Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Туз жонундо маалымат

Туз деген эмне

Туз деген эмне? Бардык тамак-ашты, ал гана эмес нанды да башка азык менен алмаштырууга болот. Бирок тузсуз жашоого мүмкүн эмес. Бул алмаштырууга мүмкүн болбогон бирден-бир азык.

Медиктер адамдын организминде туз жетиштүү болбосо, анда зат алмашуусу бузула тургандыгын аныкташкан. Эгерде тирүү жандык тузсуз калса, өлүмгө дуушар болот. Бактыга жараша, жаратылышта ал жеткиликтүү. Биздин өлкөдө таш тузу ар кайсы аймактардан илгертен эле казылып келген.

Жер астынан туз алуу үчүн терең шахта казылып, алар коридор аркылуу туташтырылат. Жер астында жаткан туздуу катмардын калыңдыгы бир - бир жарым чакырымдай болот. Туз көп убакыт бою тапталып жатып өтө катуу болуп калган, ошондуктан ал таш туз деп аталат. Туз жер астынан гана эмес, соолуп калган же сооло элек туздуу көлдөрдүн түбүнөн да алынат. Машиналар менен көлдөн суу сордуруп алышып, аны бууландыргандан кийин таза, ак туз калат.

Туз жонундо кызыктуу фактылар:

Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 4202, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2023-04-17
Талкулоо/Пикирлер