Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Карл Маркс (1818-1883)

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Карл Маркс (1818-1883)

Карл Маркс Германиянын Трир шаарында туулган. Маркс Европада буржуазиялык революциялар жетиле баштаган дүрбөлөңдүү жылдарда өсүп, эр жеткен. 1841-жылы Маркс Берлин университетин бүткөн. 1844-жылы жайында Карл Маркс менен Фридрих Энгельс Парижде кезигишет. Экөөнүн эч кандай кыйынчылыктар козголто албаган мыкты достугу дал ошондон кийин башталган, ошондон баштап алар дайыма бирге болушкан. 1847-жылы коммунисттердин Союзу түзүлгөн. Бул Союздун программасын жазуу иши Маркс менен Энгельске тапшырылган.

1848-жылы бир катар европалык өлкөлөрдө буржуазиялык революциялар чыга баштаган, ошол кезде тез эле белгилүү болгон Коммунисттик партиянын манифести пайда болгон. 1849-жылы Маркс үй-бүлөсү менен Англиянын борбору Лондонго көчүп кетүүгө аргасыз болгон, анда өмүрүнүн акырына чейин жашаган. Маркс менен анын үй-бүлөсүнө жардам берүү үчүн Энгельс 1850-жылы Манчестерге көчүп келип, бай фабрикант атасынын кеңсесине жөнөкөй кызматкер болуп орношот. Ал өзүнүн жупуну маянасынын көбүн узак жылдар бою Маркска жиберип турган. Мына ушунун натыйжасында гана К. Маркс өзүнүн негизги илимий эмгеги - Капиталды жаза алган. 1864-жылы ал ар түрдүү континенттин жумушчуларын бириктирген дүйнөдөгү жумушчулардын биринчи эл аралык шериктигин - Интернационалды түзгөн.

1871-жылы март айында Парижде пролетардык революция жалбырттап Париж коммунасы түзүлгөндө Маркс коммунарларга жардам көрсөтүүгө ашыккан. Аларга ишенимдүү адамдар аркылуу жиберген каттарында жана оозеки нускоолорунда Маркс коммунарларга кеп-кенешин айтып, башка өлкөлөрдүн жумушчуларын коммунарларга жардам көрсөтүүгө чакырган. Маркс Россияда революциялык кыймылдын өнүгүшүнө зор ыклас менен көз салган, орус тилин үйрөнгөн. Ал Пушкинди, Лермонтовду, Гоголду жана Салтыков-Щедринди жогору баалаган. Орус революционери менен байланышта болуп, Чернышевский менен Добролюбовду терең урматтаган.

Тагдырына туура келген кыйынчылыктарга карабастан, Маркс бактылуу болгон. Ал алдына койгон максаты үчүн күрөшүүнү бакыт деп эсептеген. Маркс менен бирге жашап, бирге күрөшкөн адамдар: керек болсо жанын да аябаган өмүрлүк жары жана жардамчысы Женни, чечкиндүү революционерлерден болгон кыздары, достору менен пикирлештери, алардын ичинде өтө кымбаттуу досу жана максатташы Фридрих Энгельс болгон эле.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 3133, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу