Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Эркиндик баа жеткис байлык

Баш барак | Башкалар | Эркиндик баа жеткис байлык

Эркиндик (англисче freedom) — өзүнүн иш-аракеттеринин аныктоочу себептери (балким кесепеттери) болгон субъектинин абалы, башкача айтканда, алар (себептер) башка факторлор менен шартталбайт, анын ичинде, табигый, социалдык, жеке-коммуникативдик жана индивидуалдык-тукумдук.

Жөнөкөй сөз менен айтканда бул ар бир адамдын жоопкерчилиги, ооба бул парадоксалдуу угулат, бирок, бул чындык, жана муну ар ким, ар кандай түшүнөт. Бирөөлөр үчүн бул каалаган нерсени жасоо, экинчилери үчүн тескерисинче эч нерсе жасабоо, үчүнчүлөрү үчүн өз оюн эркин билдирүүнү түшүндүрөт, башкалары үчүн эч кимден көз каранды болбоо, кээ бирлерине каалаган нерсени жасай алган эмес, жасагың келбей турган нерсени жасай алсаң эркиндик.

Эркиндик

Өспүрүмдөр ата-энесинен көз каранды болбогон эркиндикти кыялданышат, бойго жеткен адам ишин тоскоолсуз жасоону эркиндик катары көрөт.

Кандай гана болбосун «эркиндик» — бул инсан үчүн маанилүү жана зарыл нерсе экени анык.

Бул терминдин юридикалык, философиялык жана психологиялык түшүндүрмөсүн карап көрөлү.

Кыргыз Республикасынын Конституциясындагы адам эркиндиги
КРнын Конституциясы ар бир жаранды эркиндик менен камсыз кылып, турмуштун түрдүү аспектилериндеги өз абалын өзү аныктап алууга кеңири мүмкүндүк берет. Башкача айтканда КРнын жараны "мыйзам чегинде" анын кызыкчылыктарына шайкеш келген жеке тандоого укуктуу.

Мисалы, адам кайсы динге ишенерин же атеист болоорун өзү тандап, анын тандоосуна эч кимдин тоскоолдук кылууга укугу жок. Укук тармагында эркиндик менен укук бири-бирине тыгыз байланышта болот.

Жарандын укуктары жана эркиндиги

1.Мунун баары Кыргыз Республикасынын башкы документинде так классификацияланган:

Мыйзамдар өзгөрүп кетиши мүмкүн, жана актуалдуу мыйзамды официалдуу мамлекеттик сайттардан кароону сунуштайбыз.

Башында айтып өткөндөй юридикалык жаатта эркиндик менен укук ушундай жана башка көптөгөн Конституциянын мыйзамдары менен байланышта болот. Эгер бардык жеке укуктарды жана эркиндиктерди чогултуп бириктирсек төмөнкүдөй көрүнүшкө ээ болобуз: Мен КРнын жараны катары, өз оюмду эркин айтып, мага зарыл болгон маалыматтарды чогултуп (башкалардын укугун бузбай), кандай гана болбосун тиричилик кылууга, тоскоолдуксуз өз өлкөмдүн башка шаарларына барууга, ошондой эле каалаган чет өлкөлөргө чыгууга укуктуумун. Мен өз өлкөмдүн мыйзамына баш ийген инсан болгонуна байланыштуу, эч ким мени кармоого жана физикалык эркиндигимен ажырата албайт.

Ошондой эле эч ким мени кыйнап, зордоп же менин адамдык аброюма, диний ишенимиме, тилиме, улутума шек келтире албайт. Үйүмө чакыруусуз келүү, тымызын билдирүүлөрүмдү окуп, сүйлөшүүлөрүмдү тыңшоого жол берилбейт.

2.Саясый укуктар жана эркиндиктер жарандарга өз өлкөсүн жана коомду башкарууга мүмкүндүк берет. Аларга төмөнкүлөр кирет:

3.Социалдык укуктар - бул жерге жаранга татыктуу жашоодо жашоого мүмкүндүк берген бардык нерселер кирет:

4.Экономикалык укуктар:

5.Маданий укуктар жана эркиндиктер инсанга эркин ички дүйнөсүн байытууну камсыз кылат:

Философиялык эркиндик

Философияда эркиндик бирден-бир борбордук түшүнүктү чагылдыруучу жана бүгүнкү күнгө чейин аныктамасы так. Мунун себеби терминдин ача түшүндүрүлүшүндө. Мисалы, жаңы төрөлгөн адам негизинен эле эркин болот: ал кул эмес, жана эч кимге милдеттүү эмес.

Экинчи жагынан караганда, ал эркин эмес, анткени, барыбир социум (ата-эне, коом) жана табият (биз кычкылтектен, климаттан, суудан, тамак-аштан көз карандыбыз) менен байланышта. Баланын ата-энеси аны чоңойтуп, курсагын тойгузуп, татынакай кылып кийинтип, тарбия берет, ал эми жер титирөө же суу ташкын анын же миңдеген башка адамдардын өмүрүн алып коюшу мүмкүн.

Философияда эркиндик тандоону божомолдойт — башкача айтканда адам өз кызыкчылыгы үчүн жана андагы болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп жасоочу иш-аракет. Кудурет канчалык чоң болсо, ошончолук эркиндик тандоолору көп. Бирок бул айтылгандар адамдын чечимдери жана иш-аракетинен чыккан жоопкерчилик көйгөйүн жаратат.

Мисалы, эркин өлкө деген АКШны алсак, ал жакта сен эмнени кааласаң ошону жасай аласың, бирок башкалардын укугун бузбашын керек деп айтылат. Эркиндик бул өзүң кабыл алган жоопкерчилик.

Мисал келтирели, айнек, таш жана адам, адам ташты алып, айнекти талкалаганга күч кубаты (кудурети) жетет, бирок анда аны талкалоо же талкалабоо тандоосу бар. Ушул эле кырдаалды кичинекей наристе менен карасак, абал такыр башкача болот: наристе ташты көтөрүп, айнекке түз сого албайт. Чоң адамда тандоо эркиндиги көп, кааласа талкалайт, каалабаса талкалабайт, ал эми наристете ал жокко эсе.

Ушул жерден жоопкерчилик жөнүндө айталы: эркиндик менен кошо жоопкерчилик дагы өсөт: айнекти талкалоо менен адам түрмөгө түшүп калышы мүмкүн, же айып акча төлөйт, же үйдүн ээсинен таяк жейт.

Философиялык эркиндикти кыскача айтсак мындай: сен эркинсиң, бирок эркиндигиң үчүн жоопкерчиликтүүсүң.

Психологиялык эркиндик

Психологияда эркиндик кандай? Мында көбүн эсе тышкы эмес, адамдын ички эркиндиги мааниге ээ. Түздөн-түз адамдын егосу (мен дегени) менен байланыштуу, тагыраак айтканда саламат эго менен: биздин каалоолорубуз жана талаптарыбыз.

Бала кичине кезинде, анын эгосу таза, ал өзүн оюндагысын көрсөтөт, айтат: кызыккан нерсесин кармалайт, каякта болбосун ойлонбостон шымын булгап коет дегендей. Курсагы ачса тамак сурайт, ыйлайт.

Жаш өткөн сайын наристе болбойт/болот, жакшы/жаман дегендерге көбүрөөк чалдыгат: анын ички эркиндиги ичкерип, чектелип, бирок ошол эле убакта жасаган иши үчүн жоопкерчилиги кеңейип, "тандоо" түшүнүгү келе баштайт.

Үй тапшырмасын аткардыңбы, демек беш аласың, азамат, классташыңды сабадыңбы - жамансың. Ушинтип наристелерден "ыңгайлуу" бойго жеткен адамдар пайда болот, алардын ички эркиндиги абсолюттук эркиндиктен "шарттуу эркиндикке" оойт.

Ички эркиндик жөнүндө шарттуулук чегинде да айтсак болот, анткени, кээ бир адамдар өзүлөрүнө айтылгандарга да жол бербейт. Бул адамдын каалаган нерсесин айтуу же жасоого каалоосу жоктугунан, коркунучтан чыгат.

Силер эркин эмессиңер, эгер:

Эркин инсан бул — бир нерсени каалап, тандап анан иш-аракет кылган адам. Жана айтып коюуу керек, мындайлар аз.

Мунун себеби, эркиндик - адамдын келечеги үчүн кандайдыр бир санааны, тандоонун натыйжалары менен байланыштуу жоопкерчилик коркунучун жаратат. "Эгер мен чоңума жакшы сүйлөбөсөм, ал мени жумуштан кетирет", "колуман келбей калсачы? акча, убакыт текке кетет", "досума жардам бербесем, ал мага да жардам бербей коёт (чыныгы дос андай эмес, муну өзүнчө макалабыздан окуп алыңыз)", "ишембиликке чыкпай койсом, мени кесиптештер куугунтукташат" жана башка толгон токой ушул сыяктуулар.

Бирок, капа болбогула, алдын ала айтып коёлу — бул дүйнөдө бир дагы адам эркин эмес, бардыгыбыздын көз карандылык нерселерибиз бар, алардын эң жөнөкөй жана табигый көз карандылыктары: аба, тамак-аш, уйку, жылуулук ж. б. Бул тууралуу төмөнүрөөк айтып өтөбүз.

Абсолюттук эркиндик

Кандай гана жомоктогудай сонун иллюзия, көп адамдар ушундай эркиндикти самашат. Эркиндик өзү эмнени түшүндүрөт? Эркин болуу, демек, бардык нерседен көз каранды эмес болуу — адамдардан, буюмдардан, милдеттерден, эрежелерден, жоопкерчиликтен мунун баары адамды чынжыр кишен сыяктуу кармайт... А чындыгында абсолюттук эркиндик жок. Негизинен эле болушу мүмкүн эмес. Адам баласы барыбир кайсы бир нерседен же шарттан көз каранды болот. Ал эми турмуштагы көз карандылыктарыңарды азайта алсаңар бул башка кеп. Кантип азайтуу керек? бул дагы таптакыр башка темадагы сөз, эгер өзүңөр ойлонгуңар келсе, жашоодогу баалуулуктарыңарды жана приоритеттериңерди орундарын которуштуруп көргүлө.

Эркиндик, менимче, бул — дайыма акыл-эс менен жасалган тандоо. Канчалык адамдын тандоо варианттары көп болсо, ал ошончолук эркин. Кай бир мааниде эркиндик — жеке жашоону башкаруу мүмкүндүгү. Албетте, эркиндик сөзсүз эле бир нерсени жоопкерчилик менен жасоону түшүндүрбөйт, кээде ал жакпаган нерсени жасаганды токтотууну да туюнтат.

Эркин тандоо гана инсанды жаратат. Адамдын эркиндиги — өзүнүн мүмкүндүктөрүн эркин колдонууда. Келесоолор гана ээн баштыктыкты эркиндик деп аташат.

Жашоодо түрдүү мисалдар абдан көп, кээ бирлери эркиндиктин ордуна тынчтыкты жана туруктуу (стабилдүү) жашоону каалайт. А эмне? бул дагы тандоо. Эркин тандоо.

Эркиндик жонундо түшүнүк дайыма эки маанилүү болот, ошондуктан макаланын башында айткандай ар ким ар кандай түшүнөт, бирок негизгиси — жоопкерчилик жана тандоо.

Жайгаштыруу: 2019-10-08, Көрүүлөр: 6747, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2024-02-11
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу