Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Аристотель

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Аристотель

Биздин заманга чейинки 384-322-жылдар. Биздин заманга чейинки 4-кылымдын башында грек философу Платон мектеп ачкан. Ал Академия деп аталчу, анткени Платон өз шакирттерине сабакты көлөкөлүү бак ичинде уламыштагы баатыр Академдин статуясынын жанында өтүүчү. Шакирттердин бири Стагир шаарынан эле. Ал бир нерсеге жөн эле ишене калчу эмес, устатынын айткандарынын баарын өзүнчө ойлонуп, териштирип текшерүүгө аракет кылчу. Ал дайыма Платон досум, бирок акыйкат андан артык деп айта турган. Бул шакирт - Аристотель болуучу. Ал кезде адамдар айлана-тегерегиндеги дүйнө тууралуу өтө эле аз билишчү. Аристотель мүмкүн болушунча көп билүүгө аракет кылган, ошол кездеги окумуштуулардын билгендеринин баарын жыйнап, дүйнө, табият жөнүндөгү бир илимге бириктирүү максатын койгон. Бул максатын ишке ашыруу үчүн ага тарыхчы, географ, биолог, физик, педагог жана врач болууга туура келген. Аристотель көп ачылыш жасап, жаңы илимдерге, мисалы, аба-ырайы жөнүндөгү илимге - метеорологияга негиз салды.

Ал биринчилерден болуп жер менен ай тоголок деген жыйынтыкка келген. Шамалдын жана деңиз агымдарынын пайда болуш себебин түшүндүргөн, адам менен маймылдын окшоштугун белгилеген, ооруларды дарылоонун жаңы жолдорун тапкан, туура ой жүгүртүү жөнүндөгү илим - логиканын негиздерин түзгөн. Аристотель философ да болгон, мамлекеттин негизи, адамдын жашоосунун максаты жөнүндө терең ой-пикирлерди айткан. Албетте, Аристотелди бардык жагынан туура деп айтууга болбойт. Ал жаңылыштыктарды да кетирген, мисалы, ааламдын борбору жер деп эсептеген. Аристотель илимдин өнүгүшү үчүн көп эмгек сиңирди. Анын эң башкы салымы - табиятты изилдегиси келген окумуштуу кандай иштөөсү керек экендигин көрсөткөндүгү. Ал биринчилерден болуп жаныбарларга тажрыйба жасап, табият кубулуштарына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүнү биринчи уюштурган, биринчи болуп илимий коллекция жыйнаган.

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 13803, Өзгөртүлгөн: 2016-05-22, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо