Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Басым

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Басым

Ар күнү аба ырайы жөнүндө үналгыдан берилген кабардын акырында: атмосфера басымы сымап мамычасынын 760 (же 759, же 754) миллиметри деп айтышат. Азыр бул сөз эч кимди таң калтырбайт, мурда атмосфера басымы бар экендиги адамдардын оюна да келчү эмес. Ошондуктан 1654-жылы Магдебург шаарында немец физиги Отто фон Герике жүргүзгөн тажрыйба бардыгын таң калтырган. Ал жезден жасалган жарым шардан экини алып, бири бирине бүтүн шардай кылып беттештирип, ичиндеги абаны сордуруп таштаган. Ошондо бул эки жарым шар бири бирине өтө бекем чапташып калган. Аны эки жагынан ат менен тарттырып да ажырата албай коюшкан. Жарым шарларды бири бирине жабыштырган аба басымы болуп эсептелет.

Бизди курчап турган аба биз ойлогондой жеңил эмес. Чакан бөлмөдөгү абанын салмагы 40-50 кг болот. Аба өз салмагы менен жер бетине жана жер үстүндөгүлөрдүн бардыгына, анын ичинде бизге да басым жасап турат. Атмосфера басымын өлчөөчү прибор - барометр, алгач аны италия физиги Торричелли ойлоп тапкан. Ал бир учу туюк бир метрдей узун айнек түтүккө сымап толтуруп, андан кийин түтүктүн ачык учун сымап куюлган стаканга салган.

Сымаптын бир бөлүгү түтүктөн куюлуп түшүп, түтүктүн жогорку учу абасыз бош калган. Стакандагы сымаптын бетине атмосфера басымы таасир этет. Ал басым түтүктүн төмөнкү ачык учунда да таасир этип, андагы калган сымаптын куюлушуна мүмкүндүк бербейт. Эгер түтүккө ар миллиметр сайын белги коюлса, анда түтүктөгү сымап мамычасынын бийиктиги боюнча ошол учурда атмосфера басымы канча экендиги аныкталмак. Ошондон бери атмосфера басымы сымап мамычасынын миллиметри менен өлчөнүүдө.

Басымга жалгыз аба гана ээ эмес. Силер сүрөт тартканда карандаштын учу кагазды басат. Жашаган үйүңөр да жерге басым жасайт. Дары күйгөндө пайда болгон газдын басымы снарядды куралдын найынан түртүп чыгарат. Жер кыртышындагы басым нефть скважиналарынан нефтинин атылып чыгышына шарт түзөт.

Биз ар кандай добуштарды угабыз, анткени үн толкундары кулак тарсылдагына басым жасайт. Деңиз тереңдигиндеги суунун басымы абдан чоң, суу канчалык терең болсо, басым ошончолук чоң болот. Ошондуктан суу астындагы кайыктын сырткы тулкусу абдан бекем болушу керек, антпесе ал сууга өтө тереңдегенде басым кайыкты кабырылтып жибериши ыктымал. Столдун үстүндө жаткан китеп столду басат. Эгер бир нече китепти биринин үстүнө бирин коюп жыйса, анда столго жасалган басым көбөйөт. Буюм канчалык оор болсо, анын астыңкы нерсеге (таянычка) жасаган басымы ошончо чоң болот. Бирок басым таянычтын аянтына жараша болот. Чокойдун таманына караганда лыжанын аянты чоң болгондуктан лыжачылар карга тыгылбайт.

Демек, таяныч аянты канчалык чоң болсо, басым ошончо аз болот. Илимпоз физиктер атайын камераларда өтө чоң басым түзүүнү үйрөнүшкөн. Мындай камераларда өзгөчө касиетке ээ болгон жаңы материалдар алынат. Мисалы, жумшак графитти өтө катуу материал - алмазга айландырууга болот. Жасалма алмаздар өнөр жайда, мисалы, катуу куймалардан алынуучу тетиктерди жасоодо кеңири колдонулат.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 2346, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо