Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Байыркы Греция музыкасы

Баш барак | Музыка | Байыркы Греция музыкасы

Байыркы Греция музыкасы — байыркы грециялык антикалык маданияттын түзүүчү бөлүгү. Байыркы Греция музыкасы (поэзия менен катар) европалык профессионалдуу музыкалык маданият жана музыкалык илимдин өнүгүүсүнө чоң таасирин тийгизген.

Мазмуну

Музыка сөзү дагы гректерден келип чыккан. Музыка билим берүүнүн, табиянын предмети жана коомдук жашоонунун бөлүгү катары чоң ролду ойногон. Музыка, Аристотель боюнча («Саясат») — грамматика, гимнастика жана сүрөт тартуу менен катар, антикалык билимдин төрт негизги предметтеринин бири.

Изилдөө булактары

Байыркы грек музыкасынан бир нече толук жазылган дилбаяндары гана сакталып калган; мурастын калган бөлүгү (40 пьесанын айланасында) папирустагы, пергаменттеги фрагменттер түрүндө, дубал жазууларынын бөлүктөрү, таштардагы эпиграфика түрүндө сакталып калган. Толугу менен сакталгандар: Сейкил сколиясы (ыры), Месомеддин 3 гимни, Апполонго арналган эки гимн. Байыркы грециянын музыкасы жөнүндөгү маалыматтар көбүнчө гректердин жана римдиктердин музыка-теориялык трактаттарынан, экинчилик адабияттан (байыркы грециялык ойчулдардын жана акындардын эмгектеринен) алынат; грециялык көркөм сүрөт эстеликтери (скульптура, керамика ж. б.) музыкалык сюжеттерге бай келет.

Эң байыркы булактар биздин заманга чейинки үчүнчү жана экинчи миң жылдыкка таандык. Булардын мисалы катары, эң байыркы кылдуу музыкалык аспаптардын, Крит аралында лирада жана авлосто ойноо учурларынын сүрөттөрү, Киклад аралдарындагы музыканттар статуэткалары күбө боло алат. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын аягындагы микен жамаатынын тиричилигин чагылдырган Гомер поэмаларында, музыканы эмгек процесстеринде, диний ырым-жырымдарда жана элдик майрамдарда колдонулушу жөнүндө айтылат.

Музыка жана мифология

Байыркы грециянын мифологиясында дагы музыканын чагылдырылышы байкалат. Музыкалык өнүгүүнүн эң байыркы доору грециялык баяндарда мифтик Марсий ысымы менен байланыштырылат, мында ал Апполон менен музыкалык таймашка түшүп, аны жеңип, ушунусу менен анын жинин кайнаткан имиш. Марсийдин Фригийдик теги Кичи Азиянын музыкалык маданиятынын Грецияга тийгизген таасири болгону жөнүндө айтат.

Орфей ырчысы, Эагра фракийлик дарыя кудайынын баласы жана Каллиопа муза жөнүндөгү миф, өткөн мезгилге алып барган белгилүү миф катары саналат, мында Каллиопанын алтын арфада ойноосу адамдарды гана эмес жаныбарларды, дарактарды, аскаларды өзүнө тарткан. Уламыш боюнча Орфей, жылан чагып тозокко түшкөн аялы — нимфа Эвридиканы тозоктон куткарганы жөнөйт. Лирада ойноо Харонго жагып, ал Орфейди Стикс (дарыя) аркылуу өткөрүүгө макул болот, бирок үйгө келгенге чейин аялыңды караба деген тыюууну бузуп алып, Орфей аялынан түбөлүккө ажырайт жана кийин өзү дагы өлөт. Бул сюжетти байыркы грециялык драматургдар (Эсхил, Еврипид), ал эми жаңы мезгилде — бир катар опералык композиторлор (К. Монтеаерди, Глюк ж. б.) колдонгон.

Авлосто ойноо эрежелери жана гармония мыйзамдарынын байыркы мыйзам чыгаруучусу деп Олимп саналган. Музыкалык мыйзамдар кемтиксиз, келишкен, кооз үндүүлүк деп түшүнүлгөн. Анын (Олимптин) окуучусу Криттик Талет болгон, ал Спартага Апполон гимндерин, флейтада музыкалык коштоо, ошондой эле хордук ырдоо салтын алып келген. Хордук ырдоонун Криттен алынып келгендиги жөнүндө Гомердин «Илиадасында» дагы эскерилет.

Музыкалык аспаптар

Негизги макала: Музыкалык аспаптар

Гректерде эң көп жайылган музыкалык аспап катары лира жана авлос саналат (экөө тең көп түрдүү болгон).

Кылдуу чертме аспаптардын тобу дагы кеңири (өтө сейрек учурларда гректер жаалуу аспаптарды колдонгон эмес).

Лира музыкалык аспабы
Лира музыкалык аспабы

Үйлөмө аспаптардын арасында кийинкилер кеңири таралган:

Авлос
Авлос
Пан флейтасы
Пан флейтасы

Заманбап жез үйлөмө аспаптардын бабасы деп узун мүйүздү айтууга болот, түз, ийри же спирал түрүндө оролгон, уч жагы кеңейип турат. Мындай аспап ырым-жырымдарда жана согуш талаасында үнү чыгып турган.

Байыркы Грециянын көптөгөн урма аспаптарынын арасынан тимпан (литаврдын муруңкулары), кимвалалар (табактардын муруңкулары) жана кроталдар көбүрөөк белгилүү.

Биздин заманга чейинки III-II кылымдарда Грецияда александриялык механик Ктесибий тарабынан жасалган заманбап органдын муруңкусу гидравлос пайда болот. Аспапта 4төн 8ге чейин түтүк болгон, ал эми түтүктөргө келген аба басымы суу мамычасы аркылуу сакталган. Гидравлос Рим империясынын тушунда, андан кийин Византияда жайылган аспап болгон.

Музыкалык маданияттын гүлдөшү

Чоң культтук жана жарандык майрамдар өткөн полистердин өсүүсү үйлөмө аспаптын коштоосунда хордук ырдоонун өнүгүүсүнө алып келген. Авлос менен катар колдонууга металл кернейлер кирген. Согуштардын көп болуусу аскер музыкасынын өнүгүүсүнө түрткү берген. Ошону менен кошо лирикалык поэзия дагы өнүгүп, ал музыкалык аспаптардын аккомпанементи менен ырдалган. Ошол кездеги белгилүү ыр авторлору — Алкей, Архилох, Сапфо.

Хордук лириканын классиги деп акын жана музыкант Пиндар таанылган, ал ыр формасынын ар түрдүүлүгү, байлыгы жана укмуштуу ритмдер менен айырмаланган гимндердин, дасторкон үстүндөгү жана жеңиштик одалардын автору болгон. Пиндардын гимндеринин негизинде дионисиялык майрамдарда аткарылган дифирамбалар өнүккөн (болжолдуу б. з. ч. 600 жыл).

Акроамо деп Байыркы Грецияда декламацияны, ырдоону, музыканы жана ушуга окшош көңүл ачууну айтышкан, өзгөчө сый-тамак учурунда.

Музыка театралдык оюндардын ажырагыс бөлүгү болгон. Трагедия өзүнө драманы, бийди жана музыканы айкалыштырган. Эсхил, Софокл, Еврипид өңдүү трагедиялардын авторлору, байыркы грециянын лирикалык авторлору сыяктуу, бир убакта музыканын түзүүчүлөрү дагы болушкан. Улам өнүккөн сайын трагедияга корифей жана актёрлордун музыкалык партиялары киргизилген.

Еврипид өзүнүн чыгармаларында хор партияларын киргизүүнү чектеп, көңүлүн көбүрөөк индивидуалдуу, эмоциялуу, кыймылдуу, виртуоз мүнөздүү жаңы дифирамба үлгүсүндөгү актёр жана корифейлердин соло партияларына бурган. Жаңы дифирамба стилинин түзүүчүлөрү Филоксен жана Тимофей Милетский болуп калган. Байыркы грециялык комедиялардын авторлору, көп учурда адабий текстти коштоо үчүн көп кылдуу кифараларды колдонушуп, спектакльга ырдалма обондорду кошушкан. Ошону менен бирге комедиографчылар традегияны кылдаттуулукка жана чет өлкөлүк таасирденүүгө сындашып, трагедия музыкасын пародиялаган күндөрү аз эмес болгон, мунун издери Аристофандын «Бакалар» комедиясынын текстинде сакталып калган.

Музыка жөнүндө окуу

Байыркы Грецияда, музыкалык теория жана эстетика дагы өнүгө баштаган. Гераклит музыканын диалектикалык табиятын көрсөткөн. Пифагор музыкалык гармония менен дүйнө гармониясын байланыштырып, музыкалык интерваликага математикалык түшүндүрмө берген. Аристоксен музыканын адам тарабынан жандуу кабыл алуусун биринчи орунга койгон. Көптөгөн байыркы грециялык философтор музыкалык этика жана эстетика маселелери менен иш алып барышкан, негизинен Платон жана Аристотель.

Акустикалык маселелер

Европалык музыка теориясына негиз салуучу катары Пифагор окуусу саналат, буга өзүнчө үндөрдүн термелүүлөрүнүн математикалык мамилелештигин орнотууну жана айтылуу пифагордук түзүмдү ойлоп табууну таандык кылышат. Легенда боюнча музыкалык интервалдарды математикалык жактан түшүндүрүү идеясы ойчулга темир устакананын жанын өтүп баратканда акылына кирип, балканын дөөшүгө урунушу ага кооз жана гармониялуу сезилген имиш. Философ усталык аспаптарды изилдеп, балканын өлчөмдөрү жөнөкөй катыштыкка ээ экенин белгилейт — бири экинчисинен бир жарым эсе чоң болгон, а бул квинта жана октава музыкалык интервалдарына туура келген. Биринчи ачылыштарына кубанып Пифагор бирдей узундуктагы кылдар менен эксперимент жасай баштайт, кылдарды горизонталдык анча чоң эмес устунга байлап, аларга үн бийиктигине таасир эткен ар кандай салмактагы жүктөрдү иле баштайт. Сыягы, Пифагор музыкалык интервалдардын табиятын монохорд (бир кылдуу аспап) менен иштөө аркылуу изилдеген өңдүү.

Пифагордун ою боюнча музыкалык гармония аалам гармониясын чагылдырат, ал эми музыкалык интервалдар Жер, планеталар жана «кыймылсыз» жылдыздуу асман ортосундагы интервалга туура келет. Бул философиялык концепция «сфералар гармониясы» (латынча Musica univarsalis) аталышында белгилүү болуп, немец астроному Иоганн Кеплердин эмгектеринде жаңы демге ээ болгон. Сфералар гармониясынын төрт стихиясы, ошондой эле негизги консонанстар — октава, квинта жана кварта менен байланышкан сфералар гармониясынын символу тетрада болуп калган.

Музыканын акустикалык жагына башка көз караш «Гармоника элементтери», «Ритмика элементтери» ошондой эле көптөгөн башка трактаттардын автору болгон Аристоксен тарабынан берилген. Аристоксен ырдоонун жана сүйлөөнүн (речтин) табиятын изилдеп жатып, алардын ортосундагы тон бийиктигинин типологиялык айырмачылыгын орнотуп, угуу менен айырмалана турган минималдуу интервалды аныктаган. Интервалдардын математикалык туюнтмасына карабастан Аристоксен кварта, квинта жана октава негизинин катыштыктарынан бардык музыкалык интервалдарды чыгарган.

Музыкалык эстетика маселелери

Музыкалык эстетика жана этика маселелери бир катар антикалык философтордун эмгектеринен иштелип чыккан, негизинен Платондун жана Аристотелдин.

Платондун мыйзамдарында жанрлар боюнча ыр ырдоо дифференциациялары жөнүндө ой-толгоолорду табууга болот:

«Ал кезде, бизде музалык искусство түрлөрү жана формасы боюнча айырмаланчу. Ыр ырдоонун бир түрү гимн аталып, ал кудайларга сыйынуу болгон; буга карама-каршы ыр ырдоонун башка түрүн түзгөн — көбүнчө аларды френалар деп аташат; андан кийин пэандар турат, жана акыркысы дифирамба, бул өзүнүн аталышы менен, менин оюмча Дионистин жаралуусуна кыйытма кылат. Ыр ырдоонун өзгөчө түрү катары дифирамбаларды нома деп аташкан, тагыраак айтканда — кифародиялык номалар. Ушул жана дагы бир нерсе аныкталгандан кийин, ырлардын бир түрүнүн айлануусуна кыянаттык кылууга мүмкүн эмес болуп калды» (эске салсак муну Платон айтып жатат).

Ошону менен катар ойчул, ага заманбап келген жанрлардын жылышуусуна жана кеңири элге жагуу умтулуусуна даттанып келген:

«Натыйжада, убакыттын өтүшү менен маданиятсыз мыйзамсыздыктын азгыруучулары акындар болду, табигый жактан талантту, бирок Музалар тармагында кайсы адилеттүү жана мыйзамдуу экенин билбегендер. Вакхалык туталанууда, тийиштүүдөн көбүрөөк кумарланууга азгырылып, френдерди гимндер менен, пэандарды дифирамбалар аралаштырып, кифарада флейтаны туурашкан, жана бардыгын өз ара аралаштырышкан; кокусунан, акылсыздык менен алар музалык искусствону бузушту, сыягы ал эч кандай тууралыкты камтыбагандай, жана андагы өлчөгүч кумар болгонсуп, жаман же жакшысына карабастан кумар алгандар тарабынан текшерилгендей. Мындай чыгармаларды жаратуу менен жана мындай окууларды баяндоо менен, алар көпчүлүккө, музалык искусствого мыйзамсыз мамилени жана өзүлөрүн татыктуу сот катары эсептөөгө мажбурлоочу орой күмөндүктү үйрөтүштү. Ошондуктан, мурда тынч болгон театрлар, уу-дуу менен жарыяланып, көрүүчүлөр музаларда эмнеси жакшы, эмнеси андай эместигин так түшүнгөндөй; жана театрлардагы мыктылардын үстөмдүк кылуусунун ордуна, көрүүчүлөрдүн кандайдыр бир адепсиз бийлиги өкүм сүрдү.»

Аристотель, катарсис жөнүндө окуусун, адамды искусствонун күчү менен тазалоочу жана тарбиялоочу катары өнүктүрүп, музыканын тазалоочу, тарбиялоочу маанисин белгилеп келген. Ал тарбиялоочу каражат катары төрт искусствону белгилеген: грамматика, сүрөт тартуу, гимнастика жана музыка. Музыканын ролун философ кийинкидей түшүндүргөн:

«Обондор, алардын өзүндө нравалык баштан өткөрүүлөрдү тууроо камтылган. Бул кийинкиден билинет: музыкалык ладдар бири биринен кыйла айырмаланып турат, ошондуктан аларды угууда бизде ар кандай маанай жаралат, жана биз алардын ар бирине бирдей мамиле кылбайбыз; бир ладды угууда, мисалы айтылуу миксолидиялык, биз кайгылуураак жана маанай пас сезимдерди сезебиз; башка азыраак кайгылуу ладдарды угуу менен биз жибийбиз; башка ладдар бизде көбүнчө орто, теңсалмактуу маанайды чакырат; акыркы касиетке сыягы ладдардын бири гана ээ, ал дориялык лад; фригиялык лад бизге жээликтирүү ыкмасында таасир этет. Ушул эле нерсе ритмдерге дагы тиркелме: кээ бирлери тынч мүнөзгө ээ, башкалары — кыймылдуу; бул акыркылардан бири орой кыймылдар менен айырмаланса, башкалары — асылыраак. Айтылгандан кийинкидей тыянак чыгарууга болот: музыка жан-дүйнөнүн нравалык жагына таасир эте алат; эгер музыка мындай касиетке ээ болсо, анда ал жаштарды тарбиялоо предметинин катарына кошулушу керек.»

Ошону менен бирге Аристотель угуучуларды экстатикалык, аябай кубантуучу ладдарга тууралоочу музыкалык ладдарды кыянат пайдалануудан сак болууну айтып, асыл жаштыкты музыкалык аспаптарда өтө эле чебер ээ болууга үйрөтпөөнү билдирген, антпесе жаштар профессионалдуу музыкант же башкача айтканда өнөрчүлөргө айланып кетет имиш.

Музыканын тарбиялык ролун түшүндүрүү Аристоксендин эмгектеринде дагы бар, мында ал нравалык идеалды адамдык коомдо космостук көркөмдүлүүктүн жана космотук тартиптин чагылдырышы катары карайт. Философтун ою боюнча музыка моралдык таасир эте алат, анткени ал өзү ошол көркөмдүккө жана тартипке кириптер. Эгер мас болуу дененин жана акылдын бузулушуна алып келсе, музыка өзүнө таандык тартиптин жана симметриянын аркасынан ичимдикке карама-каршы таасир этип, адамды тынчтандырат.

Музыкалык түзүм

Байыркы Греция музыкасы көбүнчө бир үндүү (монодиялуу) болгон, бирок кээ бир изилдөөчүлөрдүн оюнча музыкалык аспаптардын коштоосундагы ырдоолордо көп үндүү музыка калыптанышы мүмкүн болгон. Бул жоромолдор Платондун белгилүү айтуусунун негизинде дагы түзүшөт, мында ал балдарды музыкалык тарбиялоого зарыл болгон музыканын жөнөкөйлүгүнө жана тартибине чакырат:

«түрдүү үндүүлүк (ἑτεροφωνίαν) жана лиранын үнүнүн чыгышынын ар түрдүүлүгү, качан кылдар бир обонду чыгарганда, ал эми акын башка обонду түзгөндө, качан тыгыздык менен боштуктун, ылдамдануу менен жайлануунун, жогорулоо менен төмөндөөнүн айкалышында үндөштүккө жана каршы үндөштүккө жеткенде (σύμφωνον καὶ ἀντίφωνον), жана так ушундай лиранын үнүнүн чыгышына ритмдердин ар түрдүүлүгүн ыңгайлаштырганда — мунун баары балдарды окутууда пайдасын алып келет, эгер аларга үч жылдын ичинде музыкадагы пайдалуунун бардыгын үйрөнгүсү келсе.»

Ноталоо

Обондор грек жана финикиялык тамгалар менен жазылган, жана ар түрдүү графемалар (тамгалар жана алардын графикалык модификациялары) вокалдык жана аспаптык музыкада колдонулган.

Байыркы грециялык ноталоо
Байыркы грециялык ноталоо жана классикалык беш сызыктуу. Энгармоникалык жактан тендештей кабыл алынуучу транскрипция ноталары үн бийиктигин түшүндүрө: диези бар нотаны бемольдуу энгармоникалык нотадан бийигирээк ырдоо же ойноо керек.

Достор, бул макала Байыркы Греция музыкасы жөнүндө болду, бардык тиешелүү шилтемелерди макаланын арасынан таба аласыңар. Пикирлер болсо, бир жазуу формасына жазыңыз.

Жайгаштыруу: 2023-08-29, Көрүүлөр: 592, Өзгөртүлгөн: 2023-08-29, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо