Жоопкерчилик — адам тарабынан бир нерсени сактоо же ага көмөктөшүүгө түз же кыйыр багытталган чечимдерди жана иш-аракеттерди кабыл алуу үчүн аныкталуучу негиз катары кабыл алуучу (ретроспективдүү же перспективдүү) адамдын бир нерседен көз карандылык мамилеси. Жөнөкөй сөз менен айтканда жеке иш-аракеттерге же тескерисинче эч нерсе кылбай койгон нерсеге жооптуу болуу ыгы. Жоопкерчилик объектиси катары башка адамдар, анын ичинде келечектеги муун, жалпылык, ошондой эле жаныбарлар, айлана-чөйрө, материалдык, социалдык жана руханий баалуулуктар ж. б. болушу мүмкүн.
Абал (мартаба же статус) менен шартталган жоопкерчилик, адам тарабынан таанып билүү катары кабылданат, макулдашуу менен шартталган жоопкерчилик — милдет катары. Милдет жоопкерчилиги эки ача болушу ыктымал:
Жоопкерчилик идеясы эркиндик (эрк, чечим кабыл алуу, эркин иш-аракет), тагуу (орусчасы вменять) жана айыптоо темаларынын байланышында өнүгөт. Классикалык философияда ал, ушул гана контекстте козголуп, жана дайыма эле терминологиялык жактан калыптанган эмес. Жоопкерчиликти түшүнүү, эркиндикти түшүнүүдөн көз каранды; адам ишмердүүлүгүнүн детерминисттик көз карашында жоопкерчилик таанылбайт (мисалы, Б. Скиннердин бихевиоризминде). Эркиндик — жоопкерчиликтин шарттарынын бири, ал эми жоопкерчилик — эркиндик көрүнүштөрүнүн бири.
Жоопкерчилик, адамга коюлган иш-аракеттердин жана талаптардын маалымдуулугун божомолдойт: кайсы бир A болсун дейли, эгер Б (окуя же иш-аракет) атайын жана мүмкүн болуучу кесепеттерди билүү менен жасалса, Бнын иш-аракетине же окуясына А жоопкерчиликтүү. Бирок, билбестик дагы, Аристотель көрсөткөндөй, кээ бир учурларда сот тарабынан адамга айып катары тагылышы мүмкүн, мындай учурда ал эки эсе жаза тартат. Талаптарды бузгандыгы үчүн жазалоо жоопкерчилигинин тең салмактуулугун белгилөө жаза саналбайт, бир гана укук жана милдеттердин тең салмактуулугун камсыз кылуучу санкция (Дж. Ролз).
Эркиндик жана детерминизм жөнүндөгү заманбап дискуссияларда аналитикалык философтор көбүнчө моралдык жоопкерчиликти талкуулашат, айтылуу, базалык кылган иш. Бул моралдык агенттин каалаган кылган ишин же уяттуу, же мактоочу же нейтралдуу деп баалоого мүмкүн болгон жоопкерчиликтин примитивдүү формасы.
Этика жоопкерчилигинде дүйнө, анын бардык кемчиликтери менен кабыл алынып, жана ошондуктан, мындай этиканын жактоочусу максаттарды ишке ашыруу каражаттарына өзгөчө көңүл буруп, өзүнүн мурунтан көрө алган же көрө билүүгө милдеттүү болгон иштери үчүн толук жооп берүүгө даяр.
Моралдуулуктун туюнтмасы жана иш-аракеттердин негизи катары жоопкерчилик, ишенгендиктен (же көзү жеткендиктен) айырмаланып турат. «Көз караш этикасы» менен «жоопкерчилик этикасын» белгилөө М. Веберге өзүн алып жүрүү багыттын эки түрүн айырмалоого мүмкүндүк берген. Ошону менен бирге, айтылган нормативдик өзүн алып жүрүү багыттар бири-бирине каршы келбей, тескерисинче толукташат, алардын ортосунда негиздүү айырмачылыктар бар. Ишеним (же ынандыруу) этикасы — жакшы болууга тайманбас умтулган абсолюттук этика; каалаган диний этика анын так аныктамаларында ушундай. Бул этиканын жактоочусу максаттардын бийиктигине кам көрөт — жана өзүнүн аракеттеринин натыйжасынын мүнөзүнө жооп берүүгө умтулбайт. Жоопкерчилик этикасынын тажрыйбалык мүнөзү, объективдүү жыйынтыктарга, багытталышы, саясый же чарбалык ишмердүүлүк алкагында анын өзгөчө актуалдуулугун шарттайт.
Укук жаатында жоопкерчилик объектиси мыйзам болот. Жоопкерчилик шартталышы мүмкүн:
Жазык, административдик жана жарандык-укуктук жоопкерчилик эмне менен шартталган? Акыркысы жогоруда айтылган келишимдик мамилелер учурунда гана колдонулбастан башка жааттарда да болушу мүмкүн.
Ошондой эле, заманбап социалдык теория жана укук философиясында «корпоративдик жоопкерчилик» маселеси коюлуп келет, башкача айтканда, конкреттүүлүгүндө индвиддер тарабынан жасалып, бирок ал индивиддердин институттарга, уюмдарга, мамлекетке таандыгы алдын ала аныкталбай жасаган иш үчүн жоопкерчилик ж. б. Буга «биринчи себеп» (first causes) концепциясына таянган жана тыянак чыгарууга көрсөтүлгөн көз караш бар, анда, каалаган иш-аракеттер адамдар тарабынан жасалып, жана ар бир адам жасаган ишинин кесепеттерине өзү жоопкерчиликтүү болушу керек. Жамааттык түрдө жасалган иштердин жасоочуларынын (институт, корпорация, уюм, уюшкан топ) иштери терс кесепеттерге ээ болсо, жоопкерчиликти конкреттүү аткаруучулар жана башкаруучулар тартышы керек. Ушундай көз карашга ылайык, корпоративдик ишмер өзүнүн ишмердүүлүгүндө таанылган юридикалык жак катары жооптуу, башкача айтканда, ниети, мотивдери жана кызыкчылыгы бар ушундай субъект жана агент, ошондой эле, түзүлгөн келишим же максаттын милдеттенмелерин алган укук же милдеттер менен шарттарлган уставдагы эскертмелер.
Жоопкерчилик — бул окуялардын жүрүшүнө таасир этүүчү мүмкүндүк же ык. Субъект боюнча жоопкерчилик жеке жана жамааттык, жарандык жана юридикалык ж. б. болуп бөлүнөт.
Илимий адабиятта жоопкерчилик көп учурда отчёттуулук (accountability) жана акыл-эстин жайындалыгы (immutability) менен түшүндүрүлөт. Юридикалык илимде жоопкерчилик феномени негизинен жазалануучулук (punishability) жагында изилденет. Жоопкерчиликти жана анын ишке ашырылуусун мындай бир жактуу түшүнүү, социалдык өз ара аракеттенүүнү тууралоо чөйрөсүндө кыйла деформацияларга алып келет. Чет өлкөлүк теорияларда жана тажрыйбада, белгиленген маанилерде, жоопкерчилик (responsibility) феномени кыйла көп маанини камтыйт — жоопко белгиленгендүүлүк (liability), жооп берүүчүлүк (answerability), акыл-эстүүлүк (reasonability), тактык, аныктык (precision), көз карандылык (dependability) жана башкалар.
«Жоопкерчилик» терминин биринчилерден болуп илимий колдонууга, аны «жазалануучулук» планында түшүндүрүп Александр Бэн киргизген. Көп убакытка чейин жоопкерчилик маселеси ушул аспектте көбүн эсе укук таануучулардын көңүлүнүн предмети болгон. Заманбап укук теориясында жоопкерчилик эки түргө бөлүнөт — оң (позитивдик) жана терс (негативдик). Оң (позитивдүү) жоопкерчилик коомго оң келген функцияларды жасоо милдетинен пайда болуп, тууралоочу укук мамилелеринен ишке ашырылат, мында милдеттүү жак отчёттуулук жана көзөмөл алдындагы абалда болот, ал эми терс (негативдүү) жоопкерчилик — укук бузуучу тарабынан укук бузуу жасалганына байланыштуу пайда болуп, мындай адам жасаган иши үчүн буга ылайыкт келген укуктук санкцияларга тартылат. Бул, укуктук жоопкерчиликте анын эки жагын бегилөөгө мүмкүндүк берген: проспективдик — тигил же бул максатка, натыйжага жетүү кызыкчылыгында, абалына ылайык (укуктар жана юридикалык милдеттер тарабынан берилген) жасалган же жоромолдонгон активдүү, инициативдүү ишмердүүлүк үчүн, жана ретроспективдик — укук бузгандыгы үчүн. Жоопкерчиликтин эки аспектиси комплекстик изилдөөнү талап кылат деген укук таануучулар тарабынан айтылган ой дагы көңүл бурууга татыктуу.
Жоопкерчилик — инсанга көздөгөнүнө коопсуз жетүүгө аларды аткарганда гана мүмкүндүк берген иш-чаралардын жыйындысы.
Жоопкерчилик — бул бир нерсе жасаарда, анын бардык кесепеттерин (жакшы же жаман) сезип, туюп, билип туруп жасоо.