Музыкалык түзүм — белгилүү бир бийиктиктеги үндөрдүн музыкалык үн катарынын баскычтарына ылайык келүүсүн берүүчү система. Музыкалык түзүм негизги тондордун, ага кирген үндөрдү же катыштыктарды эквиваленттик түрдө эсептеп чыгарууга мүмкүндүк берген жыштыктарынын сандык катыштыгынын жыйындысы катары элестетилет.
Тарыхый жактан маанилүү делген бир нече музыкалык түзүмдөр бар:
Заманбап музыкалык аспаптарда үндүн туруктуу бийиктиги менен негизинен бирдей темперацияланган түзүм колдонулат.
Музыкалык аспаптарды тууралоодо батыш европалык салтта негизги маани натыйжа берүүчү ар кандай бийиктиктеги үндөрдүн айкалышына ээ. Мисалы, таза түзүм ак клавишалуу квинталардын таза чыгуусу (башкача айтканда согуусуз чыгуусу) менен мүнөздөлөт; ошону менен бирге, башка квинталар (кара клавишалар ортосунда, же ак жана кара клавишанын айкалышында) анча таза болбой калат, ал эми кээ бирөөлөр — ачык эле жасалма угулуп, кыйла согулуу үндөрү байкалат (айтылуу карышкыр квинталар). Эгер аспапты тууралоодо тигил же бул үндүн бийиктигин кичине өзгөртсө, интервалдар жана аккорддордун «акустикалык» сапатынын жакшыруусуна жетүүгө болот, алар идеалдуу таза болбогондугуна карабастан, угуу үчүн аздыр-көптүр жакшы эле угулуп калат (мисалы, бирдей темперацияланган фортепианодо).
Музыкалык түзүмдөрдү изилдөөнү салттуу түрдө (грек антикасынан баштап) музыка теориясы, Жаңы замандан биздин күндөргө чейин — музыкалык акустика алып барган. Түзүмдөрдүн тарыхына арналган монографияларды, чоң макалаларды чыгарган ири батыш окумуштуулары Мюррей Барбур, Марк Линдли, Рудольф Раш болгон. Көптөгөн гармония китептери (ошондой эле, элементардык музыка теориясы боюнча окуу куралдары) өзүнө музыкалык түзүмдөргө арналган очерктерди камтыйт.
«Музыкалык түзүм» термини кийинкилерди дагы билдириши мүмкүн: