Музыкалык форма (латынча forma — көрүнүш, образ, сулуулук, байыркы гректердин μορφή сөзүнөн келип, көрүнүш, караан, тышкы сулуулук деген билдирет) — музыкалык чыгарманын түзүмүн баяндаган, көп маанилүү музыкалык термин.
Музыкалык сөздүккө ылайык үч мааниге ээ:
Форманы анын жалпылаштырылган түшүнүгүндө (музыкалык сөздүктөр боюнча терминдин экинчи мааниси) кароодо, музыкалык форманы спецификалык музыкалык мазмундан айырмалоо мүмкүн эмес. Кароо объектиси мындай түрдө жайылганда же чачылганда (формалдык конструкция), форманы анализдөө тегинен бардык нерсени «бүтүндүк анализдөөгө» айланат. Бул жөнүндө Германиядагы белгилүү форма боюнча китептин автору Клеменс Кюн бир нече жолу жазган.
Өзүнүн чыгармаларында формага өтө көп көңүл бурган музыкалык композиторлор жана теоретиктер, качып кутулгус социалдык-саясый кесепеттерге ээ болгон «формалисттер» аталган.
Музыкалык форма — өзүнүн чөйрөсүндөгү илимий изилдөөнүн көп талкулануучу темасы. Музыкалык форма жөнүндөгү окуу АКШ, Германия, Россия, Франция жана башка дүйнө өлкөлөрүндө бири биринен методологиясы жана спецификалуу терминологиясы менен абдан айырмаланып турат. Европалык салтка таандык болгон ар кайсы мектептердин окумуштууларынын салыштырмалуу макулдуулугу классика-романтикалык доордун (XVIII — XIX кылымдар) музыкасынын анализинде гана белниленет, жарым-жартылай барокко музыкасында дагы. Татаалыраак абал эски жана салттуу (культтук жана светтик, батыштык жана чыгыштык салттарда) музыканын формаларында байкалат, мында музыкалык форма жанрдан (антифон, респонсорий, секвенция, мадригал, мотет, стихира, мугам ж. б.) дээрлик ажырабайт.
Музыкалык форма, «билбегендер үчүн музыка» сыяктуу популярдуу китептердеги «Хип-хоп, госпел, хэви-метал, кантри жана реггей сыяктуулар менуэттер, фугалар, сонаталар жана рондолор сыяктуу эле формалар» деген айтууларга чейин, илимий изилдөө диапазонунда Л. Стайндын «Түзүм жана стиль. Музыкалык формаларды изилдөө жана анализ» китебиндегидей музыкалык стиль байланышында дагы каралат.
Чыгарма өзүнчө музыкалык фразалардан турат — кичинекей бирдиктүү музыкалык фрагменттерден. Музыкалык фразалар мезгилдерге биригет. Окшош түрдө обон салган мезгилдер бөлүктөргө биригет. Бенвард жана Сакер сыяктуу музыка таануучулардын аныктамасы боюнча, «бөлүк — бул ири чыгарманын бүткөн композициясы саналган кесиндиси; көбүнчө бөлүктөрдүн ырааты музыкалык форманын контрасттуулугун камсыз кылуучусу болуп тизилет». Музыкалык чыгарманын фрагменттери (фразалар, мезгилдер, бөлүктөр) латын тамгалары менен белгиленет: A, B, C ж.б. Фрагменттердин ар кандай айкалыштары түрдүү музыкалык формаларды калыптандырат. Мисалы, классикалык музыкада жайылган форма — ABA (ыр формасы), алгачкы A бөлүгү, B бөлүгү аны алмаштырганда жоголуп, чыгарманын аягында кайра кайталанат дегенди түшүндүрөт.
Татаалыраак түзүмдөштүрүү дагы бар: мотив (музыкалык форманын эң кичине фрагменти; 1 акцент; 1—2 такт), фраза (негизинен 2 акцентке ээ; 2—4 такт), сүйлөм (кандайдыр бир каданс менен аяктаган обондун эң кичине бөлүгү; 4—8 такт), мезгил (аягына чыккан музыкалык ой; 8—16 такт; 2 сүйлөм).
Обон элементтеринин ар кандай өнүктүрүү жана салыштыруу ыкмалары музыкалык формалардын ар кандай түрлөрүнүн калыптануусуна алып келген:
Эң жөнөкөй форма. Обон анча-мынча өзгөрүүлөр менен кайталанышы мүмкүн (форма AA1A2…). Мисалы: акыйнектер.
Эки контрасттык фрагментерден турат — аргумент жана контраргумент. Бирок, фрагменттер контрасттуу болбосо, башкача айтканда экинчи фрагмент биринчисинин материалынан куралган болсо, анда эки бөлүктүү форма бир бөлүктүүнүн вариациясына айланат. Ошого карабастан, мындай чыгармаларды кээде эки бөлүктүүгө таандык кылышат.
Муну ырдык же тернардык форма деп дагы аташат. Үч бөлүктүү форманын 2 түрү бар — жөнөкөй жана татаал; жөнөкөйүндө ар бир бөлүм мезгил болуп саналат, ортончусу кыска өтмөк дагы боло алат; татаалында — ар бир бөлүм эреже катары эки бөлүктүү же жөнөкөй үч бөлүктүү форманы билдирет.
Топтолгон форма борбордугусунан (ортосундагысынан) кийин тескери иретте кайталануучу үч же андан ашык бөлүктөн турат мисалы: A B C B A.
Мындай аталып калышынын себеби, классикалык сонатада биринчи бөлүк, салттуу түрдө дал ошол формада жазылгандыгында. Ошону менен бирге соната эреже катары үч бөлүктөн туруп, сонаталык форма биринчисинде гана болот. 3-4 бөлүмдөн турат: экспозиция, иштеп чыгуу, реприза жана көп учурда коддон. Экспозицияда эки контрасттык тема ар кайсы тоналдуулукта өткөрүлөт (негизги жана туунду партия), алар репризада башка тоналдык катыштыкта, тоналдык жактан жакындашып (көбүнчө экөө тең негизги тоналдуулукта) кайталанат. Иштеп чыгуу — эң туруксуз жана эркин бөлүм, мында мурда кетүүчү интонациялардын өнүгүүсү ишке ашат. Сонаталык форма башка формалардан өзгөчөлөнүп турат: бий жана вокалдык жанрларда өнүкпөй калган жалгыз форма.
Сонаталык формага тийиштүү эркиндик, рондодо кеңейет. Мунун формасы кийикидей конструкцияны элестетет: ABACADAEAF. Башкача айтканда, бири-бирине окшошбогон ар кандай фрагменттер, тоналдуулуктар жана өлчөмдөр A баштапкы тема менен байланышат.
Рондо жана сонаталык формалардын мүнөздөрүнө ээ болгон аралаш форма. Форма үч негизги бөлүмдөрдөн турат, мында рондо негизинде четки бөлүмдөр куралат (экөө тең же бирөөсү), ал эми ортоңкусу сонаталык формадан алынган иштеп чыгууну элестетет.
XIII кылымдан бери белгилүү болгон музыкалык форманын эң байыркысы. Темадан жана жок дегенде эки өзгөртүлгөн ойнотуудан (кайра чыгаруудан) турат. Теманын бир жолку вариациясы, мисалы, сонаталык формадагы вариацияланган реприза, муну (теманын бир жолку вариациясын) вариациялык формага таандык кылууга мүмкүндүк бербейт.
XVII—XVIII кылымдардагы полифониялык музыканын формасы. Классикалык бир темалуу фугада бир нече добуштар (үндөр) берилген теманы кайталайт. Үч бөлүктөн турат: экспозиция, өнүгүү жана корутундудан.
Симфония — негизинен оркестр аткаруусундагы, бир нече музыкалык формаларды бириктирген чыгарма. Эреже катары төрт бөлүктөн турат (бирок сөзсүз түрдө эмес, симфониянын негизги идеясы — ар кандай музыкалык формалардын айкалышы):
Өзүнчө бөлүктөрдөн турган, жана ал бөлүктөр жалпы бир ой-максат менен бириккен ири чыгармалар циклдик формаларга таандык. Циклдик чыгармалардын бөлүктөрү төмөнкү формалардын биринде куралат:
XX — XXI кылымдардагы музыкадагы формалар — композиторлордун чыгармачылык эксперименттеринин объектиси (гармония, ритм, фактура, тембр ж. б. менен катар). Бул эксперименттерге карата формалардын типологиясы калыптанган эмес.
Жаңы формаларды белгилөө үчүн (мисалы, Фред Лердальдын «музыкалык грамматика» концепциясы, «ачык форма» ж. б.) илимдеги абалы эксперименталдык болгон көптөгөн башка илимий терминдер бар.
Британиялык «Oxford Companion to Music» (2002) музыкалык форманы «музыкалык чыгарманын тышкы бети же түзүмү» деп аныктайт. Гарварддык музыкалык сөздүк «form in music» менен «forms of music» айырмалайт. «Form» макаласындагы Гроувдун музыкалык сөздүгү (2001) музыкалык форманы «музыкадагы конструктивдүү же башын уюштуруучу» (англисче constructive or organizing element in music) деп аныктап, кеңири баяндаган, ошону менен бирге музыкалык форманын композициялык-техникалык трактовкасы каралган эмес.
Шёнбергдин окуучусу австриялык Эрвин Рац (1951) жана америкалык Уильям Каплин (1998) «формалдык функция» (англисче formal function) жөнүндө окууну түзүшкөн, башкача айтканда, бүтүн формалдуу түзүмдүн тигил же бул элементинин функциясын.