Балырлар (латынча Algae) — эреже катары суу чөйрөсүндө жашап, системалык маамиледе көптөгөн бөлүмдөрдү билдирген, көбүнчө фотоавтотрофдуу бир клеткалуу, колониялык же көп клеткалуу организмдердин гетерогендик экологиялык тобу.
Жөнөкөй сөз менен айтканда, балырлар — негизинен сууда өсүүчү жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүк тобу.
Козу карындар менен симбиозго кирип (Жаныбарлардын өз ара жардамы), балырлар эволюциянын жүрүшүндө эңилчек (орусча лишайник) аталган жаңы организмдерди калыптандырган.
Балырлар жөнүндөгү илим альгология аталат. Балырларды изилдөө деңиз маданиятындагы, балык улоодогу жана деңиз экологиясындагы адистерди даярдоодо маанилүү баскычтардын бири катары саналат.
Балырлардын 30 миңден ашык түрү бар. Чоңдугу микрон үлүшүнөн 40 метрге чейин болот. Бир же көп клеткалуу, ошондой эле колониялуу өсүмдүк. Суунун түбүндө эркин же бир нерсеге жабышып (бентос) жана сууда калкып (планктон) өсөт.
Жайында көлмөлөрдөгү суунун өңү кээде жашыл болуп каларын балким байкагандырсыңар. Бул дагы, балырдын өсүп, тез көбөйүп жаткандыгын билдирет. Ошондон улам суу жашыл түскө боёлот. Ошол жашыл сууну микроскоп менен карасак, анда жайнаган кичинекей жашыл тоголокчолорду көрүүгө болот. Дал ошолор балырдын туташ тобун түзөт. Жер шарында түрлүү балырлар бар. Алардын ичинде узундугу 40мге жеткени да болот.
Булар көбүн эсе океанда өсөт. Болгону бир клеткадан турган кенедей балырлар да бар. Адатта алар туташ топко биригип, суу бетинде калкып жүрөт да, сууну түрдүү түскө боёйт. Балырлар көк-жашыл, жашыл, күрөң жана кызыл түстө болот. Көк-жашыл балырлар кургак жерде да өсөт. Алар Казакстан менен Орто Азиянын чөлдөрүндө кездешет.
Жамгыр көп жааган жаз менен күздө көк-жашыл балырлар өтө тез көбөйүшөт, ал эми кургак мезгилде куурап, кара кыртышка айланып, топурак бетин каптап калат. Аларды шамал ар тарапка учурат. Жаан жааса кайрадан өсө баштайт. Жашыл балырлар да кургак жерде кездешет, бирок көбүнчө сууда өсөт. Алардын ирилери суу түбүндө чөгүп жатат. Күрөң балырлар абдан ири өсүмдүктөр болушат. Деңиз менен океандарда алар суу астындагы чытырман токойду — анык жунглини түзөт. Саргасс деңизинде «саргасс» балырлары өсөт. Деңиз да ошол балырлардын атынан аталган.
Айрым түрлөрү нымдуу топурак, даракта жана анын кабыгында, таштын үстүндө кездешет. Жыныстык, вегетативдик жол менен көбөйөт. Балырлар көмүр кычкыл газын суудан сиңирип, кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен органикалык заттарды пайда кылат. Балырлардын кээ бир түрү желет (мисалы, деңиз капустасы). Балык жана башка суу жаныбарларына баалуу тоют. Күрөң балырдан тоют уну даярдалат.
Жээкке жакын жерде саргасстар (балырлар түрү) суу түбүнө бекип өсөт, ал эми жээктен ыраак аймактарда калкып жүрүшөт. Алар өтө көп болгондуктан кемелердин өтүшүнө да жолтоо болушат. Кызыл балырлар да деңиз менен океандарда өсөт, бирок калкып жүрө алышпайт. Алар аска таштарга, үлүл кабыктарына же башка балырларга жабышып өсөт. Суу бетинде калкып жүргөн майда балырлар менен калак буттуу чаяндар жана башка майда деңиз жаныбарлары азыктанат.
Ал эми бул деңиз жаныбарлары өз кезегинде көптөгөн балыктарга жем болот. Ошондуктан балырлуу жерден балык уулоо ыңгайлуу. Бирок балырлар деңиз жаныбарлары үчүн азык гана болбостон, сууну чириткич бактериялардан тазартат. Адамдар айрым балырларды тамак-ашка пайдаланат. Алардын бири — биздин түндүк деңиздерде өсүүчү ламинария. Балырлар — үй жаныбарларына да жакшы тоют. Тиричилиги токтогон балырлар көлмө түбүнө калың чөгүндү катмарын — сапропелди пайда кылат.
Бул чөгүндү үй жаныбарларына тоют, ошондой эле мыкты жер семирткич да болуп эсептелет. Балырлар дарылык максатта да колдонулат, алардан көптөгөн химиялык өндүрүмдөр алынат.
Деңиз балырлары кагаз өндүрүшү, текстиль, нефть жана химия өнөр жайында пайдаланылат. Йод, витамин (А, B1, B2, B12, С, D) жана башка алынат. Бир катар балырлар космос кемесиндеги тиричилик системасынын компоненти катары сыналууда (2010). Балырлар атеросклероз, эндокрин ылаңдарына жана башка ооруларга каршы дары зат катары пайдаланылат. Кыргызстанда харалар, диатом, жашыл, көк-жашыл, эвглена жана пирофит сыяктуу түрлөрү өсөт.