензуралык ноталоо алмаштырып, ал XIV кылымдан баштап XVII кылымдын башына чейин кеңири колдонулган. Мензуралык ноталоо, үн бийиктиктүү интервалдарды гана эмес, ритмикалык узактыктарды дагы так аныктаган. Акырындык менен ноталардын узактыгын жана паузаларын белгилеген символдордун саны дагы көбөйгөн: 1280-жылдардын айланасында теорияда семибревистин (semibrevis) биринчи эскерүүсү, андан кийин майдараак узактыктар (мисалы, Пьер де ла Круада) катталган. 1450-жылдары айтылуу «кара ноталоо» колдонулган (ноталардын баштары кара түскө боёлгон). XV кылымдын экинчи жарымынан аны айтылуу «ак ноталоо» сүрүп чыгарган (чоң узактыктагы ноталардын баштары боёлгон эмес). Ак ноталоо ритмикалык бөлүүнүн сегиз деңгээлине (кызыл) чейин ээ болгон — maxima, longa, brevis, semibrevis, minima, semiminima, fusa же chroma, semifusa же semichroma.

Классикалык түргө музыкалык ноталоо XVII-XVIII кылымдарда жеткен, бирок, эски партитуралардагы кээ бир белгилердин (мисалы, нотадан кийинки чекиттер) маанилери заманбап аткаруучулар тарабынан музыканы окууда белгилүү бир оорчулуктарды жаратат. Классикалык ноталоо бүгүнкү күнгө чейин академиялык музыкалык билим берүүдө нормативдүү деп саналат. Жалпысынан ал, мындай билимдин баштапкы баскычында эле баяндалат (элементардык музыка теориясы китептеринде). XIX кылымдын ортосунда таланттуу музыкант Луи Браиль ноталарды жазуу үчүн иштеп чыккан шрифттин негизинде көзү көрбөгөндөргө жана угуусу начарларга музыканы окуткан.

XX кылымдын экинчи жарымында композитор-новаторлор ноталардагы өзгөчө үн эффектилерди белгилөө үчүн жазуунун спецификалык формаларын колдоно баштаган — үн массаларын, вибрато, микроинтервалдарды, үн бийиктиктүүлүктү «туруксуздандыруу» (орусча дестабилизация) ж. б.

Жайгаштыруу: 2023-11-04, Көрүүлөр: 491, Өзгөртүлгөн: 2023-11-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо