Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Музыка теориясы

Баш барак | Музыка | Музыка теориясы

Музыка теориясымузыканын теориялык аспектилери менен алектенген, музыка таануунун дисциплиналар (окуу жана илимий) комлексинин жалпы белгилениши.

Мазмуну

Кыскача мүнөздөмө

Эң маанилүү илимий жана окуу дисциплиналар: гармония, полифония, музыкалык форма, сольфеджио, аспап таануу. Музыка теориясына ритмиканы (метр жана ритмди изилдеген илимий дисциплина) дагы таандык кылышат, ошондой эле жалпы (жалпы кабыл алынган) мүнөзү жок түрдүү окуу курстар дагы таандык мисалы, «Музыка-теориялык системалар». Жөнөкөйлөтүлгөн формада баяндалган музыка жөнүндөгү теориялык абалдар элементардык музыка теориясы аталышын алып жүрөт (ЭМТ).

Тарыхый очерк

Антикалуулук

Сакталып калган бир нече шумердик жана аккаддык чопо такталарында музыкалык теория камтылган, негизинен интервалдар жана обондор тизмеси. Окумуштуу Сэм Мирелмандын ою боюнча бул тексттердин эң алгачкылары биздин заманга чейин 1500-жыл менен даталанган, а бул кайсы бир башка маданияттардын музыкалык ишмердүүлүгү жөнүндө сакталып калган күбөлөрдөн миң жылдыкка эрте болгон. Музыка жөнүндөгү бардык табылган месопотамиялык тексттер, музыка терминологиясын колдонуу менен бириктирилген, мында ал тексттердин болжолдуу даталоосуна ылайык 1000 жылдан ашык убакыт бою колдонулган.

Орто кылымдар

Орто кылымдарда «теориялык музыка» (латынча musica theorica, башкача айтканда «байкоо музыкасын») жана «тажрыйбалык музыканы» (латынча musica practica) айырмалашкан. Теориялык деп (же байкоочу) каалаган музыканын «акыл-эстүү негиздерин» (rationes) түшүнүүгө багытталган пифагордук окууну түшүнүшкөн, тагыраак айтканда, «музыкалык» сандык катыштыктарды. Орто кылымдык жана рененэссанстык окумуштуулардын эмгектеринде «музыкант-теоретиктин» (musicus theoricus) идеалдуу варианты катары Боэций болгон. «Тажрыйбалык музыка» деп болжолдуу XX кылымдагы (ошодой эле XIV кылымдан тарта) элементардык музыка теориясы маанисиндеги музыка теориясы түшүндүрүлөт. Биринчи «музыкант-тажрыйбачы» (musicus practicus) катары негизинен Гвидо Аретинский болгон. Тажрыйбалык музыкадагы таануу ыкмасын эмпирикалык деп айтууга мүмкүн. Анын негизине ойнолуп жаткан музыканын «акыл-эстүү үн чыгаруусуна» маани бербестен, музыкалоо тажрыйбасына (ырдоолор, кийинчерээк аспаптарда ойноо) байкоолору киргизилген:

«Багыты тышкы көрүнүш болгон музыка тажрыйбалык болот, башкача айтканда консонанстарды жана диссонанстарды, ошондой эле бардык григориан ырдоолорунда жана контрапунктуларда музыкалык үндөштүктөрдү маани берүүсүз аткаруу жана таануу, дагы башкача айтканда, учурдагы мензуралык музыканы тажрыйбалык таануу жана кемтиксиз аткаруу.» — Уголино Орвиетский. Declaratio musicae disciplinae (1440).

«Musica theorica» жана «musica practica» сөз айкашын өтмө мааниде дагы колдонушкан — мындай аталышта спекулятивдик теориясына арналган же теория тажрыйбасына багытталган эмгектерди аташкан, мисалы, Иоанн де Муристин «Тажрыйбалык музыканын компендийи» (1322), Рамос де Пареханын «Тажрыйбалык музыкасы» (1482) ж. б.

XVI — XVII кылымдагы немис музыкалык илимине musica theorica/musica practica үстүнө (панданына) musica poetica (сөзмө-сөз «жаратылган музыка», термин Листенияда биринчилерден болгон, 1533) кошулган. Musica poetica деп «жартылган жана толук бүткөн» чыгармачылык артефактысы (латынча opus perfectum et absolutum) катары түшүндүрүлгөн (музыка тарыхында биринчилерден болуп) композицияны түшүнүшкөн, ошондой эле өтмө мааниде — музыка жаратуунун эрежелери жөнүндөгү автордук эмгек деп.

Теориялык жана тажрыйбалык музыка деп бөлүштүрүү Кайра жаралуу доорунда дагы сакталган, ошондой эле жарым-жартылай барокко мезгилинде. Ал (musica poetica), музыка теориясы боюнча окуу куралдарына, ошондой эле XVI жана XVII кылымдын башындагы трактаттарга кирген, өзгөчө немистерде — Листения, Лампадия, Кальвизия, Липпия, Барифона ж. б.

Заманбап заман

1800-жылдары батыш музыкалык таасиринин дүйнөгө жайылышы менен, музыканттар батыш теориясын эл аралык стандарт катары кабыл алышкан, бирок музыка теориясынын ар башка элдердин тексттик жана оозеки болгон түрдүү салттары бүгүнкү күнгө чейин колдонулуп келет. Мисалы, Африканын байыркы жана заманбап маданиятына уникалдуу делген музыкалык чыгармалар, негизинен оозеки, булар конкреттүү формада жашап, маданиятта жеке жанрлар, аткаруучулук тажрыйбалар, обондор жана башка музыка теориясынын аспектилери бар.

Кытай

Кытай музыкасы жөнүндөгү теория текстинин эң алгачкылары 1978-жылы казылып алынган таш жана коло коңгуроолордо жазылган. Текстте 2800 ашык сөз камтылып, ошол коңгуроолорго таандык мезгилдеги үн жазуунун теориясы жана тажрыйбасы баяндалган. Коңгуроолор хроматикалык шкаланы аяктатуучу кошумча кадамдар менен бири биринен үч тон аралыгындагы эки бири-бирине чырмалышкан пентатондук шкалаларды чыгарат.

Кытайлык хроматикалык шкала он эки нотадан турган. Алар он эки айдын энергиясын, он эки сааттык суткалык ритмди, он эки негизги акупунктуралык меридиандарды ж. б. билдирген.

Кээ бир импорттолгон эрте кытайлык аспаптар көңүл ачуучу эшик алдындагы музыканын маанилүү компоненти болгон. Алар (эшик алдындагы музыкалар) жаңы репертуардык жана аткаруучулук тажрыйбаларды жаратып, музыкалык теорияларды толуктаган.

Музыка теориясынын негиздери

Тон (үн сапатынын) бийиктиги

Тон бийиктиги деп анын төмөнкү же жогорку абалын айтабыз. Тон бийиктигин чыгарган үн толкундарынын жыштыгын так өлчөөгө мүмкүн, бирок түшүнүү үчүн тонду кабыл алуу татаалыраак, анткени табигый булактардан чыккан үндөргө негизделген өзүнчө ноталар шартка ылайык бир нече жыштыктардын татаал айкалышуусун билдирет. Буга ылайык теоретиктер үн бийиктигин үндү объективдүү өлчөө катары эмес, көбүнчө субъективдүү сезүү катары баяндашат.

Эки нота арасындагы тоналдуулук бийиктигиндеги айырма интервал аталат. Эң негизги интервал — прима, башкача айтканда бир эле тон бийиктигиндеги эки нота. Октавалык интервал — бул бири биринен эки эсе кичине же чоң жыштык болгон эки баскыч (кадам).

Гаммалар жана тоналдуулуктар

Батыштык музыка теориясы октаваны хроматикалык шкала аталган, он эки тондон турган катарга бөлөт, мунун чегиндеги чектеш тондор менен турган интервал, жарым кадам же жарым тон аталат. Жети нота — гамманы түзгөн диатондук үн катар, калган бешөө — алардын ортосун толтургандар (ошентип 12 болот).

Көп кездешкен гаммалар — табигый мажордук, табигый минордук, гармоникалык минордук. Каалаган минор же мажор табигый, гармоникалык жана обондуу боло алат. Музыкалык чыгарма улам өнүккөн сайын колдонулуучу тоналдуулук өзгөрүп, башка гамманы киргизиши мүмкүн. Ар кандай максаттарда музыка бир тоналдуулуктан экинчисине өткөрүлүшү мүмкүн, көбүнчө вокалчынын же аспапчынын ыңгайлуулугу үчүн.

Октаваны түзгөн ар бир 12 үндөн мажордук же минордук үн катар (тоналдуулук) жасоого болот. Башкача айтканда, 12 мажор жана 12 минор.

Консонанс жана диссонанс

Консонанс жана диссонанс — интервалдардын (2 нотанын айкалышы) жана аккорддордун (3 же андан ашык ноталардын айкалышы) субъективдүү сапаттары, булар ар кандай маданияттарда кеңири вариацияланат. Консонанс — интервал же аккорддун сапаты, жана ал өзү (сапат) туруктуу жана толук сезилип, жакшы угулат. Диссонанс консонанстын карама-каршысы болуп, толук эмес сезилип, консонанстык интервалга өтүүгө каалоо жаралат, кулакка онтойсуз угулат.

Жайгаштыруу: 2023-09-03, Көрүүлөр: 491, Өзгөртүлгөн: 2023-09-03, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу