Океандар жана деңиздер, глобусту карап көргүлөчү, жер шарынын үчтөн экисинин көбүрөөк бөлүгүн океан менен деңиздер ээлейт. Алар өз ара кысыктар аркылуу туташып, дүйнөлүк океанды түзүшөт.
Географтар дүйнөлүк океанды төрт океанга бөлүшкөн. Эң чоңу - Тынч океан. Европалыктардын ичинен биринчи болуп бул океанды сүзүп өткөн Магелан аны Тынч океан деп атаган. Ал сүзүп өткөн мезгилде жолу болуп, океан тынч турган. Болбосо, бул жерде тез-тез катуу бороон болуп турат, ошондуктан бул океанды чын эле тынч экен деп ойлобогула. Тынч океан дүйнөлүк океандын дээрлик жарымын ээлейт.
Тереңдиги боюнча да теңдеши жок. Окумуштуулар дүйнөлүк океандын эң терең жерин, башкача айтканда, 11022 метр тереңдик ушул Тынч океанда экендигин аныкташкан. Бул Мариана чуңкуру. Чуңкурдун түбүндөгү суунун басымы замбирек атылганда анын найында(най - ствол) пайда болуучу басым менен барабар. Ошондуктан мурда мындай тереңдикте эч кандай тиричилик жок деп эсептешкен. Бирок окумуштуулар кийин ал жерден тирүү жандыктарды табышты. Атлантика кичирээк океан, өтө терең да эмес. Бул океан Европанын климатына жана аба ырайына күчтүү таасир этет.
Инди океаны андан да кичирээк. Ал эми Түндүк Муз океаны баарынан кичине жана баарынан тайыз. Анын орточо тереңдиги 1205 м. Үч океан - Тынч, Атлантика жана Инди океандары түштүгүнөн Антарктида же Түштүк океаны деп аталуучу антарктикалык суу алкагы менен байланышат. Океандардын жээкке жакын же кургактыкка кирип турган бөлүгү адатта деңиз деп аталат. Кээ бир дениздер кургактыкка өтө терең кирип кеткен. Мисалы, Кара жана Азов деңиздери. Жер шарында таң каларлык бир деңиз бар. Анын жээктери жок. Бул - Саргасс денизи, ал Атлантика океанында, Түндүк Американын жээктерин бойлой жайланышкан. Анын бетин калкыма саргасс балырлары каптап турат.
Деңиздин аты да ушул балырларга байланыштуу коюлган. Саргасс балырлары деңизде калкып жүргөнү менен бүткүл Атлантика океаны боюнча жайылып сүзүп кетишпейт. Себеби аларды деңиз агымы кармап турат. Ар бир балырдын мөмөсү бардай көрүнөт. Бирок ал мөмө эмес, сууда калкып жүрүүгө жардам берүүчү барсылдактары. Барсылдактарынын жардамы менен өздөрү гана калкып жүрбөстөн деңизде жашоочу майда жаныбарларга убактылуу турак-жай да болушат. Анын ар бир бутакчасына кичинекей краб же моллюскалар жармашып алат. Кубаттуу Гольфстрим агымы Саргасс деңизинин жээктеринин бири болуп эсептелет.
Ал түндүккө тропиктин жылуу суусун агызып келет. Бул агым Атлантика океанындагы зор дарыяга окшоп кетет. Ал жер шарынын бардык дарыялары агызган суудан 20 эсе көп сууну агызат. Атлантика океанындагы Гольфстрим, Түндүк Атлантика жана башка агымдар түндүк жарым шарында борбордук жылыткычтын ролун аткарышат. Гольфстрим токтосо нукура акыр-заман ошондо башталат. Россиядагы Мурманск порту кышында тоңбойт, себеби ага Түндүк Атлантика агымы жылуу суу агызып келип турат. Жердеги адамдардын жашоосу деңиз, океандар менен тыгыз байланыштуу. Деңиз, океандардан бууланган суу жерге жаайт.
Биз дем алып жүргөн кычкылтектин да көп бөлүгүн океан менен деңиздер берет. Тиричилик да ушул дүйнөлүк океанда пайда болгон. Жерде белгилүү болгон бардык тирүү жандыктардын жарымынан көбү дүйнөлүк океанда жашайт. Балык, краб, омар, деңиз таажычалары, устрицалар жана башка даамдуу, аш болумдуу азыктар деңиз менен океандардан алынат. Океан жана деңиздердин түпкүрүнөн нефть алынат. Деңиз суусунда эриген түрдө химиялык элементтердин дээрлик бардыгы, анын ичинде алтын менен уран да бар. Тамак-ашка салынуучу кайнатма туз да деңиз суусунан алынат. Демек, бул - деңиздин дасторконубуздагы бир бөлүгү.
Деңиздеги туз кайдан пайда болот
Өзүңө билгендей эле суу күчтүү эриткичтердин катарына кирет, ал жер үстүндөгү каалаган тоо тегин эрите алат. Суу агымдары, дарыялар, булактар, тамчлар акырындык менен гранит жана таштарды талкалайт. Мындай учурда таштардагы, топурактагы, кумдагы оңой эрүүчү түзүм бөлүктөрү чыгат. Бир дагы, ал гана эиес эң катуу порода суунун кыйратуу күчүнө туруштук бере албайт.Ал эми тоо тектеринен жуулуп чыккан туздар деңиз, океан сууларына туздуу болушун камсыз кылат.
Эмне үчүн дарыя суулары туздуу эмес
Бул суроого эки гипотеза бар. Биринчиси - дарыяданын курамында туз бар бирок ал деңиздикине караганда 70 эсе аз, жана бардык дарыяда эриген аралашмалар деңизге куюлуп, концентрацияланган аралашмалар дарыяда-булакта эмес, деңизде чогулат. Ал эми деңиздеги жана океандагы суулар бууланып кайра жаан-чачын болуп жерге түшөт, минералдар болсо океанда калып, ошентип туздар чогула берет. Экинчи гипотеза боюнча океан сууларынын туздуулугун вулкандар жасаган деген имиш бар.
Адамдар деңиз толкунунун күчүн пайдаланууну али толук үйрөнө элек. Анткен менен алгачкы кадамдар жасалды. Деңиз жээктерине курулган электр станцияларында деңиз ташкыны, толкуну электр энергиясына айландырылат. Деңиз жана океандардын жээктеринде көптөгөн порттор бар. Суунун үстү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүн байланыштыруучу эң сонун катнаш жол да болуп эсептелет.