Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Музыка тарыхы

Баш барак | Музыка | Музыка тарыхы

Музыка тарыхы — биринчи кезекте европалык музыканы мезгилдери, өлкөлөрү жана мектептери боюнча изилдеген, музыка таануунун тармагы (илим жана окуу дисциплинасы).

Музыка, маданияттын бөлүгү катары бардык башка аспектилердин таасири алдында турат, анын ичинде социалдык-экономикалык уюм жана тажрыйба, климат жана технологияларга мүмкүндүк. Музыкадагы эмоциялар жана идеялар, музыка аткарылган жана кабылданган учурлар, ошондой эле аткаруучуларга жана композиторлорго болгон мамиле, аймакка жана мезгилге жараша өзгөрүп турат.

Советтик методологиялык салт (Ю. В. Келдыш) музыканын тарыхына музыкалык палеографияны, музыкалык формалардын тарыхый өнүгүсүн системалоону жана аспап таанууну дагы таандык кылган. Батыштын илиминде музыкалык палеография менен филологдор иш алып барышат, ал эми музыкалык аспаптарды (алардын түзүлүшүн, тарыйхый баяндалышын, акустикалык түзүмүн) бардык музыка таануучулар изилдешет (тарыхчылар, теориячылар, музыка таануучу-фольклорчулар ж. б.).

Мезгилдештирүү

Тарыхка чейинки музыка

Заманбап адамдын пайда болушу болжолдуу 160 миң жыл мурун Африкада болгон жоромолдонот. Болжолдуу 50 миң жыл мурун адам баласы жашоого жарактуу бардык континенттерге отурукташкан делет. Бардык адамдар, анын ичинде обочолонгон уруулук топтор, кээ бир музыкалык формаларга ээ болгондуктан, окумуштуулар Африкадагы биринчи адамдарда, алардын планетага жайылганга чейин эле музыкасы болгон деген тыянакка келишкен. Музыканын Африкада жаралганынан кийин ал жок дегенде 50 миң жыл адам менен бирге жашап келип, бүткүл планетадагы адам жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланган деп жоромолдонот.

Тарыхка чейинки же примитивдүү деп оозеки музыкалык салтты белгилешет. Заманбап америкалык жана австралиялык аборигендердин музыкасын дагы кээде тарыхка чейинки музыка деп аташат, бирок бул термин көбүн эсе Европа музыкасына таандык. Ал эми европалык эмес тарыхка чейинки музыкага фолк-, элдик же салттуу музыка терминдерин пайдаланат (музыка жанрлары, багыттары, стилдери макаласын караңыз).

Флейта — окумуштуулар тарабынан эң байыркы деп белигенген музыкалык аспап. Мунун бир экземпляры биздин заманга чейинки 35—40 миң жыл деп саналган скульптуралардын жанынан табылган.

Байыркы дүйнө музыкасы

Тарыхка чейинки мезгил жазма музыкалык салтка өтүү менен аяктайт. Кийинки мезгил «байыркы дүйнөнүн музыкасы» аталышына ээ болгон. Клиндик жазуу тактасында белгиленген эң эски ыр, биздин заманга чейин 2000-жыл деп даталанган Ниппур казууларында табылган. Бул такта Беркли университетинин профессору А. Д. Килмер тарабынан чечмеленип, анын терцияларды (терция — жазылыгы үч баскыч болгон музыкалык интервал) колдонуу менен жазылып, пифагор түзүмү колдонулганы көрсөтүлгөн.

Байыркы гректер колдонгон кош түтүктүү сыбызгы сыяктуу жана байыркы волындар, ошондой эле байыркы вазалардагы жана дубалдардагы сүрөттөр, ошол кездеги музыка техникасы баяндалган байыркы жазуулар (мисалы, Аристотелдин «Көйгөйлөрү», китеп XIX.12) полифониянын болгонуна белги берет. Авлос аспабында биринчи түтүгүндө мелодиялык пассаждар ойнолуп, экинчи түтүгү балким фон түзүп тургандыр. Жети көзөнөктүү флейта, ар кандай кылдуу музыкалык аспаптардын түрлөрү Инд өрөөнүнүн цивилизациясында табылган.

Индия классикалык музыкасы жөнүндө эскерүүлөр, Веда аталган ыйык жазууларда кездешет. Самаведа (англисче Sama Veda) музыканы кеңири баяндаган төрт ведалардын бири. Ирандагы (Персиядагы) музыка тарыхы, тарыхка чейинки доордон башат алат. Легендарлуу улуу падыша, Джамшидке ирандыктар музыканы ойлоп табууну таандык кылышат. Иран музыкасын элам империясынын күндөрүндө чейин (б. з. ч. 2500-644) байкоого болот. Өлкө тарыхынын ар кайсы мезгилдериндеги үзүндү документтери байыркы перстердин кеңири музыкалык тарыхы бар экенин көрсөтөт. Сасанид мезгили (бизидин замандын 226-651-жылдары) негизинен Персияда жандуу музыкалык жашоонун болгондугун көрсөткөн көптөгөн тастыктамаларды калтырган. Барбад Мервези, Нагиса жана Рамтин сыяктуу маанилүү музыканттардын ысымдары, ошондой эле алардын кээ бир эмгектеринин аталыштары жакшы сакталып калган.

Пирамида дубалдарында, байыркы папирустарда, «Пирамида тексттери» жана «Өлгөндөр китеби» жыйнактарында диний гимндердин саптары бар. «Ашыктыктар» жана «мистериялар» дагы кездешет. Осирис «ашыктыктары» популярдуу сюжет болгон, мында ал жыл сайын өлүп, кайра жаралган, ошондой эле өлгөн Осириске арналган аялдардын ыр-кошоктору дагы. Ырларды аткаруу драмалык көрүнүштөр менен коштулушу ыктымал.

Байыркы египеттиктердин жашоосунда музыка маанилүү ролду ойногон (Байыркы Египет музыкасы макаласын караңыз). Байыркы Египеттеги музыканын маанилүүлүгүнө байыркы египеттик храмдардын дубал рельефтери, музыканттардын сүрөттөлүшү түшүрүлгөн күмбөздөр жакшы мисал боло алат. Египеттиктердин эң байыркы музыкалык аспаптары катары арфа жана флейта саналат. Жаңы падышалык мезгилинде египеттиктер Азиядан импорттолуучу коңгуроолордо, даптарда, добулдарда жана лирада ойношкон. Бай адамдар профессионалдуу музыкачыларды жалдоо менен конокторду тозушкан.

Ал эми Байыркы дүйнө маданиятындагы музыканын эң жогорку өнүгүүсү Байыркы Грецияда туу чокусуна жеткен деп саналат (караныз: Байыркы Греция музыкасы). «Музыка» деген сөздүн өзү Байыркы Грециядан чыккан. Байыркы Грецияда үн бийиктиги менен сандын мыйзамченемдүү байланышы биринчилерден болуп белгиленген, мунун ачылышын Пифагорго таандык кылып келишет. Музыка агартуу, табия берүү предмети катары жана коомдук жашоонун түзүүчү бөлүгү катары гректер жана жалпысынан европалык цивилизация үчүн зор мааниге ээ болгон.

Эзелки музыка

Эзелки музыка — биздин замандын 476-жылдагы Рим империясынын кулашынан тартып XVII кылымдын ортосунун Барокко мезгилине чейинки, европалык классикалык салттагы музыканы баяндоо үчүн колдонулуучу жалпы термин. Бул ири убакыт ортосундагы музыка, кеңири географиялык чектеги көптөгөн маданий салттарды камтып, өтө ар түрдүү болгон. Орто кылымдык Европа өнүккөн көптөгөн маданий топтордо, анча белгилүү болбогон музыкалык салттар болгон. Орто кылымдарда бул маданияттарды бириктирген башат катары Рим-католикалык чиркөөсү болгон, анын музыкасы музыкалык өнүгүү фокус катары бул мезгилдин биринчи миң жылдыгында кызмат кылган. Светтик эзелки музыка дагы көп сандагы булактарда сакталып калган.

Орто кылымдар музыкасы

Көп сандаган эски документтердин жана көркөм сүрөттөрдүн күбөлөрүнө ылайык эрте Орто кылым мезгилинин (биздин замандын 800-жылдарына чейин) музыкалык жашоосу жетишээрлик түрдө бай жана мазмундуу болгон. Бирок биздин күнгө чейин негизинен рим-католикалык чиркөөнүн литургиялык музыкасы сакталып калган, мунун кыйла бөлүгүн Григорий I папанын ысымынан аталган айтылуу Григориан хоралы ээлейт. Заманбап окумуштуулар Григорий Улуунун музыкалык салымдары жөнүндөгү күбөлөрдү легенда деп санашат. Григорий I жана Улуу Карл учурларынын ортосундагы ишмердүүлүктөгү Григориандык хоралдардын көпчүлүк жазуулары белгисиз авторлорго таандык имиш.

IX кылымдын өтүшүндө Орто кылымдык музыканын өнүгүүсү бир нече маанилүү окуяларга туш болгон. Биринчиси, католикалык чиркөө григориандык хоралдын түрдүү багыттарын унификациялоого жана алардын бардыгын григориан литургиясынын чегине келтирүүгө кыйла аракеттерди жасай баштаган. Экинчи маанилүү окуя — бул эрте полифониялык музыканын пайда болуусу болгон: байыркы кылымдарда колдонулуп жүргөн октавалык эки эселенүүнүн (көп үндүүлүктүн) ордуна, башкы үн менен унисондон квартага чейин интервалдарды калыптандырган (эки үндүү органум, же «диафония») чиркөөлүк обонду экинчи үн менен коштоо келет. Үчүнчү жана музыка тарыхына эң маанилүү болгон окуя — бул тармактагы композиторлордун дээрдик беш жүз жылдык изденүүлөрүнөн кийин келген музыкалык нотацияларды кайра жаратуу аракеттери болгон. Музыкалык ноталарды жазуу үчүн биринчилерден болуп сызыктар жана латын алфавитинин биринчи 7 же 15 тамгасы колдонула баштайт. Заманбап музыкалык ноталоонун негиздөөчүсү Гвидо Аретинский саналат (1037-жылы каза болгон), ал тамгалык жана невмалык нота жазууну татынакай системага келтирет.

1100-жылдан кийинки мезгилде музыкада бир нече, көп үндүү музыка мектептери белгиленет:

Айтылган чиркөөлүк музыка мектептери менен бирге, Орто кылымдардын музыкасынын светтик өнүгүү багыттары дагы болгон, булар трубадурлардын, труверлердин жана миннезингерлердин көптөгөн композицияларында чагылдырылган. Ошол кездеги светтик музыкачылардын музыкалык формалары жана эстетикалык идеялары эрте Кайра жаралуу музыкасынын өнүгүүсүнө башат берген, бирок менестрелдер маданияты көбүн эсе XIII кылымдын башындагы Альбигой кресттик жүрүшүндө жок кылынган.

Жайгаштыруу: 2023-08-10, Көрүүлөр: 1597, Өзгөртүлгөн: 2023-08-29, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Кызматташуу/жарнама жайгаштыруу