Байыркы римдиктер Вулкан деп аталган от кудайына сыйынышкан. Бул кудай жер алдында жашаган имиш. Ал каарданганда теребел силкинип, жер астынан от чачырап, түтүн чыга турган. Кыязы, мындай кудайды Италиядагы Везувий же Этна тоолорунун от бүрккөнүн көргөн адамдар ойлоп чыгарышса керек. Ошондон тартып, мындай тоолор вулкан деп аталат. Кыргыздар аны жанар тоо дейт. Жерде алардын саны алты жүздөн ашуун. Өзгөчө коркунучтуулары Камчаткадагы Авача жана Ключи сопкалары (Россия), Везувий (Италия), Исалько (Сальвадор), Мауна-Лоа (Гавай аралдары) жана башкалар. Жанар тоолор узак жылдар бою уктап жатышат.
Жаракалардан сызылып чыккан жүлүндөй түтүн менен буу гана жанар тоо ойгонушу мүмкүн экендигин эскертип турат. Анан капилеттен жер дүңгүрөп, күркүрөгөн үн чыгат. Бир балакеттин болорун сезген айбанат, канаттуулар оолак качышат. Кратерден - тоо чокусундагы аңырайган оюк чуңкурдан күл аралаш уюлгуган кара түтүн оргуштап, жанар тоону булут чулгайт да, күрс-тарс эткен үн чыгат. Теребел караңгылайт. Кыпкызыл ысык таштар - жанар тоо бомбалары өйдө карай атылып жатканы гана көрүнөт. Баарынан коркунучтуусун эми күтүү керек.
Кратерден лава - эриген тоо тектери агып чыга баштайт. Оттуу дарыя жолундагы бардык нерселерди куйкалап кетет. Муздагандан кийин таш катмарга айланып жер бетин каптап калат. Лава ондогон чакырымга чейин агат. Жанар тоо акырындап тынчып, кайрадан уйкуга кирет. Андан жүздөгөн чакырым аралыктагы жерлерге да шамал айдаган күл бир топ күн бою себелеп түшүп турат. Жанар тоо эмне үчүн атылат?
Жердин терең түпкүрүндө радиоактивдүү заттары бар тоо тектери катуу ысып, оттуу суюк массага - магмага айланат. Магма газдарга каныккан болот. Газдар абдан катуу кысылгандыгынан, магманын өтө ысыктыгынан анын үстүндөгү тоо тектеринде жарака кетет. Ошол жарака аркылуу магма жер үстүнө агылып чыгат.