Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Гармония (музыкада)

Баш барак | Музыка | Гармония (музыкада)

Гармония (байыркы грекче ἁρμονία — байланыш, ирет, түзүм, лад; эриш-аркактык, өлчөмдүүлүк, түзүмдүүлүк) — музыка теориясынын түшүнүктөр комплекси. Гармониялуу деп кулакка жагымдуу угулган (анын ичинде кадимки сүйлөө) жана акыл-эске жеткиликтүү болгон үндөрдүн ирети аталат (музыка-эсетикалык түшүнүк). Илимий перспективада бул түшүндүрмө гармониянын, үндөрдүн үндөштүктөргө биригүүсү жана алардын мыйзам ченемдүү ээрчишүүсү катары композиция-техникалык түшүнүгүнө алып келет. Гармония илимий жана окуу-тажрыйбалык дисциплина катары музыканын үн бийиктиктик уюшулуусун изилдейт — көп үндүү жана бир үндүү.

Мазмуну

Гармония түшүнүгү жана маңызы

Гармония түшүнүгү логикалык жактан уюшулган үн бийиктиктик системаны мүнөздөө үчүн колдонулат: лад түрүн (модалдык гармония, тоналдык гармония), музыкалык стилди (мисалы, «барокко гармониясы»), үн бийиктиктин индивидуалдуу спецификалык ишке ашырылышын («Скрябин гармониясы», «Джезуальдо гармониясы»), ошондой эле, композитордун стилине мүнөздү аккордиканы мүнөздөөдө (мисалы, «шуберттик гармония», «рахманин гармониясы»).

Гармония түшүнүгүн «коштоо», гомофония түшүнүктөрү менен аралаштырбоо зарыл (мисалы, «күү жана гармония» ордуна «күү жана аккомпанемент» же «күү жана аккордика» ордуна; «полифония жана гармония» ордуна «полифония жана гомофония» деп).

Музыкалык гармониянын маңызы — үн кубулуштарынын аймагына, гармония түшүнүгүнүн философия-эстетикалык проекциясы. Гармония музыка үчүн спецификалуу болгон көркөм элементтерди жана мамилелерди бириктирет: үн катарларды жана интервалдык системаларды, аккорддорду жана ладдык функцияларды ж. б. (ошол эле убакта, музыкадагы метр жана ритм поэзияга таандык). Гармоникалык жактан үндөрдүн ирээттүү катышынын кооз үндүүлүгүн таануу, көркөм ой-жүгүртүүнүн улуу жеңиши болгон.

Ошону менен бирге, тигил же бул аккордду «гармония» (үндөштүк) же байланышсыз үн топтому катары кабылдоо, угуучунун музыкалык тажрыйбасынан жана эстетикалык баалоосунан көз каранды. Мисалы, даярдыгы жок угуучуга XX—XXI кылымдын музыкасынын гармониясы (өзгөчө авангардист-композиторлордун чыгармалары) үндөрдүн чар-жайыт топтомундай (какофониядай) сезилиши мүмкүн.

Гармониянын объектилери жана категориялары

Гармониянын биринчилик объектиси — музыкалык интервалдар, муну көркөмдүк жактан өздөштүрүү, музыкалык искусствонун тарыхый өнүгүүсүнүн маңызын түзөт. «Айкалыштыкта» үндүн чыгышы гармониянын биринчи категориясын берет — диссонанска карама-каршы коюлуучу консонанс. Гармониянын башка эң маанилүү категориясы катары үн системасынын чегиндеги белгилүү бир өңүттөгү үн катар саналат — каалаган музыканын материалдык негизи. Үн катар жана сонанстар ишке ашуучу (убакытта жана бийиктиктүү мейкиндикте ачылуучу) форма, гармониянын борбордук категориясы — ладды (үндөрдүн айкалышын) аныктайт.

Түрдүү үндөштүктөрдөгү үндөрдүн (үн термелүүлөрүнүн жыштыктарынын) катыштыгы, интервалдарды билдирген сандык катыштыктар катарына жооп берет:

Бул интервалдар, ээрчилүү (убакытта) жана бир убакыттуулук (аккорд жана конкорд сыяктуу үндөштүктөрдү калыптандыруу менен) менен ишке ашырылат. Буга ылайык музыкалык гармонияда бир үндүү жана көп үндүү үн бийиктиктик системалар өзгөчөлөнөт же бөлүнөт.

Гармониянын калыптанышы, өнүгүшү жана тарыхы

Көп үндүү гармониянын калыптанышы (IX—XI кылым) — музыкалык ой-жүгүртүүнүн эволюциясынын эң маанилүү баскычы. Бардык үндөр байланышынын тирек-тонго катыштыгы, ладдын категориясы менен туюнтулат, дифференциациясы анын маанилери менен, б. а. ладдык система функциялары менен. Көп үндүүлүктүн биринчилик формасы — бурдон — музыкалык ой жүгүртүүнүн монодиялык негизинин чегиндеги гармонияны түшүндүрөт. Өнүккөн көп үндүүлүк шарттарында гармония үндөштүктөр системасына айланат, монодиянын эң маанилүү туруксуздугу — аккорддук эмес үндөрдө. Көп үндүү гармония эволюциянын жүрүшүндө эстетикалык жана композициялык жактан жарактуу татаал үндөштүктөрдү өзүнө камтыйт — кварта-квинталыктан тарта чоң септо-тритондук жана полиаккорддорго чейин (XX—XXI кылым).

Гармониянын (жана үн системасынын) эволюциясы менен кошо ладдык система, тондордун жана үндөштүктөрдүн музыка-логикалык маанилеринин жыйындысы жана топтолуусу катары ичинен кайра уюшулат; бул процесстердин жетишкендигинин туу чокусу катары, ладдык функциялар (эң алгач, субдоминанттык жана доминанттык тоника) таандык болгон классикалык тоналдуулук болгон. Европалык музыкадагы классикалык гармониялык түзүм форманын калыптануусу жана метр менен тыгыз байланышта.

Гармониянын баштапкы тарыхы

Музыкадагы гармониянын баштапкы тарыхы — консонанс-диссонас касиеттерин жана монодия-ладдык системалардагы (Байыркы Кытай, Индия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн, Байыркы Греция, Рим жана башка маданияттардын) лад формаларын ачууну түшүндүрөт. Гармониянын алдын-ала формалары (сонордук боёлгон гетерофония ж. б.) адамдын угуу кабылдоосунда вертикалдуу үндөштүк феноменин бекемдеген, бирок мында ал музыкалык ой-жүгүртүнүн баамдалган фактору болгон эмес.

Орто кылымдардагы жана Кайра жаралуу доорундагы гармония

Көп үндүүлүктүн эрте формаларында (IX—XI кылымдардагы органум) музыканын жаңы элементи чыккан — автономдуу үндөштүк. Сонаталык таянычтардын ролун Орто кылымдарда (мисалы, Нотр-Дам мектебинин көп үндүү музыкасында, жана Арс нова мезгилинде) квинта жана квинтоктава ойногон.

XIII кылымдан тарта гармония терцалык үндөштүктөргө байыган, алгач алар диссонанстар улуксатын талап кылган, жетиле элек нерседей интерпретацияланган; кечирээк, XV—XVI кылымдарда, терцалык үндөштүктөр эркин колдонулуп, акыры доминанттуу болуп калган.

XVII кылымдын башталышына чейин модалдуулук (мындай гармонияны эски модалдуу дешет) үстөмдүүлүк кылган. Чиркөөлүк музыка (бир үндүү жана көп үндүү), ички ладдык хроматизмди кошуу менен сегиз (XVI кылымдын жарымынан тарта — он эки) чиркөөлүк тондо негизделген. Кайра жаралуу доорунун светтик музыкасын дагы, көбүнчө чиркөөлүк тондор акылуу түшүндүрүшөт, бирок ага ал толугу менен туура келбейт (мисалы, Вичентинонун жана кеч Джезуальдо гармониясын чиркөөлүк тондордун категориялары менен түшүндүрүү мүмкүн эмес). Ренессанс доорунун модалдык гармония үлгүсү — «Ce faux amour dare» шасон Лассо (G-миксолидиялык).

Жаңы мезгил гармониясы

Жаңы мезгил гармониясы (XVII—XIX кылымдар) Агартуу доорундагы идеялардын нугунда биротоло калыптанган өзгөчө түрдөгү музыкалык ой жүгүртүү системасы өңдүү тоналдуулукта негизделип, функционалдык борборлоштурулгандыгы, так рационалдуу ченемдүүлүгү жана иерархиясы, тармактуулугу, тоналдык функциялардын динамизми, бардык түзүмдөрүнүн оптималдуу бир түрдүүлүгү менен мүнөздөлөт — аккорддордун түзүмү жана жайгашуусунан тарта ири формалардагы монументалдуу тоналдык пландарга чейин. Ошентсе дагы, И. С. Бахта эски модалдуулуктун издери байкалат (1-Браденбург концертинин 2-бөлүгүндөгү фригиялык лад), Барокко доорунда эле мажор менен минор эки үстөмдүк кылган лад бекилген. Булар биздин күндө дагы, XX кылымдагы гармониянын өтө татаалдануусуна жана атоналдык музыканын пайда болгонуна карабастан үстөмдүк кылуучу болуп саналат (өзгөчө массалык маданиятта).

XX—XXI кылымдардын гармониясы

XX—XXI кылымдардагы гармониянын жалпы мыйзамдары:

Гармония түшүнүгүн өнүгүшү

Гармониянын философия-эстетикалык түшүнүгү байыркы заманда эле иштелип чыга башталган. Гректерде ал карама-каршылыктар ырашкерлиги («симфониясы») жөнүндөгү окууда чагылдырылат. Бул философиялык контекстте «гармония» сөзүн музыкага карата белгисиз автордун «Дүйнө жөнүндө» (Жалган Аристотель, б. з. ч. I кылым) трактатында колдонулган (Гераклитке шилтеме жасоо менен).

«Табият карама-каршылыктарга умтулма деп ойлоо керек, жана ал, алар өңдүүдөн эмес, алардан (карама-каршылыктардан) макулдук жаралат (байыркы грекче τὸ σύμφωνον). Анткени, ал, бир жыныстуу жандык менен эмес, эркек менен аялды кошуп, бири-бирине окшош жандыктарды эмес, карама-каршылыктардан биринчи келишүүнү айкалыштырды. Сыягы, искусство (байыркы грекче τέχνη) дагы табиятты туурап, ошол эле нерсени жасайт окшойт. Сүрөт тартуу искусствосу ак менен кара, сары менен кызыл боёкторду аралаштыруу аркылуу оригиналдарына туура келген сүрөттөрдү жаратат. Музыка, бир убакта бийик жана төмөн, созулма жана кыска үндөрдү аралаштырып, бирдиктүү гармонияны (байыркы грекче ἁρμονίαν) түзөт. Грамматика үндүү жана үнсүз тамгаларды аралаштырып, бардык (сөз) искусствону түзгөн. Ушул эле нерсени Кара атындагы Гераклит дагы айтчу...» — Аристотель, Дүйнө жөнүндө, 395b.

Гректер гармонияны универсалдуу категория катары түшүнүшкөн. Алар аны табияттан гана эмес, адам ишмердүүлүгүнөн (технэ искусствосу), космостон дагы байкашкан. Ушундан улам тармактар гармониясы жөнүндөгү философия-музыкалык окуу пайда болгон.

Биздин заманга чейинки V—IV кылымдарда «гармония» сөзүн атайын музыка-теориялык мааниде колдонуунун биринчи күбөлөрү белгиленет. Филолай жана Платондун түшүнүгүндө «гармония» деп кварта менен квинтанын чиелениши катары ойлонулган октавалык үн катар (консонанстардын интервалдык түзүмдөрүнүн түрү, гармонияда «түрлөрдүн» аталышы) аталат. Аристоксен, кийинчерээк Боэций боюнча «гармония» деп энармониялык мелос тукумунун үчтөн бирин атайт.

Антикалык гармоника китептери (Клеонид, Бакхий, Гаунденций, Боэций) жана гармониянын музыка-теориялык изилдөөлөрү (Аристоксен, Птолемей, Аристид Квинтилиан эмгектери кыйла маанилүү) сөзсүз түрдө гармония маселелеринин баяндамаларын жана түшүндүрмөлөрүн камтыган: музыкалык үн (бийиктиктүү белгиленген) жөнүндө окуу, интервалдар (пифагордук салтта — сөзсүз матемптикалык ыкта), үн катарлык (модалдык) функциялар таандык болгон интервал-үндүк (анын ичинде толук эки октавалык) система, ладдык үн катарлар жөнүндө (ладдарда, тондордо), метабола ж. б.

Натыйжада же кийинчерээк гармония түшүнүгү өзүнүн маанилик негизин (логос) сактап турган бирок, гармониянын үн бийиктиктүү жөнгө салынгандыгы жөнүндөгү конкреттүү түшүнүктөрү, мезгилдеги актуалдуу баалоо критерийлери менен бирге болгон. Көп үндүү музыканын өнүгүүсү менен гармония «жөнөкөй» (бир үндүү) жана «курамдык» (көп үндүү; англис окумуштуусу Вальтер Одингтондун «Музыка теориясынын суммасы» эмгеги, XIV кылымдын башы) болуп бөлүнүп кеткен. Дж. Царлино чоң жана кичи үч үндүүлүккө (орусча трезвучие, буларды салттуу түрдө конкорддор деп баяндаган) математикалык түшүндүрмө (өзү аны табигый деп эсептеген) берген; ал бардык ладдарды (бир үндүүлөрүн) чоң терцалык жана кичи терцалыкка бөлгөн. Ушул эле кишиге атактуу мажордук үч үндүүлүктүн «шайыр» угулушу катары (итальянча harmonia allegra), ал эми минордуку «кайгылуу» угулуу (итальянча harmonia mesta) мүнөздөмөсү (учурда, жөнөкөйлөтүлгөн деп бааланган) таандык. М. Мерсен бастын ролун гармониянын түпкүрү катары аныктап, музыкалык үн курамындагы обертондор кубулушун баяндаган. Иоган Липпий гармониялык триаданы «эң мыкты жана толук, гармониянын чыныгы жана үч бирдиктүү үн чыгаруучу тамыры» катары биринчилерден болуп эки үч үндүүлүктү аккорд катары трактовкалаган; ошондой эле, биринчилерден болуп аккорддордун мамилесин ырастаган.

Гармония жөнүндө кээ бир көрүнүктүү эмгектер

Жайгаштыруу: 2023-10-24, Көрүүлөр: 682, Өзгөртүлгөн: 2023-10-24, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо