Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Музыкалык үн

Баш барак | Музыка | Музыкалык үн

Музыкалык үн (байыркы грекче φθόγγος, латынча vox, sonus, немисче Ton, англисче musical tone, musical pitch) атайын мааниде — музыкалык чыгармаларды түзүү үчүн материал катары колдонулган белгилүү бир бийиктиктеги үн, кеңири мааниде — «музыкалык тажрыйбада колдонулуучу үндөр».

Мүнөздөмөсү

Физика-математикалык

Физикалык жактан алганда музыкалык үн — бул белгилүү бир касиеттер топтомуна ээ болгон үндүн түрү, тагыраак айтканда, кылдын термелүүсүнөн, үн байламталарынан, жана башка объектилерден жаралып, абада жайылуучу узатасынан кеткен ийкемдүү толкундар, цуг узундугу болжолдуу 10мсден 10смге чейин, жыштыктары 16—20 герцтен 15—20 килогерцке чейин, жаралуучу үн басымы 0,2 мПаскальдан 2 Паскальга чейин (1 кГц болгондо), эрежеге катары f, 2f,3f жыштыктарда жакшы билинген чокулары бар спектрларды калыптандырат, мында f — негизги тондун (үн сапатынын) жыштыгы, ал эми 2f, 3f ж. б. — обертондор жыштыгы (мындай сериялар бир нече болушу мүмкүн). Ар кандай музыкалык аспаптар үчүн обертондордун салыштырмалуу интенсивдүүлүгү ар башка жана үндүн чыгышынын спецификасын камсыз кылат; бул контекстте жөнөкөй монохроматикалык толкун кызык жаратпайт.

Маселенин физика-математикалык жагы маанилүү, жана музыка теориясындагы үндөр негизинен физикалык көрсөткүчтөр менен эмес, музыкалык чыгарманын композициялык логика көз карашынан баяндалат.

Теория-музыкалык

Музыкалык үндүн башкы жана спецификалык мүнөздөмөсү — анын бийитиги, жана бул психоакустикалык феномен (физикалык жактан «таза тонду» адам тарабынан кабылдоонун натыйжасы) менен эмес, музыкалык логика жагынан интерпретацияланат — үн системасында, үн катарда, үндөштүктөрдө (интервалдарда, конкорддордо, аккорддордо ж. б.), ладда.

Музыкалык үндүн башка маанилүү мүнөздөмөсү — узактык (созулмалуулук), бул музыкалык ритмдин абсолюттук эмес (мисалы, секунда, миллисекунда), салыштырмалуу чоңдуктары менен аныкталат (мисалы, сегизинчи нота чекити менен жөн гана сегизинчиден 1.5 эсе узагыраак, бинардык мензураны тернардыкка өткөрүү). Узактык музыкалык үндүн спецификалык мүнөздөмөсү катары саналбайт, анткени ал башка «үн чыгаруучу» искусстволордо жана кол өнөрчүлүктөрдө категория катары жашап келет (мисалы, риторикада, театр-поэзиялык декламацияда ж. б.).

Музыкалык үндүн башка мүнөздөмөлөрү дагы абсолюттук мааниге ээ эмес, мисалы, шарттуу («музыкалык») белгилерде ноталануучу үндүн күчү («динамика») — piano, forte, fortissimo ж. б. Үндүн спектри катары баяндала алган үн тембри дагы аналогиялуу, музыкада тембрлердин айкалышын (мисалы, симфоникалык оркестрда), аларды айырмалоонун кылдаттыктары жөнүндө (мисалы, түрдүү кылдуу аспаптардын тембрлерин), алардын физикалык эмес терминдердеги клишеленген риторикасында (флейталардын жогорку регистрдагы канаттуулар үндөрү), «музыка таануучулук» туюнтмасында түшүндүрүүчү аспап таануунун предмети болот.

Музыкалык үндөрдү жазуу үчүн ноталоо колдонулат. Музыкалык үндөрдүн бийиктиктик маанилерин жазуу үчүн кеңири жайылган формалары — латындык тамгалык (C, D, E, F, G, A, B/H) же муундук (ut⁄do, re, mi, fa, sol, la, si; ошондой эле кыргыз транслитерациясында — до, ре, ми, фа, соль, ля, си) ноталоо. Графикалык символдордун эки тобу тең математикалык жана⁄же физикалык чоңдуктарына багыт көрсөтпөйт, болгону музыка-логикалык түшүнүктөрдүн салыштырмалуу торчосунун кандайдыр бир белгиси гана.

Музыкалык үндөрдүн абсолюттук маанилери тигил же бул таарыхый доордун камертонунан, тигил же бул аймактык салттан көз каранды. Мисалы, бир катар Европа өлкөлөрүндө жана Россияда бийиктик стандарты катары кабыл алынган жыштыктык мааниси А үчүн 440 Hz, Австрияда XIX кылымда 435 Hz болгон (айтылуу Orgelton), аспаптык музыкада барокко дагы 415 Hz барабар деп саналат ж. б.

Музыкалык үндөрдүн логикалык «белгилери» музыкалык түзүмдүн спецификасынан көз каранды эмес, мисалы, Пталомейдин диатондук тетрахордунун бардык беш түрүн музыка таануучулар окшош тамгалар менен жазышат (a-g-f-e), а бул сандык катыштыктардын беш ар башка катарлары; Веркмейстердин «жакшы темперацияларынын» каалаганы музыкалык үндөргө бирдей ноталанат (математикалык жактан кылдат айырмаланганына карабастан), жана акустикалык жактан тизмектелген үндөрдүн бардык башка «музыкалык» жазуу учурларында дагы.

Музыкалык үндүн үстүндөгү изилдөөлөрдү антика мезгилинен биздин күндөргө (XXI кылым) чейин гармония (гармоника) жүргүзүп келет. Үндүн физикалык касиеттерин (анын ичинде белгилүү бир бийиктиктеги үндөрдү) физика изилдейт, өзгөчө анын прикладдык тармагы болгон — музыкалык акустика.

Тарыхый очерк

Музыкалык үндүн түшүндүрмөсү (жок дегенде аныктамасы) антикалык гармониканын милдеттүү бөлүгү болгон. Стандарттык түрдө музыкалык үн («фтонг») «үндүн бир бийиктикке тийиштүү келишүүсү» катары аныкталган (Клеонид). Тийиштүү деп, же тагыраак айтканда эммеликалык деп (байыркы грекче ἐμμελής) обонго жарактуу үн сапаты түшүнүлгөн, муну учурдагы обондун так (вокалдык, аспаптык), жасалма эмес интонациялоосу менен салыштырууга болот. Экмеликалык (байыркы грекче ἐκμελής — начар үндүү, түзүмдүү эмес), бийиктиктүү аныкталбаган үндөр миңдеген жылдар бою музыка үчүн жараксыз деп саналып, буга ылайык окумуштуулар тарабынан каралган эмес. Боэций тарабынан трансляцияланган музыкалык үндүн антикалык түшүнүгү, Орто кылымдардын европалык маданияты тарабынан сиңирилип, Кайра жаралуу доорунда жана Жаңы мезгилде кармалып турган.

Тарыхта доминанттык кылган музыкалык үндүн бийиктиктүү аныкталган катары трактовкаланышы XX кылымда профессионалдык музыкага, кээ бир музыкалык фольклордун салттарына (мисалы, джазга, кийинчерээк рок-музыкага өтүп кеткен афроамерикалыктар тарабынан блюздук ноталардын интонацияланышы), композитор-авангардисттердин сонордук жана микротондук эксперименттерине (К. Пендерецкийдин «De natura sonoris» чыгармасы, В. Лютославскийдин Экинчи симфониясы, Д. Лигетинин «Атмосферасы») таандык экмеликанын киришине байланыштуу сынга кабылган.

Бийиктиктүү аныкталбаган үндөрдөн экстрамузыкалык табигый жана жасалма синтезделген (мисалы, электрондук) үндөрдү айырмалоо абзель, мындайларды мурдагы композиторлор (көбүнчө XX кылымдын 2-жарымында) өзүлөрүнүн чыгармаларына кошушкан — П. И. Чайковскийдин «1812-жыл» увертюрасындагы замбиректер жапырт атуусу, Э. Сатинин «Парадындагы» жазуучу машиналар, П. Анри жана П. Шеффердин «Бир адам үчүн симфониясындагы» түрдүү үндөр фонограммасы, К. Штокхаузендин «Геликоптер» кылдуу квартетиндеги пропеллердин дирилдеши жана аткаруучулардын кыйкырыгы ж. б.

Кеңири мааниде бардык үндөр (анын ичинде эч кандай спецификалык музыкалык өзгөчөлүктөрү жоктору дагы) «музыкалык» деп саналышы мүмкүн, эгер жаратуучусу жактан «музыка» деп жаратылган артефакта болсо. Кокустан угулган үндөрдү ноталык түрдө жазуу албетте белгилүү татаалдыктарды жаратат, анын ичинде аларды партитура боюнча кайталап аткаруу.

Жайгаштыруу: 2023-09-04, Көрүүлөр: 661, Өзгөртүлгөн: 2023-09-04, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо