Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Электр

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Электр

Адамдар табияттын чагылган сыяктуу коркунучтуу кубулуштарын миңдеген жылдар бою көрүп келишкен. Алардын сырын түшүнбөгөндүктөн коркушкан. Чагылганды изилдөө аракеттери көпчүлүк учурда кайгылуу бүткөн. Мисалы, 1753-жылы тажрыйба жүргүзүү учурунда орус физиги Г. В. Рихман чагылган тийип өлгөн. Мындан жүз жылдан ашыгыраак убакыт мурун гана адамдар табияттагы электр күчүн пайдаланууну үйрөнө башташкан, электрди өзүнө кызмат кылууга мажбур кылышкан. Электр жөнүндө адамдар эмнелерди билишти? Жаратылышта эң майда заряддалган бөлүкчөлөр бар. Бири оң, экинчиси терс заряддалган. Терс заряддалган эң кичинекей бөлүкчөлөр - электрондор. Электрондор металл өткөргүчтүн ичинде жыла алат. Окумуштуулар заряддалган бөлүкчөлөрдүн бир багыттагы агымын электр тогу деп аташты.

Силер үйгө келгенде баскычты бассаңар бөлмөдө электр лампочкасы жарк этип күйөт. Эмне үчүн? Баскычты басканыңарда силер зымды туташтырдыңар, зым боюнча лампага элекрондордун агымы умтулат. Лампадагы ичке зым бутчага өзгөчө металл - вольфрам спиралы илинген. Бул спираль (ал лампанын жиби деп аталат) өзгөчө касиетке ээ, электрон бул жип боюнча өтө кыйынчылык менен өтөт. Спираль аркылуу электрон өтө баштаганда жип жасалган металлдын атомдорун «түрткүлөй» баштайт, спираль ошол замат ысып, нур чыгара баштайт. Электрондордун агымы канчалык күчтүү болсо, лампанын жиби ошончолук күчтүү чыңалат жана жарыгыраак күйөт.

Жоонураак зымдан жасалган ушундай эле спираль электр үтүгүн жана плиткасын ысытат. Бул кубулуш (электр тогу менен ысытуу) металл эритүү үчүн заводдун электр мештеринде колдонулат. Мындай мештерде колдонулуучу спиралдар жоондугу силердин сөөмөйүңөрдөй зымдан жасалат. Адамдар электрди дагы бир кесипке - машинаны кыймылга келтирүүгө үйрөтүштү. Машинист ажыратуучу атайы тутканы бурат. Кубаттуу электр кыймылдаткыч электровоздун дөңгөлөгүн кыймылга келтирет, поезд рельс менен акырын жыла башайт.

Кыймылдаткыч мындай күчтү кайдан алат? Эгер катар жайгашкан өткөргүч зым аркылуу электр тогу бир багытты көздөй акса, анда зымдар бири бирине тартылышат, эгер электр тогу зымдар аркылуу түрдүү багытка агылса, анда зымдар түртүлүшөт. Тогу бар өткөргүч зымдардын өз ара аракеттенүүчү күчтөр электр кыймылдаткычын айланууга мажбурлайт. Мүмкүн, электр оюнчуктарынын өтө кичинекей кыймылдаткычын көргөн чыгарсыңар. Анын иштеши үчүн бир электр батареясынын тогу эле жетишет.

Ал эми миллиондогон электр лампаларын күйгүзүп, станокторду жана машиналарды кыймылга келтирүүчү, трамвай жана электр поезддердин дөңгөлөктөрүн айландыруучу кыймылдаткычты электр тогу менен азыктандыруу үчүн абдан көп электр энергиясы керек. Бул электр станцияларында иштелип чыгып, электр тогун өткөрүүсү зымдар аркылуу шаарлар менен кыштактарга берилет. Өткөн кылымда окумуштууларды баарынан көбүрөөк кандай ачылыш таң калтырганын билесиңерби? Электр энергиясы эч нерсе, эч кандай бөлүкчө жок абсолюттук боштукта да берилерин далилдеген ачылыш. Көрсө, бул абсолюттук боштукта энергияны алып жүрүүчү электр-магнит талаасы - электр-магниттик толкундар бар экен. Электр - бул радио, телефон жана телеграф да. Электрдин жардамы менен металл буюмдарынын бетине, мисалы, конькиге хромдун жука коргоочу катмарын чаптайт, техниканын электр колдонулуучу бардык тармагын санап чыгуу өтө эле кыйын, алар уламдан улам көбөйүүдө.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2678, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо