Гимнастика


Гимнастика (байыркы грекче γυμναστική, γυμνάζω сөзүнөн — «машыктыруу, көнүгүү», γυμνός сөзүнөн — «жылаңач») — спорттун жана дене тарбиянын белгилүү түрлөрүнүн бири.

Мазмуну
Гимнастика
Айша Изабекова
Кыргызстандын көркөм гимнастчысы Айша Изабекова (сүрөт булагы)
Дүйнөдө машыккандар (орточо)1 000 000 000
Эл аралык федерация
АталышыЭл аралык гимнастика федерациясы

Жалпы маалымат

Байыркы Грециянын атлеттери — жөө күлүктөрү, найза, ядро ыргытуучулары, мушташуучулары мелдешке кийимсиз чыгышчу. Ал эми грекче гимнос - жылаңач дегенди билдирет. Ушундан улам илгери кийимсиз аткарылуучу көнүгүүлөрдүн бардыгы гимнастика деп аталган.

Биздин заманда гимнастика — айтылганда эле спорттун бир түрү. Бирок гимнастиканын ар кандай түрү болот: зарядка жасасаңар, бул эртең мененки гимнастика. Фабрика же мекемелерде беш минуталык тыныгууда, бардыгы бир нече көнүгүү жасашат, бул өндүрүштүк гимнастика болот, врачтын жетекчилигинде аткарылып, оорулуунун сакайышына көмөкчү болгон гимнастика дарылоо гимнастикасы деп аталат.

Бүт спортсмендер: жеңил атлеттер, сууда сүзүүчүлөр, футболчулар, штангачылар жана башкалар гимнастика жасашат. Эгер машыгуусуна гимнастикалык көнүгүүлөрдү кошпосо, булардын бири да женишке жете албайт. Бул көнүгүүлөр жардамчы, машыктыргыч деп аталат да күчтүү, ийилчээк болууга, кыймылдын ыкчамдыгына көмөкчү болот.

Өзүңөр көргөндөй, гимнастика күчкө күч кошуп, көңүлдү көтөрөт, ден соолукту чыңайт. Спорттук чеберчиликти арттырат. Гимнастиканын спорттук гимнастика деген да түрү бар. Бул көнүгүүлөр гимнастикалык снаряддарда (атайын жабууларда) жана килем үстүндө жасалат.

Эркектердин гимнастикасында аялдардыкына караганда снаряддары көбүрөөк болот. Ал эми аялдар болсо музыканын коштоосу менен аткарыла турган гимнастиканын кызыктуу түрү — көркөм гимнастиканы аткарышат.

Гимнасттардын эң жогорку наамы — абсолюттук чемпион.

Спорттук гимнастикага кийинкилер кирет:

  • Спорттук гимнастика
  • Спорттук акробатика
  • Эстетикалык гимнастика
  • Топтук (командалык) гимнастика
  • Көркөм гимнастика

Негизги гимнастиканы жалпы физикалык өнүгүү жана ден соолукту чыңдоо, кыймылдын негизги көндүмдөрүн өздөштүрүү үчүн колдонушат. Негизги гимнастика төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • Таңкы гимнастика
  • Гигиеналык гимнастика (ошондой эле, аэробика, фитнес)
  • Атлетикалык гимнастика

Гимнастиканын прикладдык түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:

  • Өндүрүштүк гимнастика
  • Профессионалдуу-прикладдык гимнастика
  • Спорттук-прикладдык гимнастика

Спорттук гимнастика

Спорттук гимнастика — спорттун эң байыркы түрлөрүнүн бири, ал өзүнө түрдүү гимнастикалык снаряддардагы мелдештерди, ошондой эле, эркин көнүгүүлөрдү жана таяныч секириктерин камтыйт. Учурда эл аралык турнирлерде гимнасттар байгелердин 14 топтому үчүн ат салышат: экөө топтук зачётто (аялдар жана эркектер), экөө абсолюттук жеке биринчиликте (аялдар жана эркектер) жана оноо ар тараптуу өзүнчө түрлөрдө (4 — аялдар арасында, 6 — эркектерде). Олимпиада оюндарынын программасында 1896-жылдан бери. Гимнастика спорттун көптөгөн түрлөрүнүн техникалык негизи болуп саналат: тиешелүү көнүгүүлөр спорттун ар кандай дисциплиналарынын өкүлдөрүн даярдоодо программаларына кошулат. Гимнастика белгилүү бир техникалык тажрыйбаларды гана бербестен, күч-кубатты, ийкемдүүлүктү, чыдамдуулукту, тең салмактуулук сезимин, кыймыл-аракеттердин координациясын иштеп чыгат.

Гимнастикалык аттын үстүндө ойноо
Гимнастикалык аттын үстүндө ойноо

Прикладдык спорттук гимнастикага аскердик эркин көнүгүүлөрдүн топтому таандык, муну аскер кызматкерлери күн сайын аткарышат, негизинен эртең мененки көнүгүүлөр мезгилинде. XX кылымдын башталышына чейин ушул сыяктуу көнүгүүлөр комлекси «аскер гимнастикасы» аталып, бардык армия жана флоттордо колдонулган.

Көркөм гимнастика

Көркөм гимнастика — спорттун түрү, музыка менен түрдүү гимнастикалык жана бий көнүгүүлөрүн буюм менен (секирме, алкак, топ, чокмор, лента) же буюмсуз аткаруу.

Акыркы учурда дүйнөлүк таптагы (класстагы) мелдештерде буюмсуз аткаруулар өткөрүлбөй келет. Топтук (тайпалык) аткарууларда бир убакта буюмдун эки (мисалы, алкак жана топтор) же бир түрү (беш топ, беш түгөй чокмор) колдонулат. Жеңүүчүлөр бир нече мелдештерде (орусча многоборье), өзүнчө түрлөрүндө жана топтук көнүгүүлөрдө аныкталат.

Көркөм гимнастикадагы тасма менен көнүгүү
Көркөм гимнастикадагы тасма менен көнүгүү

Эстетикалык гимнастика

Эстетикалык гимнастика боюнча мелдештерге топтор гана катышат. Топтун сандык курамы катышуучулардын жаш категориясы боюнча аныкталат. Килем үстүндө бир убакта 6дан 10го чейин «аялдар» категориясындагы гимнастчылар чыга алышат, ал эми кенже курактык категориясында «14-16 жаштагы юниор кыздардан» 6дан 12ге чейин гимнастчылар.

Командалык гимнастика

Командалык гинастика, 20 жыл бою гимнастиканын негизги түрү болгон Скандинавияда жаралган. Биринчи расмий мелдеш 1996-жылы Финляндияда өтүп, эми ар 2 жылда өткөрүлүп турат. Командалардын, клубтардын мелдеши үч категориядан турат: аялдар, эркектер жана аралаш командалар. Үч түрдөн турат: эркин көнүгүүлөр, мини-батуттан секирүү жана акробатикалык секирүү. Үч дисциплинанын ар бириндеги гимнастчылардын саны — 6дан 12 адамга чейин. Командалык гимнастика өзүнө эң динамикалуу гимнастикалык көнүгүүлөрдүн түрлөрүн камтыйт: топтук эркин көнүгүүлөр, акробатикалык жана таяныч гимнастикалык секирүүлөр. Буга музыкалуулук, көрүнүктүү кыймыл-калыптандыруучу багыттуулук, көнүгүүлөрдүн оптималдуу татаалдыгы таандык.

Цирк гимнастикасы

Цирк гимнастикасы партердик (манежде бекитилген аппараттардагы жана снаряддар менен болгон көнүгүүлөр) жана аба (манеж үстүндө бийик илинген аппараттардагы көнүгүүлөр) гимнастикаларына бөлүнөт; буга ылайык партердик жана аба гимнасттары.

Цирк гимнастикасынын түрлөрүнүн ар бири көптөгөн түрчөлөрдү камтыйт (колдонулган аппараттарга жана иш ыкмаларына жараша): партердик — турникте, батутта, бардык түрдөгү шакектердеги көнүгүүлөр; аба — корддо, рамкада, аба турникте, курларда жана сферада.

Акробатикалык гимнастика

Акробатикалык гимнастика өзүнө көнүгүүлөрдүн үч тобун камтыйт: акробатикалык секирүүлөр, жуптук жана топтук көнүгүүлөр.

Параллелдик бруста машыгуу
Параллелдик бруста машыгуу

Воркаут (профессионалдык эмес гимнастика)

Көчө гимнастикасы менен шартка ылайык профессионалдуу эмес спорчулар машыгат. Көбүнчөлөрү үчүн — бул кызыгуу, жашоо стили, булчуңдардын тонусун сактоо, муундардын шамдагайлыгын, ийкемдүүлүгүн өнүктүрүү ыкмасы. Мындай гимнастика менен каалаган спорттук аянтта машыгууга болот, кээ бир учурларда — жөн гана көчөдө дагы. Көчө гимнастикасында бир нече стилдерди айырмалашат: workout, паркур, freerun, швед гимнастикасы ж. б.

Эквилибристика

Гимнастикалык снаряддар

  • Шакектер — атайын тросго илинген деформацияланбаган материалдан турган эки шакекти билдирет.
  • Параллелдик брустар — өзүнө күч жана айлануу (мах) элементтерин камтыйт; спортчуга ар түрдүү түзүмдүк топтордон максималдуу элементтердин санын аткарууга мүмкүндүк берет.
  • Ар кандай бийиктиктеги брустар
  • Гимнастикалык ат — темир тирөөч жана жылмышууну алдын алуучу атайын ийкемдүү материал менен капталган узатасынан созулган жыгач же пластик негизинен турат; мындай ат үстүндө машыгуу үчүн снарядга кошумча үстүнөн эки кармагыч орнотулат.
  • Туурасынан коюлган түркүк (орусча турник же перекладина) — вертикалдуу тирөөчтөрдө горизонталдуу жайгаштырылган болоттон жасалган өзөк, болот тартмалардын жардамы аркылуу бекитилет.
  • Шведдик дубалча
  • Гимнастикалык устун
  • Гимнастикалык көпүрөчө
  • Аркан
Гимнастикалык шаймандар
Гимнастикалык шаймандар

Гимнастикалык буюмдар:

  • Гимнастикалык топ
  • Хоппер (шар) — кармагычтары бар резина шары, ага отурууга болот жана жылыгып кетүүдөн сактайт; хоппердин ийкемдүү касиеттерине ылайык анын үстүндө секирүүгө мүмкүн.
  • Атлетикалык чокморлор — спорттук снаряддын түрү, координацияны, кыймыл-аракетти, функционалдык машыгууну, ошондой эле, ийинди жана арка-белди өнүктүрүү үчүн колдонулат.
  • Көркөм гимнастика үчүн чокморлор — пластик же каучуктан даярдалат (мурда жыгачтан жасалганын пайдаланган), акыркы мезгилде кармагычтары баркыт болгон чокморлорду пайдаланууга улуксат берүүдө (колдон жылмышып чыгып кетпөө үчүн); чокмордун узундугу — 40—50 см, ар бир чокмордун массасы — 150 г; чокморлор менен аткарылуучу негизги элементтер — айланалар (чоң жана кичи), тегирмендер, жонглёрдук кылуу, чимириктер жана ыргытуулар.
  • Тасма
  • Секиргич
  • Алкак
Жайгаштыруу: 2016-05-22, Көрүүлөр: 1690, Жайгаштырган: Жыргалбекова С., Өзгөртүлгөн: 2022-04-11