Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Маданият деген эмне

Баш барак | Бул ким, ал эмне | Маданият деген эмне

Маданият — бир нече аныктамаларга ээ болгон татаал термин. «Маданият деген эмне», бул суроого көптөгөн жылдар бою жооп издешкен. Маданияттын негизги жана кошумча түрлөрүн төкпөй-чачпай айтып берели.

Мазмуну

Маданият (латынча — тарбия, тарбиялануу) — көп түшүнүктү жана ар кандай тармактарды ээлеген көп кырдуу термин. Көп учурда адамдын өзүн-өзү байытууга байланыштуу болгон тигил же бул тармактагы иши.

Негизги түрлөрү

Маданиятсыз адамды көпчүлүктүн арасынан аныктоо абдан оңой. Алардын ичине кийинкидей белгилер кирет: сабатсыз сүйлөө, бейтааныш адамга сен деп кайрылуу, цензурасы жок лексика. Дасторкон үстүндө отурганда чалпылдап тамак ичет же чайнайт, оозуна тамак салып алып сүйлөйт жана башка ушул сыяктуу көп белгилер кирет.

Ички маданият — адамдын биринчи 20 жыл жашоосунун ичинде калыптануучу моралдык жана нравалык негиздер. Ички маданият өзүнөн өзү калыптанбайт, ага тышкы факторлор таасир этет, алар: ата-эненин тарбиясы, курбу-курдаштар, мугалимдер ж. б.

Коомдук маданият — эл ичинде көп жылдар бою калыптанган өзүн-өзү алып жүрүү факторлору. Буга иш-чаралар, архитектура, живопись жана башакалар кирет.

Кайсы бир конкреттүү багыттагы маданият — бул кайсы бир конкреттүү кырдаалдагы өзүн-өзү алып жүрүү маданияты. Мисалы, «кеп маданияты» дегенди көп учурда укса болот. Бул фразаны төмөнкүдөй интерпретация кылса болот: адамдын сүйлөө манерасы, башка адамдар менен канчалык сүйлөшө билүүсү.

Окумуштуулардын көз карашы менен

Маданиятты изилдеген абдан көп илимдер бар. Мисалы, Философия илиминде этика аталган өзүнчө багыт бар, ал нравалык жана морал түшүнүктөрү менен бирге маданиятты изилдейт. Этнограф окумуштуулардын ою боюнча, маданият — бул кылымдар бою калыптанган жан-дүйнө этносунун өндүрүш жана коомдук тармактардагы жетишкендиктери. Конкреттүү коомдун мүчөлөрү кандай моралдык принциптерге ээ, өзүнүн жана башка элдин мүчөлөрү менен кандай мамиле түзүшөт, дал ушул нерсе маданиятты аныктайт.

Байыркы ойчулдардын ою боюнча

Байыркы дүйнөдө «маданият» деген сөз бир нече мааниге ээ болчу:

Маданияттын көп кырдуулугу

«Маданият деген эмне» суроосуна бир маанилүү жооп берүү мүмкүн эмес. Маданият жөнүндө социологдор, культурологдор, психологдор жана башка көптөгөн адистер ой-толгоо кылышат, жана булардын ар бирине маданият деген сөз ар башканы билдирет. Негизи энциклопедияда маданият — адам ишинин мүнөздөмөсү деп жазылат. Бул аныктама көп адамдарга жага бербесе керек, кичине болсо да көркөм жана элеганттуу аныктама бир монологдо айтылат. Ал мындай — маданият биздин кылган ишибизди, өсүп келе жаткан муундун жүрөгүндөгү жана жан-дүйнөсүндөгү изибизди ченейт.

Ушундай ар түрдүү маданият

Маданият бул...

Дал ушул акыркы пунктту биз мектепте окуйбуз. Ал жакта маданият дүйнөгө болгон көз караштар жыйындысы катары, адамдар жакшы деп эсептеген нерсе окутулат. Маданиятка фолклордук чыгармалар (ырлар, тамсилдер, жомоктор, лакаптар), адабий чыгармалар (ыр саптары, поэмлар, аңгемелер, эпостор), драматикалык чыгармалар (пьесалар ж.б.), кинематография чыгармалары (көркөм, документалдуу фильмдер ж.б.), диний ырым-жырымдар жана башкалар кирет.

Маданияттагы өзгөрүүлөр жана алардын себептери

Маданият өзгөрүүлөрүнүн факторолору:

Маданияттын жайылуу жолдору

Маданияттын жайылуусунун көптөгөн жолдору бар. Көптөгөн техникалык каражаттардын жана социалдык институттардын жардамы аркылуу ишке ашырылат.

ММК, илим, искусство социалдык институт катары, билим берүү, үй-бүлө, түрдүү коомдук бирикмелер, мамлекет жана башкалар маданияттын жайылуусунун каналы болушу мүмкүн. Түрдүү салтанаттар, салттык жана ритуалдык актылар (нике кыюуу, той-аштар) жана башкалар дагы маданий баалуулуктарды таратуу жана кабыл алуунун жолдору катары боло алат.

Ошондой эле кийинкидей маданий инновациялардын кыймыл аспектилерин белгилешет: триаждоо, сублимация, проекция, индентификация, булар маданияттын социалдык-психологиялык өткөрүү механизмдерине, кабыл алуусун, түшүнүүсүн, жайылууларын көрсөтөт.

Маданияттагы өзгөрүүлөрдү доор менен байланыштырат: алгачкы маданият, байыркы дүйнө маданияты, орто кылым маданияты, ренессанс жана жаңы мезгил маданияттары. Бардык баскычтарга өзүнүн белгилүү бир өзгөчөлүгү мүнөздүү, алар жөнүндө чексиз кеп кылса болот. Маданият жонундо маалымат берүү үчүн «Маданият деген эмне» аттуу кыскача маалыматыбыз ушундай, көрүшкөнчө достор.

Жайгаштыруу: 2018-04-03, Көрүүлөр: 74127, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2021-03-31
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо