Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Музыканын таасири, организге жана нервге

Баш барак | Медицина | Музыканын таасири, организге жана нервге

Музыка жана нерв системасы, музыка адамга оң таасирин тийгизип, чарчоодон, алсыздануудан, капалыктан арылтып, ички сезимге кубаныч алып келет. Өтө жагымдуу обон артериялык кан басымын калыбына келтирип, дем алуунун жыштыгы менен пульсун оңдоп, эмгекке жөндөмдүүлүктү күчөтөт.

Музыканын таасири, организге жана нервге

Бирок өтө узакка же катуу чыккан музыка адамга терс таасирин тийгизиши да мүмкүн. Өгө катуу коюлган ачуу музыканын чуру-чуудан эмне айырмасы бар. Катуу чуу адамдын нерв системасына, кулак кабыл алуусу аркылуу эрте жетет. Чуу болсо адамга чарчоонун белгилерин алып келип, тынчсыздандырып, көңүлүн чөгөрүп, көңүл бөлүүсүн төмөндөтүп, эске тутуу сезимин начарлатат. Катуу чууга айрыкча нерви начар жана жүрөк оорулуулар чыдай алышпайт. Оңой менен уктай албай, уктап кеткенде дагы, улам ойгонуп, жаман түш көрүп, кыйналуу менен тан атырат.

Адам көпчүлүк убагын үйдө өткөргөндуктөн, ошол жерде эс алып, уктап, эртеңки ишке даярданып, демөөр алат. Ошондуктан көпчүлүк жашаган жерлерде бири-бирине сый болуп, артыкча чуу жасабай, айрыкча эл уктаар мезгилден баштап, таң аткыча ыр, бийди токтотуп, радио менен телевизорду акырын коюп угуу керек.

Эртең менен сергек жана ритмдүү музыканы угуу жакшы, ал организмди ойготуп, күн аягына чейин энергия менен кубатташы мүмкүн. Ошондой эле шайыр, энергиялуу музыка адамдын психикасына таасирин тийгизип, кайгыны кубанычка, капаны оптимизмге алмаштырат. Достор, кыргыз эл музыкасы кандай организмге кандай таасир этээрин билгендер болсо пикир калтырып жазып койгула.

Тынч жана жайлуу музыка адамды тынчтандып, тиричиликт убайымдарынан алаксытып, мээдеги ойлорду ирээтке келтирүүгө жардам берет. Ошондой эле мындай музыка уйку качканда абдан сонун дартка даба.

Ар түрдүү таасирге көбүнчө классикалык музыкалар себепчи болоорун көптөгөн окумуштуулар айтып жүрүшөт. Алардын ичинен эң көп талкуулангандары Вивальди, Моцарт, Бетховен, Чайковский, Шуберт, Григ, Шуман аталган музыка генийлерине таандык.

Ал эми саламаттыкты сактоо кызматкерлери рэп, хард-рок жана хеви-метал стилдериндеги музыкаларды угуудан алыс болууну сунуштайт. Хард-рок музыкасын уккандарда агрессия күчөшү мүмкүн. Рэп дагы терс эмоцияларды чакырат экен. Хеви-метал болсо психикалык оорулардын себепчиси болушу толук ыктымал.

Музыканын адамга пайдасы бар аспаптар

Адам организмине оң таасирин тийгизген дагы бир музыкалык жанрга Джаз кирет. Бул стилдин мажордук мотивдери депрессиядан арылууга көмөкчү. Кантри жана регги жанрлары жалпысынан организмди бошотуп, маанайды көтөрөт.

Булактар: Миң түркүн кеңештер, 1993-жыл. ISBN 5-665-00719-3

Жайгаштыруу: 2020-03-02, Көрүүлөр: 6262, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу