Жүктөлүүдө...
TYUP.NET
Катталуу Кирүү

Балдарга тиешелүү айыл-чарба жумуштары

Баш барак | Бала гигиенасы жана тамактануусу | Балдарга тиешелүү айыл-чарба жумуштары

Эгер муруңку макалаларыбызды окуй элек болсоңуз бул макаланы окуудан мурда "Балдарга жаш өзгөчөлүгүнө жараша иш бөлүп берүү" жана "Балдарды эмгекке тарбиялоо" деген макалаларыбыз менен таанышууну сунуштайбыз. Айыл чарба жумуштары негизинен эки бөлүк менен мүнөздөлөт:1.Жер иштетүү2.Мал кармоо. Жогорудагы саналып өткөн эки бөлүк боюнча ар бир ата-эне балдарына жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен бирге жөндөмүнө жараша ишке жана эмгекке тарбиялоосу, үйрөтүүсү зарыл.1.Жер иштетүүдө мектеп жашындагы балдарды жеңил жумуштарда иштетүүнү үйрөтүүсүн эске алалы. Эгерде балдардын жашына карабай оор жумуш кылдырып койсок, ал баланын жумуштан көңүлүнүн калып калуусу ушул себептен келип чыгышы мүмкүн. Мисалы: 7-8 жаштагы балдарга огородду тазалоо, суу алып келүү, гүл сугаруу же картөшкө отургузууда жардам берүү ж. б. жеңил жумуштарга тарбия берүү керек.

Же чөп чабуу учурунда чөмөлө салуу. Ал эми андан чоңоюп 14-15 жашка келгенде буудай, арпа, картөшкө сугаруу, чөп чабуу ж. б. жумуштарды аткарууга тарбия берүү керек.2.Мал кармоодо болсо, балдарды кичирээк кезинде малдын түрүнө жараша аларга кандай жакындоону, кармоону үйрөтүү керек. Балдар кичине эс тартып баштаганда, тактап айтканда 8-9 жашында малды жайытка айдоону, айдап келүүнү малдын астын (жаткан жерин) тазалоону, аларга чөп салып, сугарууну, козу, улактарды эмизүүнү, жайлоого чыккан мезгилинде кулунга ийитип, бээ сааганды акырындык менен үйрөтүү зарыл. Ал эми 14-15 жашка келип калган өспүрүмдөрдү короо сарайларды оңдоп - түзөө, малды жайлоого айдоо ж. б. жумуштарга тарбиялайбыз.

Мына ушундай жеңил жумуштарды тапшырып аларды так жана толук аткарууга тарбия таалим беришибиз керек.

Жайгаштыруу: 2016-06-09, Көрүүлөр: 677, Жайгаштырган: Э. Д., Өзгөртүлгөн: 2016-06-09, Тарыхы
Талкулоо Оңдоо/Толуктоо
Сайтка жарнама жайгаштыруу