Жинденүү, жаалдануу — инсандын жининин келиши же аны кемсинтүүчү мүнөздөмө чакыруучу өтө күчтүү эмоция, импульсивдүү жана агрессивдүү реакция (аффект). Жинденүү (кутуруу) кыжырдануудан күчтүү саналып, четтен чыккан кыжырдануунун формасы болуп, башкарылгыс келет. Жинденүү көбүнчө өзүн-өзү башкара албай калуу менен коштолот.
Психологдор жинденүүнү «толкундоонун көбүрөөк деңгээлин» жана эмоциянын көбүрөөк интенсивдүүлүгүнө көрсөтүп, кыжыр кайноо (орусча — злость) жана кыжырдануудан (орусча — гнев) чектеп келишет.
Жинденүүнүн көрүнүштөрү психологиялык жактан агрессия көрүнүштөрүнө аналогиялуулугу менен түшүндүрүлөт. Түшүндүрүү үчүн үч негизги теория колдонулат:
Көп учурда жинденүү чабуулун (приступ) кыжырдануу сезимине болгон көзөмөлдү кыска мөөнөттүү же толук жоготууну түшүндүрөт, юридикалык тажрыйбадагы аталышы — аффект. Жинденүү көбүнчө адамдарга, жаныбарларга, мекемелерге ал гана эмес буюмдарга каршы багытталып, конкреттүү триггерге (триггер психологияда — кайсы бир окуяны бошотуучу [иштетүүчү] учур) ээ болуп, сөзсүз түрдө эле ошол триггерге зыян келтирүүгө багытталбайт. Жинденүү, мүнөздүн алсыздыгы катары эсептелинет, көпчүлүк маданияттарда муздак кандуулукка каршы абал менен бааланат.
Өзгөчө учурларда жана катуу стресс алдында жинденүү чабуулу ар бир адамда болушу мүмкүн, бирок холериктерде тобокел жогорураак. Жаш балдарда жинденүү психикалык өнүгүүнүн белгилүү бир баскычтарына мүнөздүү.
Жинденүү чабуулдары кээ бир психикалык бузулууларга мүнөздүү, мисалы госпитализм (стационарда узак убакытта болуу), аутизм (эрте балалык аутизм синдрому же Аспергер синдрому). Жинденүү бир гана мындай учурларда көп пайда болуп, узакка созулат, жана шартка ылайык абдан интенсивдүү. Акыл-эси артта калган адамдар үчүн да жинденүү мүнөздүү, анткени, алардын мындай күчтүү эмоцияларды башкаруу жана иштетүү жөндөмдүүлүгү өтө чектелген.
Бир жаштан төрт жашка чейинки балдар арасында жинденүү кадыресе көрүнүш болуп саналат. Көпчүлүк бул курактагы балдар арасында көңүл калуулар дене жана сүйлөө реакцияларынын эскалациясына алып келет. Чарчоо жана кардынын ачышы жинденүүнү көкүтөт. Жинденүүнү басаңдатуу үчүн ата-энелерге баланын кылыктарына акцент жасап, көңүл бурбай, туура эмес иш жасап жатканын жакшы (оң таасирдүү) мисал менен түшүндүрүү сунушталат.
Жинденүү көпчүлүк маданияттарда айыптуу деп эсептелет жана коом аны кабыл албайт, анткени, ал күтүлгөн социалдык жүрүм-турумга туура келбейт.
Бирок, илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, жинденүүнү басуу, стресс сыяктуу, ооруларга алып келиши мүмкүн. Алардын ичинде, холестериндин жогорулашы, гипертония, инфаркт жана жүрөк-кан-тамыр ооруларынын жогорку тобокелдүүлүгү. Өз кезегинде, жинденүү чабуулу кандын уюшуна таасир эткен адреналин жана норадреналиндин иштелип чыгуусуна өбөлгө түзөт.
Психологиялык адабияттарда жинденүүнү адекваттуу түрдө көрсөтүү же спортко, активдүү элестетүүгө, чыгармачылыкка багыттоо же релаксация ыкмалары менен жок кылуу сунушталат.
Ошондой эле, «муздак» жинденүү абалы дагы бар, анын таасири астында адам өзүнүн бардык жасаганын айкын сезип, ошол учурда муздак кандуу, тынч абалын сактап, үндүн бир калыптагы интонациясы жана тышкы токтоолугу айырмаланат.