TYUP.NET
Баш барак | Экология | Жаратылыш: баяндалышы, кыргыздарда, тарыхы, коргоо

Жаратылыш: баяндалышы, кыргыздарда, тарыхы, коргоо

Акыркы оңдоо:

Жаратылыш же табият — Ааламдын материалдык дүйнөсү, негизинен табигый илимдердин негизги изилдөө объектиси. Жердеги адамдарды, жаныбарларды курчаган айлана-чөйрө.

Баяндама

Тиричиликте «жаратылыш» же «табият» сөзү табигый жашоо чөйрө маанисинде колдонулат, башкача айтканда адамдын колунан жаралбаган бардык нерселер.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, эгер айланага көз чаптырып көрсөк биз күндү, асманды, булутту, жерди, өсүмдүктөрдү, жаныбарларды, тоолорду, токойлорду көрөбүз. Мына ушулардын баары жаратылыш.

Күн, асман, булут, таштар, дарыялар, жамгыр, кар булар жансыз жаратылыш.

Өсүмдүктөр, жаныбарлар, адам булар жандуу жаратылыш. Аларга канаттуулар, айбандар, кескелдириктер, жыландар, ташбакалар, бакалар, балыктар, курткумурскалар, курттар, деги жандуу дүйнөнүн бардыгы кирет.

Жаратылыш бул биздин айланабыздагы өтө таң каларлык нерселер. Ар бир кадам сайын адамга ошол таң каларлык нерселердин сырын ачууга мажбур болот. Алгачкы кадамдарда адам жылдын ар кайсы мезгилиндеги жаратылыштын жашоо-тиричилигине байкоо жүргүзүүдөн баштайт.

Жаратылыш биздин эң жакын досубуз. Ал биздин жашоо-тиричилигибизге керектүү көп нерселерди берет, негизинен жашоого зарыл болгон ресурстарды. Алардын ичинде, эң негизгиси тамак-аш. Ошол себептен адамдар жаратылышты коргошот, анын байлыктарын арттыруу максатында көп эмгектенишет.

Абасы таза, жаратылышы кооз жерлерден таланттар көп чыгат дешет. Шаркырап аккан тунук суу, суу түбүндөгү ар кандай балыктар, ар бир дабышты улап жаңырган аска жана ал асканын күчүнө моюн бербей тең ортосун жарып чыккан арча, карагайлар адамдын жан дүйнөсүн кызытып талантына талант кошот. Айта берсе сөз түгөнгүс болгон жаратылыш кооздугун жүрөгү назик адам сезе билет, суктана билет. Айлана-чөйрөсүн аярлап карап, ар бир нерсенин ийнежибине чейин кылдат баамдаган адам гана жаратылыштын ушул кереметин, сулуулугун жан дүйнөсү менен жүрөгүнө жакын кабыл алат. Жаратылыштын өзүнөн эле зор күч алат. Мындай чөлкөмдө жашаган элден таланттар көп чыгат.

Байыркы кыргыздарда

Байыркы кыргыздар көктө Теңир колдойт деп, Жер Энеде табият менен эриш-аркак, шайкеш жашоого, аны ыйык тутууга, андан кудуреттүү, күчтүү ыйык касиетти табууга эзелтен ыклас койгон.

Байыркы кыргыздар табият менен дайым бирге болгон, дүйнөнү бүткүл турпаты менен кабыл алган, андан күнү да, түнү да бөлүнгөн эмес. Жаратылышты өзүнөн улук сезген, ага багынган, ага каршы чыкпаган. Ал өзүн жаратылыштын бир мүчөсү сыяктуу сезген, аны сыйлаган, ага сыйынган.

Кыргыздардын жашоо-тиричилигин чечмелеп айтканда, көр оокат, кара курсактын түйшүгүнөн кутулары менен табиятка сүкүт салган, өзүн аман сактоонун жолу — жаратылышка табынуу деп жоромолдогон, өзүнүн бактысы, ыракаты — табият менен шайкеш жашоодо экендигин аңдап билген.

Көчмөндөр боорукер эл, табиятка жакын, анын ырлары бүт табияттын сулуулугун, кереметин даңазалаган. Ошондуктан алар жаратылышка аяр мамиле кылышкан.

Табият — адам баласынын жакшылыгын дайыма кайрыйт, пенденин пейил-кунуна жараша, тазалыгына жараша башына бакыт үйөт.

Теңир табиятты адамга бир гана жыргал жашоосу үчүн ыйгарган эмес, анда адам эмгектенсин, тиричилик түйшүгүн түшүнсүн, сулуулугуна суктансын жана баа-баркын билип, сырын ачсын деп берген.

Жаратылыш менен эриш-аркак жашоонун шарапатынан байыркы көчмөн кыргыздар андан көптү үйрөндү, рухий олжолорго жетти, касиет-сырын түшүндү, акыл-ою байыды, рухий дүйнөсү, ниет-зээни тазарды, көзү ачылып, көңүлү өстү, адам баласынын турмушун, мамилелерин таза сактоого умтулду, өз элинин кимдигин билди, адамгерчиликтин, сулуулуктун, боорукерликтин, өмүрдүн, баалуулугуна көзү жетти.

Бекеринен кыргыздар уулдарынын, урпактарынын, уруусунун аттарына айбанаттардын аттарын коюшпаса керек. Эрте жаздагы кургакчылыкта жана кеч күздө, сонор түшкөндө, урук-уруулар же үй-бүлөлөр чогулуп, суу жээгине же тоодо ак боз бээни назир тайып, ак чүпүрөк төшөгөн жыгач идишке аккан канын тосуп алышкан. Ар бир үйдүн ээси идиштеги канга колун малып, үй-бүлөнүн ар биринин чекесине сүрткөн, белги коюп ырымдаган.

Анан Эл карысы: «Айланайын, Теңир, айланайын Жер, айланайын Суу! Саат-сабырдан сакта, оору сыркоодон сакта! Мал-жан аман болсун!» — деп Жаратканга, Жер-Сууга (Жер энеге) башкача айткандай жаратылыш энебизге сыйынган.

Тарыхы

Жаратылышты коргоо

Негизги макала: Табиятты коргоо

Жаратылышты же табиятты коргоо үчүн айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо керек. Ал өзүнө калдыктарды кыскартууну, таштандыларды бөлүп чогултууну жана аларды кайра иштетүүнү камтыйт. Ресурстарды үнөмдөө маанилүү: сууну, электр энергиясын, кагазды ж. б. Ошондой эле, экологиялык жактан таза товарларды тандап, пластикти колдонууну азайтуу керек.

Жеке адаттардан тышкары табиятты сактоочу демилгелерди колдоо дагы маанилүү: дарактарды отургузуу, аянттарды тазалоо, ыктыярчылардын акцияларына катышуу. Экология көйгөйлөрү жөнүндө баарлашуу, адамдардын чөйрөсүндө агартуучулук иштерин жүргүзүү жана жаныбарлар менен өсүмдүктөргө сый-урмат мамиле жасоо планетага кам көрүү маданиятын түзүүгө жардам берет. Ар бир адамдын кичинекей кадамдары чоң өзгөрүүлөргө алып келет.

Дагы караңыз

Көрүүлөр: 5421
Талкулоо Оңдоо / Тууралоо